Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:59

Ирина Петрушова: Казак бийлиги эркин басылмадан эмне үчүн коркот?


Республика гезитинин журналисттери Алматыдагы райондук соттун алдында нааразылык ишчара өткөрүшкөн. 8-сентябрь, 2009-жыл.
Республика гезитинин журналисттери Алматыдагы райондук соттун алдында нааразылык ишчара өткөрүшкөн. 8-сентябрь, 2009-жыл.

Жайдын этегинде Казакстан соту “Республика” басылмасын БТА банкына 60 миллион тенге (400 миң доллар) төлөп берүүгө милдеттендирген. Менчик банк “Республика” басып чыгарган макалалар анын аброюна шек келтирип, кардарлардын ишенимин кайт кылды деп ырастоодо. Басылма апелляциялык арыз берип, азыр соттун чечимин күтүп турган кез. Гезиттин башкы редактору Ирина Петрушова “Азаттыктын” Прагадагы кеңсесинде болуп, кабарчыларыбыздын суроолоруна жооп берди

- Ирина, эми гезиттин тагдыры кандай болот деп ойлойсуз?

- Прогноз жасоо кыйын. Сиз “Республика” деген бренд же аталыш жөнүндө айтып жатсаңыз, ал чыга берет. Биз 2002-жылы чыкканбыз, азыр да сөзсүз чыга беребиз. Бирок ал чакан типографиядан басылабы же менин журналисттерим айткандай, колго жазабызбы, же интернет басылма түрүндө чыгабы, азыр айтуу кыйын.

Биз азыркыдай басылма бойдон кала берүүгө аракеттенебиз. Ал эми сөз БТА банкы сотко берген “Республика.Бизнес жаңылыктары” деген гезит жөнүндө жүрүп жатса, апелляциялык сот биринчи инстанциянын чечимин өзгөртүүсүз калтырат ко деп ойлойбуз. Менимче, 60 миллион тенге топтой албайбыз. Бул абдан ири сумма. Кээ бирлер келгиле, чогулталы деп телефон чалып жатышат. Балким, акча таап, башкы редактор үчүн төлөп бере алабыз. Бирок бардыгын куткарып кала албайбыз.

- Сиздер Казакстандагы куугунутукталган алгачкы гезит эмессиздер. Демократиялык өлкө делинген, ЕККУдагы төрагалыкка даярданып жаткан Казакстанда бийлик эмне үчүн сиздерден коркот?

-Мага жакында эле Казакстандын маалымат каражаттарында жарык көргөн макалалар жыйнагын жиберишти. Казакстанда мониторинг жүргүзгөн компаниялар бар. Алар өлкөдө чыккан гезиттер кандай темаларга кызыгышаарына байкоо салышат. Ошол мониторингге көз жүгүртсөң, басмасөз негизинен Нурсултан Назарбаев жана анын сапарлары, Нур-Отан партиясы жана анын демилгелери, парламенттин бийликтеги партияга байланышкан демилгелери, өкмөттүн жалаң ийгиликтүү өткөн иш-чаралары жөнүндө жазаарын көрөсүң. Райондук жана республикалык гезиттердин 1 пайызы гана жогоруда айтылгандарды сындоого батынышат.

Сиздин сурооңузга жоопту ошол мониторингден тапса болот. Муну президент администрациясы, Нур-Отан партиясы, өкмөт жактырбайт. Балким, өкмөткө көбүрөөк жакпайт ко, себеби акыркы мезгилде бизде премьер-министр көп нерсенин демилгечиси болууда.

- Маданият жана маалымат министрлигинин жооптуу катчысы Жанна Курмангалиева "Казакстан көз карандысыздык алгандан бери бир да гезит бийликтин айыптоосу менен жабылган эмес. Бардыгы соттун чечими менен жабылган", - деп айткан. Буга эмне дейсиз?

- Иш жүзүндө бул сөздү тануу кыйын. Чындап эле бардыгы сот процесстери аркылуу жабылган. Бирок эмнегедир бийликти сындаган маалымат каражаттары, мен айткан 1 пайызга кирген гезиттер гана сотко берилип анан жабылып жатат. Мен мына азыр Варшавадан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму өткөргөн жыйындан кайтып келдим. Анда маалымат министрлигинин мурдагы жетекчиси, азыр президенттин кеңешчиси болуп иштеген Ермухамед Ертысбаев: “Мен да маалымат каражаттары менен соттошуп, гезитке 40 доллар айып пул төлөгөм” деди. Эми өзүңөр салыштырсаңар. 40 доллар жана бизге салынган 400 миң доллардын айырмасын көрүп атсаңыздар керек.

Эмнегедир эркин гезиттер гана ири өлчөмдөгү айып пулга жыгылат.

“Тасжарган” гезити 200 миң доллар, “Республика” 400 миң доллар төлөөгө милдеттендирилди. Биздин бир жылдык кирешебиз 400 миң долларды түзөт. Демек, биз бир жыл бою бекер иштешибиз керек. Негизинен, казакстандык чиновниктер акты - кара, караны - ак дегенди жакшы көрүшөт. Бирок тереңирээк каза баштасаң, бардыгы андай эмес экенин көрөсүң.

XS
SM
MD
LG