Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:04

Орусия мигранттарга квотаны азайтты


Федералдык миграция кызматынын офицери эмгек мигранттынын документтерин тешкерүүдө.
Федералдык миграция кызматынын офицери эмгек мигранттынын документтерин тешкерүүдө.

Орусияда чет элдик жумушчу күчүн пайдаланууга чек коюу жөнүндө өкмөт токтом чыгарды. Премьер-министр В. Путин экономикалык кыйынчылыктарга байланыштуу ал чараны убактылуу мүнөздө деп эскертти.

Чет элдик жумушчу күчүнө бөлүнгөн квотаны бери дегенде жарым эсеге кыскартуу жөнүндө демилгени Путин 4-декабрда айтып чыккан. Үч күндөн кийин ал токтомго айланып, күчүнө кирди.

5-декабрда Москва алдындагы шаарча Жабкинодо эки тажик гастарбайтерге кол салуу болуп, бири бычак жеп, бирок качып кутулуп кийин ооруканага түшүп, экинчисинин (фамилиясы Азизов экен) башы жок денеси табылган.

Бул, демейде айтылып келе жаткан, Орусиядагы он миллиондогон мигранттар же гастарбайтерлер менен жер-жерлердеги улутчул жааттар кармашынын бир көрүнүшү. Бирок бул жолку киши өлтүрүү бийликтин айгакчы болушунан улам болду дегендер бар. Кремлдик партиянын жаштар тобу «Жаш гвардия» мурдараакта гастарбайтерлерди өлкөдөн кууп салуу демилгесин көтөрүшкөн. Жүрүш да жасашкан.

Абалдын чынында оор экенин Кыргызстандан келип полиграфияда иштеп аткан Акматбек Асанов айтат:

«Акыркы бир ай ичинде кыргыз мигранттар үчүн аябай кыйын турмуш башталды. Менин курулуш жагында иштеген классташтарым телефон чалып айтышат: ар күнүнө 50 мигрантты жумуштан бошотуп атышыптыр. Жашаган үйүнөн да күнүнө бир-экиден улан такыр кетип атканын же айлыктары кечигип атканын айтышты».

Анализчилер арасында кепте болсо бийликтин гастарбайтер үчүн бөлүнгөн орундарды кыскартышы деле өлкөдө пайда болгон каржылык кризистен келип чыккан экономиканын кедеринен кетишин оңолтуп ийбейт. Эмгек мигранттары алып келип аткан арзан инвестиция кайра Орусиянын ирденүүсүнө тээк болуп атат. Дагы бир божомолдо канча тыюу салынбасын мурдагы советтик республикалардан жумуш издеп келүү улана берет. Ага орус тилин билүү жана визасыз келип-кетүү шарт түзөт. Бир гана жери иш бергендер мурдагысынан аз төлөгөнгө өтөт.

2-декабрь күнү Екатеринбург шаарында «Зеленная роща» аталышта курулушта иштеген тажик мигранттарынын иш таштоосу болду. Ал алакан акысын өндүрүп алуу максатта жүрдү. Бирок андай иш таштоонун мурда эле болуп келгенин ошол аймактагы тажик диаспорасынын жетекчиси Фарух Мирзоев айтат:

«Мен муну кризис менен эч байланыштырбайм. Эмне дегенде ал тез-тез болуп турат. Бирок азыр шылтоо табылып, кокуй иш берүүчүлөр жумушчуларды алдоо максатта ушинтти».

Бул күндөрү жарык көргөн басылмалар жоголгон тажиктин башын Москванын батышынан, так айтканда, Можайский округунан табышканы туурасында жазышты. Аны, бери дегенде, 20 чакырым алып келип Москванын акыр-чикир төкчү үкөгүнө салып кетишкен экен. Баса, баш кескендер өздөрүн «Орус улутчул күжүрмөн уюму» - деп аташкан. Ырасмий булактар андай уюмдун бар экенинен күмөн санап турушат.

Орусиялык журналиситтер жааты айтканга Караганда, ашынган улутчулдар мындай кадам менен өңү бурууларды жек көрүүсү дагы эле күч экенин ырастады. Кайсы бир анализчилер улутчулдар ушинтип, бийликтин жүргүзүп аткан мигранттарга карата саясатына колдоо көргөздү дешсе, кай бирлери – бийликтин чабал иш жүргүзгөндүгүнө тишин кайроо болду дешет.

Amnesty International жазганга караганда “кийинки 10 ай ичинде Орусияда жек көрүүчүлүк же расизм маанайда кол салуудан 114 киши көз жуумп, 357 киши жарадар болушкан».

XS
SM
MD
LG