Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:56

Клара Кабилованын кетиши алдыдагы шайлоого таасир тийгизбейби?


5-октябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөнү жатат. “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүнүн соңку чыгарылышында ушул шайлоого даярдык маселелери жана анын алдында түзүлгөн саясий кырдаал талкууга алынып, ага БШКнын шайлоо процесстери бөлүмүнүн сектор башчысы Аманкул Молдалиев жана “Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери, ЖКнын мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаев катышкан. Бирок кечээ кечинде Улуттук телеканалдан эфирге чыкчу бул берүү көрсөтүлбөй калды. Төмөндө УТРКдан кетпей калган ошол берүүнүн толук текстин сунуштайбыз.

Азаттык: - Аманкул мырза, шайлоого азыр даярдык кандай болуп атат, 3-4 күндөн кийин өтөт, ошонун алдында БШКнын эми мурдагы төрайымы болуп калган Клара Кабилова видео кайрылуу аркылуу өзүнүн позициясын билдирип, бул кызматты өз ыктыяры менен тапшырып берди. Анын айтымында, ага президент Бакиевдин баласы Максим Бакиев менен болгон анын ортосундагы мамиле себеп болуптур. Дегеле шайлоого даярдык кандай, ушул окуя үзгүлтүккө учуратпайбы?

А.Молдалиев:- 5-октябрда өтүүчү шайлоого даярдык жайма-жай десек болот, бардык даярдыктар бүттү. Эң негизги биздин акыркы жооптуу аткара турган ишибиз - бардык участкалык комиссияларды шайлоо бюллетендери менен камсыз кылуу болчу, ушул шайлоого чейин 10 күн мурун. Анткени мөөнөтүнөн мурун добуш берчү шайлоочулар болот ар кандай себептер менен, аларды камсыз кылуу үчүн шайлоого бир күн калганда мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү уюштуруш керек. Бул эреже толук сакталды. Кодекс талабы боюнча 25 күн мурун шайлоочулардын тизмесин илип, участкаларга жеткириш керек болчу тааныштырыш үчүн, бул аткарылды. Шайлоого чейинки 10 күндө баардык шайлоочуларга кат кабарлоосун, мисалы сиз турган шайлоо участкасы бул жерде, шайлоо баланча күнү болот, келип добуш бериңиз деген чакыруу кагаздары даярдалып, бүт баарысына жеткирилди. Бул эң акыркы этабы болчу. Эгерде ушуларды эске алсак бизде шайлоону үзгүлтүккө учуратпай, толук мыйзамдын нормаларын сактоо менен өткөрөбүз деген ишенич бар.

Азаттык: - Аманкул мырза, бир нерсени айтыңызчы, Клара Кабилованын кызматтан кетиши эч кандай таасирин тийгизген жокпу шайлоонун даярдыгына?

А.Молдалиев: - Бизде БШКнын мүчөлөрү, аппараты, аппараттын жетекчиси бар. Даярдык иштердин баарысын ошол аппарат аткарат, календардык планда ар бир бөлүмгө, ар бир адамга тиешелүү аткара турган кызматтары так аныкталган. Ошол жактан алсак шайлоону үзгүлтүккө учуратууга негиз жок.

Азаттык:< - Өмүрбек мырза, башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев дүйшөмбү күнү пресс-конференция өткөрүп, ал жерде айтты, Клара Кабилованын видео кайрылуусунун негизинде кылмыш иши козголду, анын алкагында президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов жана президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиев суракка алынат деди. Ошондой эле сиздерди айтты, видео кайрылууну тараткан оппозиция өкүлдөрү дагы, анын ичинде сиз да көрсөтмө беришиңиз керек экен. Негизги суроо ушунда болуп атат, видео кайрылуу кантип сиздердин колуңуздарга тийди?

Ө.Текебаев: – Шайлоо адилет өтүш керек, анүчүн шайлоо комиссиялары, ошонун ичинде БШК көз каранды эмес болуш керек. Мыйзам чыгаруучулар алардын статусунда алардын көз каранды эместигин камсыз кылганга аракет кылган. Бирок биздин Кыргызстанда официалдуу бийлик органдары бийлебестен, ашар жолу менен бийликтин башындагылардын урук-туугандары бийлеп, көрүнгөнгө көрсөтмө берип, мына ушундай үй-бүлөлүк башкаруу системасы түзүлүп калган. Мына ошол системанын көрүнүшү, далили катары Кабилованын отставкасын айтсак болот. Кабилова өзүнүн айткан сөзүндө, президенттин баласы Максим Бакиев Кадырбеков жөнүндө чечимиңерди кайра өзгөрткүлө деп коркутуп-үркүтүп, өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келтире турган сөздөрдү айткан. Бардык органдагы адамдарга кайрылып, бул жерден өзүнүн өмүрү коркунучта калганын билген. Экинчи чети, Кадырбеков жөнүндө чечимди жокко чыгарып бийлик менен бүгүн иштеп жүрө берсе болмок. Принципиалдуу түрдө БШКнын ишине кийлигишкенге каршы болуп, өзүнүн оюн билдирип, “Мындай режим, тартип менен Кыргызстандын келечеги жок. Мен Кыргызстандын келечеги үчүн, өзүмдүн өмүрүм үчүн эле эмес элибиздин келечеги үчүн бул режимге каршы күрөшөм”, - деп отставкага кетип, Кыргызстандын чегинен чыгып кетти. Албетте баш прокурор иш козгоп, тиешелүү адамдарды Максим Бакиев менен Садыркуловду чакырып сурайбыз дейт. Сураса алар эч нерсени билбейбиз деп жооп берет.

Азаттык:- Дароо эле мен айтып коеюн, акыйкатчы Т.Акун дагы телефон аркылуу кайрылып сүйлөшкөн экен Максим Бакиев менен. Т.Акундун айтымында М.Бакиев эч убакта, эч качан К.Кабиловага бир дагы жолу телефон чалган эмес экен, коркуткан эмес экен, сүйлөшкөн эмес экен...

Ө.Текебаев: – Мына мени кыргызстандыктар угуп турат, эгерде мен жалган айтсам жалганчы деп айтышат. Кыргызстанда президент эмес, андан кичинекей чоңдордун дагы туугандары жармакташып башкарып, өзүлөрүнөн төмөн турган кызмат адамдарына буйрук берип, өз саясатын жүргүзүп келаткандыгы белгилүү. Мына Элмырза Сатыбалдиев иш козгоп, оппозиция өкүлдөрүн да сурайбыз деп атат. “Матрешка иши” боюнча чоң комиссия түзүлүп, мамлекеттик катчы башында туруп текшерип, жыйынтыгында мен эле күнөөлү болуп, өзүмө өзүм салып алгандай болуп калгам. Бул башкы прокурордун текшерүүсүндө деле аягында келип биз оппозиция күнөөлүү болуп чыгып калышыбыз толук ыктымал.

Азаттык: - Алымкул мырза, сиздердин жаны жетекчиңиздер, азыр милдетин аткаруучу болуп аткан Дамир Лисовский мырза айткан экен, Кабилованын ушул видео кайрылуусуна мен такыр түшүнбөй калдым, бизге эч убакта мындай жол ортодон, анын ичинде президенттик админситрациядан дагы эч убакта басым, кысым болбойт деп. Сиз эмне айта аласыз бул боюнча?

А.Молдалиев:– Дамир Лисовский азыр төраганын милдетин аткарып атат. Ал кишинин берген жообуна мен эч кандай комментарий бералбайм. Анткени ал киши өзүнүн позициясын билдирип атат бул жерде, менин оюмча ошондой.

Азаттык: - Мына «Ак шумкар» партиясы дагы дүйшөмбү күнү билдирүү таратты. Анда айтыптыр, өткөн жылы 2007-жылы 16-декабрында өткөн парламенттик шайлоо дагы Кабилованын кайрылуусунан кийин анын жыйынтыктары күмөн туудурат деп. Сиз айта аласызбы, ошол парламенттик шайлоо акыйкат, калыс, таза өткөн деп?

