Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

«Досум, сакта мени, бычактап кетишти…»


Сыргак Абдылдаев Бишкектеги 4-ооруканада реанимацияда жатат
Сыргак Абдылдаев Бишкектеги 4-ооруканада реанимацияда жатат

«Репортер Бишкек» гезитинин саясий баяндамачысы Сыргак Абдылдаевдин абалы дагыле оор бойдон калууда. Дарыгерлер журналисттин абалы бираз жакшырып, жалпы палатага которулса дагы операция жасала тургандыгын билдиришти. С.Абдылдаев менен чогуу иштегендер аны өлтүрүү аракети кесибине байланыштуу экенин айтышууда.

3-март күнү болжол менен саат алтыларда Сыргак Абдылдаев “Репортер Бишкек” гезитинин кеңсесинен өз иштери менен чыгып кеткен. Басылманын башкы редактору Турат Акимов аны менен бир сааттан кийин иш боюнча сүйлөшкөн.

- Анан өзү айтты эле. “Аркамдан мени аңдып жатышат”, деп. Биз көңүл бурбай тамашага айлантып койдук. Мурда УКК кызматкери болгондуктан кесиби жагынан андай байкагычтыгы бар болчу. Тамашалап ошону менен калганбыз. Бир сааттан кийин мен чалып: “Сыргак интервюң чала экен, бүтүр мунуңду”, десем “эртең жасайынчы”, деди. Макул деп эртең менен жасамак эле. Анан 5 мүнөттөн кийин өзү, 5 мүнөтпү, 10 мүнөттөн кийин чалды го. “Досум, сакта мени, бычактап кетти мени, ушул жердемин”, деди.

“Репортер Бишкек” гезитинин кызматкерлери төмөн түшкөнчө “тез жардам” машинеси келип, оор жарадар Сыргак Абдылдаевди Бишкектеги 4-ооруканага жеткиришкен. Оорукананын башкы дарыгери Рамис Үсөнбеков оор жарадар болгон Сыргак Абдылдаев кечки саат 8.20 жеткирилгенин билдирди.

- Тааныбаган кишилер сабаган. Андан мээси чайкалып, эки сөөгү тең сынган, катуу урганда сөөгү сынып, териси айрылып кеткен. Анан ылдый жагында балтырына 21 бычак сайылган. Азыр жараатынын баары тазаланып бүттү. Колуна азырынча гипс салып койдук. Кийин өзүнө келип, абалы дурус болгондо эки колуна тең операция болот. Сөөктөрүнө операция болот. Мээси чайкалып, териси айрылып, оор абалда келди. Азыр абалы оор, бирок стабилдүү.

Сыргак Абдылдаевди бычактап кетүү боюнча кылмыш иш ачылып, тергөө башталганын Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын ага инспектору Рахматулла Ахметов кабарлады.

- Алып барылган кезде оор абалда болгондуктан ал кишиден суроого мүмкүнчүлүк болгон жок. Азыр Ички иштер министрлигинин Бишкек шаар башкармалыгы кылмыш иликтөө топтор түзүлгөн. Алар өз иштерин жүргүзүп жатат. Кандайдыр бир версия чыга элек, алар чыкканда коомчулукка жеткирүүгө аракет кылабыз.

“Репортер Бишкек” гезитинин уюштуруучусу Султан Каназаров көпчүлүктүн көзүнчө белгилүү журналистти бычактап, эки колун сындырып, бутуна бычак сайып өлтүрүү аракети эркин басма сөздүн сесин алып коюу, эскертүү деп эсептейт.

- Мисалы, ушундай фактыларды биздин редакцияга, гезитке карата басым катары баалайбыз. Бизге расмий таасир кылуу өтпөй калгандан кийин ушундай бейрасмий жолдорго өттүбү деген ой бар. Биз ким экенин айта албайбыз. Мисалы, Сыргак Абдылдаев азыркы бийликти сындаган макалаларды жазчу. Биздин бир журналист Хабира Мажиева деген журналистибиз Швециядан саясий башпаанек алды.

Кемин токой чарбасына байланышкан бүдөмүк иштерге кызыккан журналист кыз карабашын калкалап чет өлкөдөн башпаанек алууга мажбур болгон. С.Каназаров редакция кызматкерлеринин өмүрү менен коопсуздугу 3-марттагы кол салуудан кийин аны катуу ойлонтуп жатканын жашырган жок. С.Абдылдаевге кол салууну эларалык журналисттерди коргоо комитети айыптап, күнөөлүүлөрдү кыргыз бийлиги тез арада таап жазалашын талап кылды. Ушундай эле билдирүү менен президенттик акимчиликтин катчылыгы да чыкты. Акимчиликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов журналистке кол салуу тууралуу аркыл жоромолдордон этият болсок пикирин билдирди.

- Саясий негиз бар дегенден, менин оюмча, алыс болуп турушубуз керек.

Сыргак Абдылдаев кыйла жылдардан бери Бишкектеги орус тилдүү эркин басылмаларда саясий, экономикалык, коопсуздук маселелерин козгогон аналитикалык макалаларын жарыялап келатат.
XS
SM
MD
LG