Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

ПАРТИЯЛАР ШАЙЛООГО ШАШЫЛЫШ ДАЯРДЫК КӨРҮП ЖАТЫШАТ


Саясий партиялар регионалдык жыйындарын тездетүүгө өтүштү. Андан кийин партиялар курултай өткөрүп, парламенттик шайлоого катышууга даяр болмокчу. Ал эми мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 21-октябрда референдумда кабыл алынган Конституция күчүнө киргенден кийин жарыяланаары күтүлүүдө.

Президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпуев декабрь айына парламенттик шайлоо белгилениши ыктымалдыгын белгилеп, шайлоону дайындоонун жол-жобосу тууралуу “Азаттыкка» буларды билдирди:

-Борбордук шайлоо комиссиясы 21-октябрдагы референдумдун жыйынтыгын бүгүн чыгарат. Ал үч күндүн ичинде маалымат каражаттарына жарыяланыш керек. Ошондуктан, БШК бүгүн чечим чыгарса, жаңы Конституция эртең күчүнө кирет. Конституциянын жаңы редакциясы боюнча алтымыш күндүн ичинде шайлоо бүтүп, депутаттар сессияга чогулуш керек.

Мына ушундай шартта саясий партиялар өз ара сүйлөшүүлөрдү, регионалдык жыйындарын өткөрүүнү тездетүүгө өтсө, айрым саясатчылар өз келечегин кайсы күч менен байланыштырууну аныктоого активдүү кирише башташты. Маселен, 23-октябрда «Ак Шумкар» партиясынын мүчөлөрү Осмон Артыкбаев, Каныбек Иманалиев, Султан Урманаев, Замир Эсенаманов жана Кабай Карабековдун бул партиядан чыкканы кабарланды. Осмон Артыкбаев бул кабарды төгүндөөгө аракеттенип, бирок өзгөрүүлөр болушу ыктымалдыгын жашырган жок. Ал эми депутат Каныбек Иманалиев буга чейин оппозиция «Ата Мекен» партиясынын айланасында чогулуш керек деген пикирин билдирген эле. «Ак Шумкардын» негиздөөчүлөрүнүн бири болгон Бакыт Бешимов беш саясатчынын партиядан чыкканын ырастап, бирок оппозициялык күчтөрдүн ортосунда сүйлөшүүлөр уланып жатканын белгиледи.

«Ата Мекен» партиясы жакын арада регионалдык жыйындарды өткөрүп жатканын партиянын төрагасынын орун басары Эркин Алымбеков билдирди:

-Эми шайлоого болсо бүгүн десе бүгүн даярбыз. Мына азыр облустук конференциялар болуп атат. Анан Бишкек шаардык конференцияны өткөрөбүз. Кийинки айдын башына курултай өткөрүүгө даяр болуп калабыз.

Исхак Масалиев жетектеген коммунисттик партия да регионалдык жыйындарды, андан кийин курултайды өткөрүүгө кам көрүүдө. Партиянын лидерлеринин бири Орозбек Дүйшеев таратылган парламенттин төрагасы Марат Султанов коммунисттик партияга кириши мүмкүн деген маалыматты төгүнгө чыгарды.

Президенттик «Ак жол» партиясынын катчысы Жангроз Каниметов бүгүн партиянын саясий кеңешинин алгачкы жыйыны болоорун, анда уюштуруу иштери караларын билдирди. Ал эми шайлоого карата даярдыктар тууралуу Каниметов буларды атады:

-Биз да ушул шайлоого кандай барабыз деп,даярдык көрүп жатабыз. Экинчиден, шайлоонун убактысы белгилене элек. Ошондуктан ал маселе экинчи планда турат.

Президенттик партияга киргенин таратылган Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков “Азаттыкка» билдирди. Ошондой эле «Ак жол» партиясына 12 депутаттын киргени кабарланды.

Премьер-министр Алмазбек Атамбаев жетектеген Социал-демократиялык партия дүйшөмбү күндөн тарта шайлоого даярдык көрүү режиминде иштеп жатканын партиянын катчысы Эдил Байсалов маалымдап, жакын арада партияда жаңы инсандар, саясатчылар пайда болоорун кошумчалады.

XS
SM
MD
LG