А.Молдалиев:- – Мен өзүм сыйлаган, кыргыз эли сыйлаган саясатчылардын бири Өмүрбек Чиркешович бул жерде отурат, азыр ал кишинин жанагы мамилесине абдан принципиалдуу деген баа берип атат. Ал эми өткөн жылдын декабрында шайлоонун жыйынтыгы менен «Ата Мекен» партиясы кирбей калгандагы позициясын Өмүрбек Чиркешович, ошол эле башка саясий партиялар кандай баа берип, кандай баалап жүргөнүн жалпы кыргыз эли билет ММКлар, бул килшилердин билидрүүлөрү аркылуу. Ал эми сиздин сурооңуз Кабилованын жанагыдай билдирүүсүн, мен ММКларда болгон билдирүүдөн ашык эч нерсе билбейм. Анткени ал киши менен чогуу жүргөн жерибиз жок.

Азаттык: - Аппаратта талкууланган эмеспи?

А.Молдалиев:- Аппаратка жолугуп, эч билдирүү жасаган жери жок. Маселе ошондо. Биз ошон үчүн ММКлардан алган маалыматтын тегерегинде билебиз. Башка ашык маалымат бизге берилген эмес.

Азаттык: - Өмүрбек мырза, айрым эксперттер, анын ичинде бийликтегилер да ошондой бир божомолду айтып атышат, Клара Кабилова кайсы бир күчтөрдүн, анын ичинде оппозициянын да куралы болуп калышы ыктымал деп. Анткени ушундай бир божомол бар, Кабилова менен оппозиция тыгыз иштешип туруп, анан аны кайсы бир деңгээлде, алтургай форумдарда, сайттарда чыгып атат сатып алган да болушу мүмкүн деп, И.Кадырбеков, оппозиция чоң акча берип сатып алган болушу мүмкүн деп атышат. Сиз ушундай суроолорго кандай жооп берет элеңиз?

Ө.Текебаев: - Клара Кабиловага биздин партиядан жылдырылган эки талапкер боюнча кайрылгам, биринчи талапкерибиз «Алиби» гезитинин мурунку редактору, азыркы «Ачык саясат» гезитинин редактору Бабурбек Жээнбеков жөнүндө, аны тергөөчү мыйзамсыз камап койгон. Бул маселе боюнча БШК, анын төрайымы принципиалдуу позицияда туруп беришти. Бүгүн ал тергөөчүгө каршы баш прокурор тарабынан иш козголду. Экинчи кайрылган маселе, азыр түрмөдө алты айдан бери жаткан Ишенбай Кадырбековду убактылуу 5-октябрга чейин түрмөдөн сыртка чыгарып шайлоого катышканга уруксат берүү болгон. Буга биздин мыйзам уруксат берет. БШК төрайымы баш болуп, мында да абдан принципиалдуу туруп берди. Бир добуштан И.Кадырбеков 5-октябрга чейин бошотулуп, шайлоого катышканга мүмкүндүк берилсин деген чечим чыгарды. Мына өзүңөр көргөнгдөй, 1-2 жумага убактылуу чыккан. Бул сатып алыптыр деген сөздөн алыс. Анткени шаардык кеңешке шайланган күндө деле иммунитет бербейт, аны шайлангандан эртеси каалаган күнү кайра отургузуп койсо болот. Ошондуктан мындай шек саноолор негизсиз. Бул бир гана нерсени далилдеди, И.Кадырбеков саясий себептен улам отурат. Ушунчалык чоң адамдар анын тагдырына кызыгып, БШК төрайымын өлтүрөм, жоготом дегенге чейин баргандын өзү, анан БШКнын төрайымы шайлоо жүрүп жаткан кезде отставкага кетип, өлкөдөн четке чыгып кеткендиги… Мен дүйнөдө мындай учур болгонун билбейм. Ал эми декабрдагы шайлоолор боюнча Кабилова өзүнүн приницпалдуу баасын айтат деп ишенем. Анткени бул анын кадамынын логикалык уландысы. Эгер айтылбай калган болсо ал жасаган иш жарым-жартылай болуп калат. Ал эми ал жаңылык албетте өлкөдөгү саясий абалды өзгөртөт. Ошондуктан Кабилованын жана анын жакындарынын өмүрү жана ден-соолугу коркунучта деп эсептейм. Анткени анны айттарбай койгонго, анны жаап-жашырып койгонго эбегейсиз күчтүү топтор бар.

