Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:58

“ЮКОСтун” БАШЧЫСЫ МИХАИЛ ХОДОРКОВСКИЙ КАРМАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага http://gdb.rferl.org/A04D9C64-8597-4723-BD15-F604D2988F51_w203.jpg 25-октябрда Новосибирск шаарында Орусиянын "ЮКОС" компаниясынын башчысы Михаил Ходорковский кармалып, дароо Маскөөгө жеткирилди. Расмий маалыматтар боюнча, ал жөн гана суракка чакырылды, бирок өлкөнүн эң бай адамын кармап, күч менен суракка алып келүү - катардагы окуяга жатпайт.

Орусиянын башкы прокуратурасынын айтымында, М.Ходорковский 24-октябрда суракка чакырылган, бирок прокуратурага келген эмес, ошондуктан прокуратура аны күч менен алып келүү тууралуу чечим кабыл алды. Олигархтын жеке менчик учагы 25-октябрда эртең менен Новосибирск шаарына конуп, май куюп жатканда, Ходорковский кармалып, атайын рейс менен даооо Маскөөгө жеткирилди. Прокуратуранын мынчалык тездиги кимди болбосун ойлонтпой койбойт.

Үчүнчү жана 9-октябрда Маскөө алдындагы Жуковка айылында жайгашкан жана "ЮКОС" компаниясына таандык бир нече ишканада тинтүү жүргүзүлүп, алардын финансы кагаздары конфискацияланган. Алар текшерилгенден кийин, башкы прокурордун орун басары Юрий Бирюков суракка Ходорковский өзү чакырылат деп билдирген. Бирок чатак ага чейин эле башталган. 20-июнда прокуратура кылмыш ишин ачып, бир кезде сатылып, кийин кайра өкмөткө өткөн "Апатит" ишканасынын акциялары жоголгон деп чыгып, 2-июлда "ЮКОСтун" жетекчилеринин бири Платон Лебедевди камакка алган. Ал кезде чет өлкөдө жүргөн Ходорковский дароо Маскөөгө учуп келип, маселе саясий деп жарыялаган: "Эң кейиштүүсү - мунун себептери таза саясий мүнөзгө ээ жана анын артында кайсы күчтөр турганын ар бир адам менсиз деле жакшы түшүнөт деп ойлойм".

Акыркы мезгилде Ходорковский Орусияда атуулдук коом курулууга тийиш деп айта баштаган жана, - кээ бир байкоочулардын айтымында, - орус бийлигине жакпаган бир-эки саясий партияга каржылык жардам көрсөткөн. Жылдын башында өткөн ири жыйында Ходорковский президент Путинге кайрылып, өлкөнүн бардык ири компаниялары менен банктарынын ишин ачык жана таза кылууга тийиш дегенде, Путин аны кагып, байлыкты силер кантип топтогонуңарды биз жакшы билебиз деп жооп берген.

"Апатит" ишканасынын акциялары тууралуу ишти карап чыгыш керек деп президент Путин прокуратурага өткөн жылдын декабрында тапшырма берген, бирок Башкы прокуратура апрел айында кылмыш ишин ачуудан баш тарткан. Ишкананын өкмөткө таандык 20 пайыз акцияларын Ходорковскийдин компаниясы 1994-жылы сатып алган, бирок кийин өзүнө алынган милдеттенмелерди аткара албагандыктан, 1998-жылы контракт бузулган, анын аралыгында акциялар башка компанияларга сатылып кеткендиктен, сот болуп, иш өткөн жылдын ноябрында аяктаган жана айып төлөнгөн. Анткен менен, Новгород облусунун губернатору Михаил Прусактын айтымында, айыптын өлчөмү акциялардын чыныгы наркына караандабайт, бирок "ЮКОСтун" адвокаттарынын пикиринде, маселени арбитраждык сот аркылуу чечкендин ордуна, бийлик кылмыш ишин ачып, дароо тинтүүлөрдү уюштурганы акылга сыйбайт. Тинтүүлөр учурунда дагы, алардын айтымында, ошол акциялар тууралуу маалымат эмес, жалпы "ЮКОС" жана Ходорковскийге каршы пайдаланышы мүмкүн болгон фактылар гана изделген.

Америкалык "Форбс" журналынын маалыматы боюнча, Ходорковский азыр Орусиянын эң бай адамы, анын байлыгы сегиз миллиард долларга жетет, дүйнөдө болсо ал 30-орунда. 1963-жылы туулган Ходорковский 1986-жылы Маскөөдө Менделеев атындагы технологиялык институтту, андан соң 1988-жылы Плеханов атындагы эл чарба институтун бүткөн. 1987-жылы ал жаштардын илимий-техникалык борборун түзүп, компьютер сата баштаган жана кийин ал борборду МЕНАТЕП деп атап, анын алдында банк да ачкан.

1995-жылы ЮКОС мунай компаниясынын акцияларынын 45 пайызы сатыкка коюлганда, аны МЕНАТЕПтин жардамы менен "Лагуна" аттуу фирма сатып алган жана кийин акциялар акырындап МЕНАТЕПке өткөн. 1996-жылы Ходорковский ЮКОСтун вице-президенти болуп, эки жылдан кийин компаниянын башчылыгына келген. МЕНАТЕП банкынын иштери болсо 1998-жылдагы дефолттон кийин начарлаган жана азыр анын Санкт-Петербургдагы филиалы гана үзүрлүү иштейт.

XS
SM
MD
LG