Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ ИРАНГА 90 КҮН УБАКЫТ БЕРДИ


Амирбек Усманов, Прага Тегеран уранды аскерий максатта байытууну 90 күндүн ичинде токтотууга тийиш. БУУнун Коопсуздук Кеңеши дүйшөмбү күнү бекиткен үчүнчү резолюция Иранга ушундай талап койду. Иран өкмөтү Коопсуздук Кеңешинин талабын аткарбачу болсо, жаңы чара колдонулат. Британия менен Франция сунуш кылган резолюцияны Кеңешке мүчө 15 өлкөнүн 14ү колдоду. Индонезия калыс болду.

Жаңы кабыл алынган үчүнчү резолюция Тегерандын ядролук программасына катыштыгы бар Ирандын ырасмий адамдарынын чет өлкөлөргө чыгуусуна тыюу салат; БУУга мүчө өлкөлөрдү Ирандын ядролук программасына жооптуу адамдардын жана компаниялардын банктардагы эсептерин убактылуу тоңдурууга милдеттендирет, жарандык жана аскерий иштерге да колдонулчу товарларды Иранга сатууну токтотууга чакырат. Акыркы чара буга чейинки эки резолюцияда каралган эмес.

АКШнын БУУдагы өкүлү Залмай Хализад резолюцияны кабыл алууну оң баалап, Иран эгер Кеңештин чечимине ынанбаса, азыркыдан да күчтүү кысымга кабыла турганын эскертти жана Батыш өлкөлөрү Ирандын уранды электр энергиясын өндүрүү үчүн байытуусун колдоорун айтты:

-Ирандын ядролук энергияны тынчтык максатында өндүрүүсү эларалык коомчулук үчүн эч кандай проблема жартапайт. Биз Иран куруп жаткан реакторлору үчүн уранды өндүрүүнү каалаганын түшүнөбүз. Ага эл аралык жамаат каршы эмес. Ошон үчүн Россиянын курулуп бүтүп жаткан реакторду отун менен камсыздоосун колдогонбуз. Ирандын реакторлорун отун менен ишенимдүү камсыздоо жагын талкуулаганга даярбыз. Мындай реактор келечекте электр энергиясын өндүрүү үчүн курулушу мүмкүн.

Буга дейре кошумча Иранга каршы кошумча чара колдонууга Россия жана Кытай каршы чыгып жаткан.

Ирандын БУУдагы элчиси Мохаммад Казайи Коопсуздук Кеңеши дүйшөмбү күнү кабыл алган резолюция “эл аралык мыйзамдарга каршы” жана Кеңешке болгон ишенимге “шек келтирет” деди.

Иран жетекчилиги Кеңештин мурдакы эки резолюциясына этибар бербей, уранды байытууну токтоткон эмес. Батыш өлкөлөрү Иран уранды атомдук бомба жасоо үчүн өндүрүүдө деп кооптонот.

Коопсуздук Кеңеши 2006-жылы декбарда жана 2007- жылы мартта да Ирандын атомдук ишмердүүлүгүн токтотуу үчүн чара кабыл алып, өлкөгө ядролук технологияга байланыштуу товарларды сатууга, өкмөттүк “Sepah” банкы менен кызматташууга, Ирандын тышка каруу жарак сатуусуна тыюу салган болчу.

Иран уранды байытууну токтотпогонун, ошондой эле ядролук ишмердүүлүгүнө байланыштуу “шек туудурган изилдөөлөрдү” тактоо үчүн эл аралык инспекторлор менен кызматташуусу шарт экенин Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин директору эл-Барадейи дүйшөмбү күнү билдирди. БУУнун Коопсуздук Кеңешине 90 күндөн кийин резолюцияны Иран кандай аткарганын МАГАТЭ маалымдайт.

XS
SM
MD
LG