Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Максим Кулешов психтердин арасына жаткырылды


Укук коргоочулар Бишкекте тажабай саясий акцияларга такай чыгып жүргөн Максим Кулешовду милиция кармап кетип, күчкө салып психикалык ооруканага жаткырып койду деп коңгуроо кагып, аны бошотуу талабын коюп жатышат.

Укук коргоочу Назгүл Турдубекованын маалыматы боюнча, Максим Кулешов милиция кызматкерлери тарабынан зордук менен Республикалык психикалык ооруканага жеткирилип, учурда ага ар кандай дары-дармек берилип жатышы ыктымал.

Максим Кулешов Кыргызстанда саясий акцияларды тажабай такай өткөрүп турган жаран катары таанымал. Ал соңку жолу 4-мартта Ак үйдүн алдында “Жетишет, шүмшүк!” аттуу акция өткөрүүнү пландаштырып жатканда кармалган.

Айрым маалыматтарга караганда, аны акцияга келе жаткан жерден милиция кармап кеткен. Ошондон бери Максимдин телефону өчүрүлгөн, үйдөгү телефону дагы жооп бербейт. Укук коргоочулар Максим Кулешовдун дайын дарегин сурап билүүнү өтүнүп акыйкатчы Турсунбек Акунга да кайрылышкан.

Бишкектин Биринчи май райондук милиция бөлүмүнүн кызматкери майор Бекмуратовдон бир күн мурда алынган маалыматка караганда, Максим Кулешов кармалганы анык. Анын жанында кошо жүрүп кармалган шериги М. Голованов дагы убактылуу камакта.

Азыркы учурда укук коргоочулар Бишкектеги психоневрологиялык диспансерге барып, андан кийин ИИМдин жетекчилиги менен жолугуп сүйлөшүп, Максим Кулешовду бошотууну талап кылганы жатышат.

Соңку түшкөн маалыматтарга караганда, психикалык оорукананын дарыгерлери Максим Кулешовду текшерип көрүп, анын акыл-эси нормалдуу, аны кармоого медициналык негиз жок деп табышкан. Бул жөнүндө акыйкатчынын аппарат кызматкери билдиргенин укук коргоочу Дмитрий Кабак кабарлады.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG