Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:23

РИМ- КАТОЛИК ЧИРКӨӨСҮНҮН ЖАҢЫ БАШЧЫСЫ ШАЙЛАНДЫ


Шейшемби, 19- апрелдин кечинде Рим – католик чиркөөсүнүн жаңы башчысынын ысымы белгилүү болду. Германиялык кардинал Йозеф Ратцингер Папанын тактысына Бенедикт XVI деген ат менен келди. 78 жаштагы Ратцингер өзү мураскору болуп калган мурдагы Папа Иоанн Павел Экинчиге жакын адам эле жана анын консервативдик көз караштарын бөлүшчү. Ал ошондой эле, айрымдар талап кылгандай, чиркөөдө либералдык реформалардын жүргүзүлүшүнө каршы турумду карманып келген.

Бир миллиарддан ашуун жолдоочусу бар Рим-католик чиркөөсү жаңы Папага ээ болгону шейшембиде, Бишкек убактысы боюнча кечки саат ондо маалым болду. Бул убакытта Ватикандын Папаны шайлоо жөрөлгөсү өтүп жаткан Сикстинск капеласынын морунан нукура ак эмес, бозомук түстөгү түтүн чыга баштаган эле. Эзелтен салтка айлангандай, кара түтүн Папаны шайлоо жүрүп жатканынын, ак түтүн ал шайланганын белгиси. Түтүн алгач пайда болгондон, балким, он мүнөттөн кийин Ватикандын Сикстинск капеласындагы коңгурлоордун үн салышы менен Папанын шайланганы анык болуп, аянтка чогулган миңдеген адамдар бул жаңылыкты кубаттап, кыйкырып жатышты.

Коңгуроолордун добулбасы урулгандан 35 минуттан соң Папанын үйүнүн айнегине чилилик кардинал Хосе Артуро Медина Эстивез чыгып, жаңы понтификтин ысымын латын жана англист тилдеринде жарыялады:

-Мен силердин баарыңарга чоң кубанычты жарыялайм. Биз Папага ээ болдук.

Ыйык Петр аянтына жыйналган оң миңдеген адамдар кайрадан кыйкырып жатышты. Бир аздан соң аянт көрүнүп туруучу балконго Бенедикт XVI өзү чыгып, элге төмөнкү сөздөр менен кайрылды:

-Урматтуу бир туугандар, улуу Папа Иоанн Павел Экинчиден соң кардиналдар мени, Кудайдын жүзүм талаасындагы жөнөкөй жана жупуну жумушчуну шайлашты.

Ошентип, шайланган соң Бенедикт XVI деген ысымды алган германиялык кардинал Йозеф Ратцингер Папанын тактысына Католик чиркөөсү үчүн татаал учурда келип олтурат. Анын мүчөлөрүнүн саны Үчүнчү дүйнөнүн өлкөлөрүндө өскөнү менен АКШда, Европада да азайууда. Чиркөөнүн Батыштагы көпчүлүк мүчөлөрү өзгөрүүлөрдү, анын ичинде чиркөө кызматында аялдардын ролу кеңейтилишин, төрөттү көзөмөлдөө, жубайлардын ажырашуусу өңдүү маселелерде чектөөчү эрежелердин жоюлушун талап кылууда.

Бирок Бенедикт XVI андай өзгөрүүлөргө барышы күтүлбөйт. Чейрек кылымга жакын мезгилден бери Ишеним доктринасынын Конгрегациясы деген уюмду да жетектеп келген Йозеф Ратцингер көп маселелерде келишкис консервативдик турумду карманган дин ишмери катары таанымал. Ал мурдатан салтка айлангандай чиркөө абсолюттук чындыктын булагы катары каралышын жактайт.

Айрымдар жаңы Папа Католик чиркөөсүндө 1958- жылы Папа Иоанн XXIII шайланганда башталган реформачыл кыймыл токтошунун белгиси болушу мүмкүн экенин айтышууда. Иоанн XXIIIчү эки миң жылдык тарыхы бар чиркөөнү реформалоого киришип, маселен католиктердин мессасы байыркы латын тилинде гана эмес, жергиликтүү тилдерде да жүргүзүлүшүнө жол ачкан. Бирок 1963-жылы ал дүйнөдөн өткөндөн кийин Ватикандын бул багыттагы аракети көп жандуу болгон эмес.

Немец канцлери Герхард Шрөдөр улутташы Бенедикт XVIны Иоан Павел Экинчинин "татыктуу мурскери" катары мүнөздөдү. Маркум Иоанн Павел Экинчи Папалыкка келгенде мекени Польшада чоң сый ырматка ээ болсо, Бенедикт XVIга Германияда түрдүү көз караш бар. Айтылып жүргөндөй айрым немецтер аны Ватикандан Батыштагы социалдык өзгөрүүлөргө каршы келген жардыктардын чыгышына таасири тийгени, Германиянын протестанттык Лютеран дини менен кошулуу аракеттери үчүн күнөөлөшөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG