Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

РАМСФЕЛД “ТӨӨ БАСТЫДА” КАЛДЫ


Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд америкалык администрациянын Ирактагы саясатын сындагандар терроризмге каршы күрөштү кыйындатып жатат деп эсептейт. Анын айтымында, Вашингтон өз алдына койгон максаттарынан кайтпайт. Иракта болсо, Рамсфелддин баaсында, абал мындан беш-алты ай мурдагыга караганда алда канча жакшырды. Пентагондун башчысы өткөн аптада Иракта жана Ооганстанда болуп кайткан эле.

Өткөн аптада демократ-конгрессмен Дэвид Оби президент Жорж Бушка атайын кат жөнөтүп, Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд менен анын биринчи орунбасары Пол Вулфовицти Иракта кетирген одоно каталыктары үчүн кызматтан четтетүүнү талап кылды. Мындай кадам,конгрессмендин кебине ылайык, азыркы администрациянын Ирактагы саясатына кайра ишеним жаратат эле. Оби отуз төрт жылдан бери конгрессте иштеп, Вьетнам согушун жана Уотергейт жаңжалын баштан кечиргенин, бирок америкалык коомчулуктун азыркыдай ич ара бөлүнүп-жарылганын көрө электигин белгиледи.

Рамсфелддин саясий зоболосу төмөндөп баратканын кала берсе анын тарапкерлери да танышпайт. Өкүлдөр палатасынын мурдагы спикери, Рамсфелддин бейырасмий кеңешчиси Ньют Гингрич аскерий мекеменин башчысы азыр америкалыктар арасында мурдагыдай алымдуу болбой калганын ырастады. Сенатор-демократ Жэк Рид да ушуга маанилеш пикирин билдирди. Пентагондун сынчыларын Ирактагы операциялар улам көп каражат талап кылып, бирок анын реалдуу акыбети көрүнбөй жаткандыгы кыжаалат кылууда. Мындай маанайды эмдиги жылдагы шайлоодо демократиялык партиянын атынан президенттикке кандидат болууга умтулган талапкерлер пайдаланып калгысы келишет.

Рамсфелд өзү сын-пикир дегенге дегеле каршы эмес, бирок ал жүйөлүү жана негиздүү болушу керек деп эсептейт. Америкалык саясатчылардын арасындагы азыркы ички талаш-тартыштар, анын ишениминде, террористтерге натуура ишаара болуп бериши ажеп эмес, Кошмо Штаттары алдыга койгон максаттарынан баш тартышы мүмкүн деген бүтүмгө түртүшү ыктымал. Бирок америкалыктар жана анын союздаштары баштаган иштин толук өтөлүнө чыгат. Коалицияны Ирактагы миссиясынан эч нерсе - саботаж болобу, буктурмадан ок аткан снайперлер же террористтер болсун, эч ким айныта албайт, деп билдирди Рамсфелд. Хуссейндин режими талкаланды, эми ал кайра бийликке келе албайт. Коалиция мурдагы режимдин жогорку даражалуу 55 төбөлүнөн кырк экисин колго түшүрдү же жок кылды. Ошол эле учурда Пентагондун башчысы Иракта кыйынчылыктар жок эмес, бар экенин да моюнга алды. Атап айтканда, коопсуздук жагдайы дале ойдогудай эмес. Көп кишилер жумушка муктаж. Мындан тышкары өлкөдө суунун каатчылыгы сезилүүдө. Бирок ушул өңдүү кыйынчылктар менен проблемаларга карабастан, Рамсфелддин сөздөрү боюнча, ирактыктардын абалы азыр мындан төрт же беш ай мурдагыга караганда алда канча жакшы.

Рамсфелддин атына айтыла баштаган сындарды кабыл албагандар да аз эмес. Вице-президент Дик Чейнинин мурдагы саясий консультанты Мэри Маталин, мисалы, президент Буш баштагыдай эле Пентагондун башчысына ишене тургандыгын белгиледи. Ал эми белгилүү публицисттердин бири Улиям Кристолдун пикиринде Рамсфелд Ак үйдөгү айрым кеңешчилерге жакпай калды, ошонун айынан акыркы аптада аны айрым күчтөр “төө бастыга” ала баштады. Кристол өзүнүн бир макаласында администрациянын Ирактагы саясатына колдоо билдирди. Рамсфелд болгону өз позициясында бекем турган көкжалдыгы үчүн көбүнө жакпай баратат, деп көрсөтөт Кристол.

XS
SM
MD
LG