Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:10

СДП фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов фракция мүчөсү Асылбек Жээнбековдун президенттик шайлоо мөөнөтүн аныктап берүү өтүнүчү менен Конституциялык Сотко кайрылышына байланыштуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Бакыт мырза, сиздердин фракциянын депутаты Асылбек Жээнбеков Конституциялык Сотко президенттик шайлоо мөөнөтүн аныктоо боюнча арыз бериши фракцияга белгисиз болуп калган экен. Бул фракция жана партия ичиндеги ырктын жок экендигинин далили эмеспи?

- Биз демократия принциптерине таянган партиябыз жана фракциябыз. Ошондуктан фракциянын ичиндеби, же партиядабы ар бир мүчө өзүнүн оюн айтканга толук укуктуу, аны биз сөзсүз сыйлашыбыз керек. Ошондуктан ырк кетти деген суроого айтат элем, жок. Мисалы, авиа база боюнча мен эле жалгыз каршы болдум, калгандарынын ойлорун дагы мен сыйлайм. Мен Асылбек Шарипович менен сүйлөштүм, ал айтты ошондой ойго келдим деп, бул анын укугу. Бирок бул маселени фракция талкуулаган эмес.

- Социал-демократтар партиясы бул депутатты кайра чакыртып алышы мүмкүнбү?

- Биздин фракциянын жалпы документтеринде дагы, мыйзам боюнча да эгерде депутат партиянын саясий идеологиясына каршы иш жүргүзүп атса, же жалпы фракциянын тартибинен жана саясатынан багыт албай, өз оюнча жүрсө, албетте депутатты чакырып, анын ордуна кезектеги талапкерди койсок болот, буга толук укуктуубуз. Менимче, азыркы учурда ага себеп деле жок. Анткени депутаттын укугу бар, тиешелүү органдарга тиешелүү суроолор менен кайрылганга. Бирок биз эмки жумада фракцияда бул маселени сөзсүз талкуулайбыз, анан кандай ойго келебиз мен аны азырынча айта албайм.

Дагы бир нерсени айтыш керек, мен Жээнбековго ачык эле айттым, балким бийлик менен сүйлөшүп ушундай чечимге келдиңби, ушундай сөздөр болуп атат десем, ал айтты, жок мен эч кандай Ак үй менен сүйлөшкөн эмесмин деп. Аны түшүндүрүп берди, эмненин негизинде берди. Анын ою боюнча, президенттик шайлоо качан болот экен, ошону эле Конституциялык Сот аркылуу тактап алсак болот деди. Бирок бир нерсени унутпаш керек, Кыргызстанда эки эле мамлекеттик мекеме тиешелүү мыйзамдарга түшүндүрмө бере алат – бул Жогорку Кеңеш жана Конституциялык Сот. Ошондуктан учуру келгенде биз дагы ушуга карата өз оюбузду расмий түрдө айтабыз.

- Азыр президенттик шайлоого даярдыктар көрүлө баштады деген пикир коомдо күч алып баратат. Ушундай шашылыш шайлоо өткөрүүнүн негизги максаты эмнеде, эмне түрткү берип жатат деген ойдосуз?

- Биринчиден, Орусиядан келчү финансылык жардам. Экинчиден, бийлик административдик ресурсту пайдаланайын деп атат, оппозицияны алсыратып туруп, анан жеңебиз деп атат. Бирок президенттик шайлоо качан өтпөсүн жөнөкөй болбойт. Эгерде мыйзамдын негизинде өткөрүлбөсө сөзсүз чыр-чатакка алып барат, чоң конфликтке жеткирет.

- Конституциялык Соттон шайлоо өткөрүү мөөнөтүн тактап алуу аракетинин артында оппозицияны чукул шайлоого даярдыксыз кептелтүү максаты турат деген ойлор айтылып жатат. Эгер шайлоо быйыл өтсө, оппозиция жарышка түшө албай калышы мүмкүнбү?

