Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Баткенде өлкө президентинин саясатын колдоого чакырган үгүт кербени жүрдү


Бир жумага созулган бул үгүт кербенин Жогорку Кеңештеги «Ак жол» фракциясынын депутаты Алмаз Каримов жетектеп, баткендиктерди Бакиевдин саясатын колдоого чакырган үгүт иштерин жүргүздү. «Акыйкат үчүн» кыймылынын Баткен облустук бөлүмүнүн башчысы Бакир Имаров болсо бул үгүт кербени баткендиктерди бүгүнкү бийликтин саясатын колдоого үгүттөбөй эле кайра элдин кыжырын келтиргенин айтат. Анын айтымында, электр кубаты өчүп, көмүр баасы асмандап турганда ырчылар эмес өкмөт башчысы өзү келип ырдап берсе да көпчүлүк баткендиктер мындан ары Бакиевдин саясатын колдой албайт. “Тескерисинче бийликтин бул амалынан кийин “Акыйкат үчүн” кыймылына мүчө болууну каалагандардын саны көбөйгөнү байкалууда”, - дейт Бакир Имаров.(JsA)

XS
SM
MD
LG