Азаттык: - Бир маселе, Өмүрбек мырза, сиздер өзүңүздөрдүн партиянын атынан тараткан билдирүүңүздөрдө айткан экенсиздер, БШКнын мурдагы төрагалары, дегеле Кыргызстандын тарыхында дайыма басым-кысым, коркутуп-үркүтүүлөргө кабылып келатышат, Кабилова биринчи жолу ушундай өзүнүн граждандык позициясын билдирген адам болду, каш кайтарып, каяша айткан деп. Сиздердин колуңуздарда мындай маалыматтар барбы, мурдагы төрагалар боюнча дагы?

Ө.Текебаев: Шайлоодогу фальцификацияларды шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү гана жүргүзбөйт. Аны ушул кезге чейин билгендей режим, өкмөттөн баштап айыл өкмөткө чейин, мектептин директорлоруна чейин аралашып жүргүзүп келет, муну бир адам жүргүзө албайт. Ошондуктан Кабилованын бул жерде эгерде күнөөсү боло турган болсо, ошол системанын өкүлү болгондугу үчүн күнөөлү. Бирок ушул кезге чейин Акаевдин убагында, мына 2005-жылкы шайлоо март окуясынын себепчиси болгон, Бакиевдин убагында шайлоолорду өткөрүп келе жаткан бир дагы чиновник мен бул тартипке макул эмесмин, бийлик эмес, анын урук-туугандары буйрук берип, шайлоонун жыйынтыгына таасир этүүгө аракет кылгандарга макул эмесмин, зордук-зомбулукка каршымын деп, отставкага берип ачык чыга элек. Не деген генерал жигиттерибиз бар, не деген мен Кыргызстандын азаматымын, керегине жарачумун деген азаматтар бар. Алардын баары Клара Кабиловадай болуп ачык айтып чыкпастан, мына бүгүнкү күнгө чейин олтурушат. Илгерки белгилүү комедиянын каарманы айткандай, “өпкүң келсе өөп ал, тепкиң келсе тээп ал” деп турмушуна кайыл болуп бийликтин жетегинде жүрүшөт.

Азаттык: - Аманкул мырза, өткөн шайлоо боюнча дагы эле кайрылалы. Ошонун жыйынтыктары эмне себептен участкалык комиссияларга бөлүнүп, ушул күнгө чейин жарыяланбай келатат?

А.Молдалиев:- Өмүрбек Чиркешович фальцификация дегенди айтып кетпедиби. Өмүрбек Чиркешович, мен сизге мындай маселе коеюн, өткөндү коюп, алдыдагы шайлоого бардык деңгээлдеги комиссиянын курамында 20 миңден ашык адам бар. Мисалы участкалык эле комиссиянын курамын 25 адам түздү. Ушулардын үчтөн бирин саясий партиялардын өкүлдөрү түзүш керек эле. Эгерде республикада 7 активдүү саясатка катышкан партия болсо, ошонун бирөө “Ата Мекен”, “ Ак шумкар” партиясы болсо, ар бири миңден өкүлдү комиссиянын курамына киргизиш керек. Эмне үчүн киргизишпейт, эмне үчүн округдук комиссияда, эмне участкалык комиссияда партиялардын өкүлдөрү 30 эмес, 20 пайызды араң түзүп атат. Эгерде биринчи ошол комиссиянын курамын курап, ар бир комиссиянын курамына өзүлөрүнүн, андан башка добуш берүүчү, кеңеш берүүчү укугу менен өкүлдөрүн коюп, бардык участкага бардык деңгээлде комиссиялардын ишин көзөмөлгө алса, анда фальцификация азыраак болот эле дейм.

Ө.Текебаев: – Сатып алуу фальцификацияга каршы бийлик, ошонун ичинде укук коргоо органдары күрөшүш керек. Анткени аларда инструмент бар, аңдыйт, кармайт, протокол түзөт, сотко өткөрөт. Негизи БШК өзү күрөшө албайт, прокуратура, сот кошо күрөшүш керек. Мына соту, прокурору өзү чуркап, тиги партияга добуш бер деп чуркап жүргөндө адилеттүүлүк болот. Азыркы шайлоодо сиз туура айттыңыз, партиялар пассивдүү катышып атат. Биз катышкан жерлерде байкоочуларды бердик. Ал эми катышпаган жерлерге чынын айтыш керек, шайыбыз келген жок. Шайыбыз парламенттик шайлоодо болгон. Анткени ошондо ар бир участкага байкоочуларды койгонбуз. Ал жерде аларды уруп, сөгүп, кууп чыкканда, прокуратура, сот дагы бийликтин жагына ыктап туруп калды. Фальцификация дегенде биз өткөн шайлоонун жыйынтыктары тууралуу айтып жатабыз. Ал эми бул келе турган шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө 5-октябрдан кийин сөз кылабыз.

Азаттык: - Мына азыр шайлоо кодексинин өзүндө карама-каршылыктар көп деп айтып атышат. Бирөө мисалы, экинчи главада окружком тууралуу дегеле сөз жок экен. Ал жерде БШК, Бишкек шаардык, анан кийин райондук, анан участкалык. Ушул карма-каршылык кийин шайлоонун жыйынтыктарга таасирин тийгизбейби?

А.Молдалиев:- – Жок андай эмес. Кодексте абдан даана жазылган, жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлоодо райондук, шаардык комиссиялар округдук комиссиянын милдетин аткарат деп даана жазылып турат. Мына бизде 7643 депутат шайланат, ошого 2110 окуруг түзүлдү. 2110 округдук комиссия түзгөн жокпуз да биз. 60 гана округдук комиссия. Демек булар райондук, шаардык комиссиялар округдук комиссиянын милдетин аткарышат, кодексте бар, карама-каршылык эмес бул.

Азаттык: - Алымкул мырза, Клара Кабилованын отставкасынан кийин мындай деген пикирлер айтылып атат, жалпы БШКнын мүчөлөрү, дегеле жалпы БШК отставкага кетиш керек деген. Сиз кандай ойдосуз ушул боюнча?

А.Молдалиев:- – Кандай негиз менен мисалы?

Азаттык: - Мындай деп айтып атышат, буга чейинки шайлоолор дагы ушундай чоң кысым, басым менен өтүп келсе, демек чоң күмөн саноолор бар, элдин эркин бурмалоо деген нерселер болуп келген экен деп атышат.

А.Молдалиев:- – Отставкага кетиш керек деген ар бир адамдын өзүнүн эрки. Ошол кишинин пикири болуш керек. Мисалы отставкага кетүүгө БШКда азыр негиз жок. Эгерде шайлоо комиссиянын мүчөлөрү отставкага кетсе, анда алдыдагы шайлоону жокко чыгаралы деген гана максат, же болбосо негиз жок.

Азаттык: - Мындан ары окуя кандай өнүгүшү мүмкүн? Дегеле мамлекеттин жетекчилиги ушул окуяга байланыштуу кандай чечим кабыл алыш керек?

Ө.Текебаев: – Бакшы прокурор атасы баласы үчүн жооп бербейт деп президент Бакиевди жоопкерчиликтен четтеткенге аракет кылды. Балким ал кылмыш кодексинин алдында жооп бербейт, бирок моралдык саясий планда жоопкерчилиги бар. Мен ойлойм, президент андай жоопкерчиликтен качпайт болуш керек. Бул окуя парламенттик шайлоолордун жыйынтыгына шек алып келип, аны мыйзамсыз деп элди ого бетер ишендирди. Бакиев өзү айтып жүргөндөй, 2005-жылдагы парламенттик адилетсиз шайлоолор негиз болду. Мына ошентип жаңы бийлик эски бийликтин катасын оңдогондун ордуна аны андан ары өркүндөтүп, тереңдеткендиги далилденди. Эгерде Кабилова өзүнүн кадамын андан ары улантып, парламенттик шайлоолор кандай өткөндүгү тууралуу билдирүү жасаса, бул өлкөдөгү саясий абалды кескин өзгөртүшү мүмкүн.

Азаттык: - Сиздердин кабарыңыздар жокпу, балким ошондой кайрылуу жасайбы, жасабайбы?

Ө.Текебаев: – Мен жана айткандай жасайбы, жасабайбы деген кызыкдар адамдар көп, далай топтор издеп аткан болсо керек. Балким бир тарабы ушуну тез арада жаса деген болсо, экинчи тарабы айтканыңдын баарына макул бололу, ушуну жасабай эле кой деп көндүргөнгө, коркутканга аракет кылышы мүмкүн, же таптакыр жоголуп кеткенге аракет кылышы мүмкүн.

А.Молдалиев:- - Өмүрбек Чиркешович, ошондой билдирүү жасаган күндө дагы эмненин негизинде жасалды деген дагы суроо козголобу. Кайсы негизде, кайсы протоколдун, кайсы документтин негизинде жасап атат деген да суроо болот да?

Ө.Текебаев: – Протоколдор жетиштүү. Бирок Кабилова ошондой ой-пикирин айтса, аны эч кандай сотто, прокуратурада тастыктагандын кереги жок. Бул абдан чоң моралдык документ болот. Андан кийин бүгүнкү бийликтин бийликте отурганга толук укугу жок болот. Менин оюмча, эл өзү андай талапты койгонго толук мүмкүнчүлүк алат. Мен март окуясын эсиңерге салгым келет.

Азаттык: - Элмурза Сатыбалдиев өзүнүн пресс-конференциясында айтты, эгер Клара Кабилова биз менен байланышып, өзү көрсөтмө берсе түздөн-түз ошондо гана жабырлануучу деп эсептелет деп. Видео кайрылуу түздөн-түз прокуратурага, башка органдарга кайрылуусу катары кабыл алынбайбы?

Ө.Текебаев: – Биринчиден, кабыл алынат. Прокурор шашмалык кылып 2-3 күн мурун ушинтип жарыялаган. Бүгүн өз катасын оңдоп видео кайрылуудагы кээ бир пункттар боюнча иш козгоп отурат. Ал эми Кабилова өзү келип бизге арызын берсин дегени жанагы жомоктогу карышкыр улакты эптеп жанына алып келгенге аракет кылгандай эле көрүнүп атат мага.

А.Молдалиев:- – БШК комиссиясынын мүчөлөрү азыр деле акыркы отурумун өткөрүп, даярдыктар боюнча маалыматтар алынды, толук ишендирип кеталам 5-октябрда шайлоо баардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларды кодекстин нормаларын, талаптарын сактоо менен өткөрүлөт деп.

Азаттык: - Аманкул мырза, азыр тергөө иштеринин алкагында БШКнын мүчөлөрү дагы, кызматкерлери дагы менимче айрым бир көрсөтмөлөрдү берип атса керек. Ошол тоскоолдук кылбайбы?

А.Молдалиев: – Менин өзүмө жеке келип көрсөтмө берип, бул маселе боюнча эч ким кайрылган жери жок. Башка билбейт экемин.

Азаттык: - Рахмат сиздерге.

Берүүнү алып барган Кубат Оторбаев.
XS
SM
MD
LG