- Оппозиция шайлоого дайым даяр болуш керек, ошон үчүн саясатка аралашат. Бир гана нерседен чочулайм, качан шайлоо өткөндөн эмес, шайлоо кандай жол менен өтөт деген. Элдин баардыгын тынчсыздандырган эмне? Ыплас шайлоо болуп атпайбы, административдик ресурсту пайдаланып, фальцификация кылып, коркутуп-үркүтүп, анан жергиликтүү органдардын күчү менен БШКнын добуштарды бурмалап эсептөөсү болуп атат, ошол эле. Эгерде шайлоо жарым-жартылай таза өтсө, менимче, азыркы президенттин экинчи мөөнөткө өтүшү өтө кыйын болот. Ошондуктан оппозиция даярдыксыз болуп калат дегенге мен кошула албайм.

- Оппозиция бирдиктүү лидерди чыгарышы мүмкүнбү жана ошондой лидер барбы?

- Оппозиция кайсы учурда биз жеңебиз деген суроону коюп туруп, анан ошого карата жооп бериш керек. Эгерде жеңиш бир лидерди талап кылса, бир топ башка нерселерди талап кылса, мисалы кандай лидер жеңиш керек, мына ошону эске алыш керек. Эгерде оппозиция жеңишибиз керек деген ой менен аттанса, анда сөзсүз өтө салмактуу чечип туруп жасаш керек. Эгерде амбицияга берилип, мен дагы кем эмесмин деп беш-алтоо чыгып алса, менимче жеңилет. Кайсы учурда оппозициянын лидери жеңишке жете алат? Эл азыркы учурда эмне жөнүндө ойлонуп атат, ошону эске алыш керек. Экинчиден, каалайбызбы, каалабайбызбы, кырдаал ушундай түзүлүп калды, регионалдуу фактор турат. Ошону сөзсүз эске алып туруп акылдуу кадамга барыш керек. Үчүнчүдөн, көп жылдан бери мен саясатта күрөшүп атам деген ой да ишке ашпайт.

Азыркы учурда Кыргызстандын түндүгүндө дагы, түштүгүндө дагы башы көрүнгөн саясатчынын киминин канчалык мүмкүнчүлүгү бар деп туруп, ошого эсеп жасаш керек. Андан тышкары эл эмнени эңсеп калды? Таза иштеген адам керек болуп атат. Азыр кайсы жерге барбасаныздар, бүт эле коррупция деп чыркырап атат.

Экинчиден, лидер деген кишиде өзүнүн билими, тажрыйбасы менен Кыргызстанды өйдө көтөрүп, стратегиялык жагынан башкара турган касиеттер болуш керек. Эмне үчүн дегенде, майда-чүйдө саясат менен алек болгон адамдар барып туруп Кыргызстанды бир колотко тыгып коет. Чынында эле коррупцияга кирип кетпей турган, ошону өзүнүн өткөн турмуш жолу менен далидеген инсан керек болуп атат. Анан албетте тышкы факторду эске алыш керек. Азыркы дүйнөнү жакшы түшүнгөн, билген, ошого карата Кыргызстандын саясатын багыттай турган адам керек. Муну мен өзүм ойлоп чыккан жокмун, өткөндө Нарынга барып куду ушул ойлорду уктум, эгерде ошондой адамга басым жасасак, эл өз ыктыяры менен акчасы жок эле ошондой адамга иштейт.

- Укуктук жактан алганда Кыргызстан бир карма-каршылыкка кептелгени турат. Эгер быйыл президенттик шайлоо болсо, жаңы Конституция боюнча президенттин биринчи мөөнөтү болушу мүмкүнбү, же экинчи мөөнөт болуп саналабы?

- Бул экинчи мөөнөт болуп эсептелет. Эч кандай биринчи мөөнөт деп эсептелбейт. Бирок ошондой ойлор бар. Ошондой бөйрөктөн шыйрак чыгарышы ыктымал. Бирок бул одоно жол менен мыйзамды бузуу болот. Ага биз мындай баа беришибиз керек, бул мамлекетке карата жасалган өтө чоң кылмыш, бийликти одоно жолу менен басып алуу деген. Ошондой кылып эсептеп туруп, сөзсүз ошондой жолго барган адамдарды мыйзамга жараша соттош керек.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG