Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Пакистанда 12 талиб эркиндикке чыкты


Сватта талибдер менен элдешүүдөн кийин кыздардын мектеби кайра ачылды, 19-феврал, 2009
Сватта талибдер менен элдешүүдөн кийин кыздардын мектеби кайра ачылды, 19-феврал, 2009

Пакистанда шарият мыйзамы жаңы киргизиген коогалуу Сват аймагында 12 талиб эркиндикке чыкты. Бийликтер бул кадамын "жергиликтүү көйгөйдү жергиликтүү чаралар менен чечип жатабыз" деп түшүндүрүүдө. Батыш өлкөлөрүн мындай чара Сватты исламчыл террористтердин уюгуна айландырат деп тынчсыздандырышы мүмкүн.

12 талиб 7-мартта түнүндө, Түндүк-Батыш чек ара провинциясынын бийликтери менен талиб жана исламчылардын өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүдөн кийин бошотулду. Сваттын комиссары Сыед Мохаммад Жавед Ройтерс агенттигине бул кадам "талибдердин талабы жана элдешүү ишараты" экендигин билдирди.

Сват Түндүк-Батыш Чек ара провинциясында жайгашып, Ооганстан менен чектешет. Бир кезде Пакистандагы туристтик аймак болгон Сват бүгүн талибдердин көзөмөлүндө. 16-февралда бийликтер алар менен тынчтык келишимине кол койгон, анын негизинде аймакта шарият мыйзамы киргизилген. Талибдер бул үчүн согушун биротоло токтотууга макул болгон, кыздардын мектепке кайтып келишине уруксат берип, ошондой эле өз туткунундагы өкмөт өкүлдөрүн жана аскерлерди, бардыгы болуп жети кишини бошоткон.

Жавед "талибдер эми тынчтык орнотууга өз салымын кошот" деген үмүтүн билдирди. Бирок азырынча тынчтык келишими бейкуттукту кепилдей алган жок. Элдешүүдөн бир нече күндөн кийин талибдерге каршы күрөшүп келген белгилүү адамдын үй-бүлө мүчөсүн талибдер уурдап кетип, кыйнап өлтүрүштү. Согушкерлер ошондой эле "кайгуулга алдын-ала эскертип чыккан эмес" деп, Пакистан армиясынын эки аскерин атып салышты.

Пакистандын башка аймактарында да кырдаал татаал. 2-мартта Лахор шаарында Шри-Ланкалык крикет боюнча улуттук командага кол салууда жети киши көз жумду.

– Пакистандын аймагындагы террористтик уюмдар пайдаланган же алардын көзөмөлүндөгү инфраструктура толугу менен жок кылынмайынча, террордук кол салуунун уюштуруучулары сот алдында жооп бермейинче, мындай окуялар кайра кайталанышы мүмкүн. деп эскертти. Былтыр ноябрда Индиянын ишкер борбору Мумбайдагы кандуу террордук чабуул үчүн Индия Пакистандагы террордук күчтөрдү күнөөлөгөнү маалым,- деп билдирди Индиянын тышкы иштер министри Пранаб Мукержи.

Сват аймагында исламчылар менен келишим түзүлүшү Батыш өлкөлөрүнүн тынчсыздануусун күчөтүүдө. Фарзана Шайх – Лондондогу Чатхам Хаус изилдөө институтунун Пакистан боюнча изилдөөчүсү. Ал Ооганстан, Пакистан боюнча саясатын аныктап жаткан АКШнын жаңы администрациянын ишин татаалдантып жатат деп эсептейт:

- Обаманын администрациясы Пакистандагы кырдаалга өтө тынчсыздануу менен байкоо салып жаткандыгында күмөн жок. Анткени мында аскердик стратегия гана иштебей жаткан жок, саясий пландар да бузулуп жатат.

Пакистандын президенти Асиф Али Зардари эгер Сват бийликтери согушкерлерди теске сала албаса, коопсуздук күчтөрү ишке киришерин айтууда.

XS
SM
MD
LG