Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:30

Клинтон дүйнөнү ядролук бомбага каршы жортуулга үндөдү


Түштүк Корея. Маскачан балдар атайын ылайыкташтырылган окуу бөлмөсүндө кокус Сеулдун үстүндө ядролук бомба жарылса, ал алып келчү алаамат жөнүндө адистин сөзүн угушууда. 26-май, 2009-ж.
Түштүк Корея. Маскачан балдар атайын ылайыкташтырылган окуу бөлмөсүндө кокус Сеулдун үстүндө ядролук бомба жарылса, ал алып келчү алаамат жөнүндө адистин сөзүн угушууда. 26-май, 2009-ж.

Президент Барак Обама апрелде Прагага келгенде анын администрациясы дүйнөдөгү ядролук куралдарды кыскартуунун үстүнөн иштеп жатканын билдирген.

Шаршемби күнү АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон ядролук куралдарды жайылткан Түндүк Корея жана Иран сыяктуу өлкөлөргө каршы күрөшүү үчүн Улуттар Уюмунун бийлик укугун күчөтүүгө чакырды. Ошондой эле, Обаманын администрациясы АКШ Сенатынын Ядролук куралдарды сыноону биротоло токтотуу жөнүндөгү келишимди бекитип берүүсү үчүн бар амалын жасайт деди.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон.


Х. Клинтондун сөзүнчө, ядролук куралдардын жайылуусун токтотуу үчүн эл аралык келишимдерди күчтөндүрүү жана Атомдук энергия боюнча эларалык агенттик - МАГАТЭни мыктылап каржылоо зарыл:

- Ядролук куралдардын ушу тапта кеңири жана ылдам жайылып баратканы кооптондурат. Эл аралык коомчулук Түндүк Кореянын ядролук куралды өнүктүрүүсүнө бөгөт койо албады. Биз аны токтотуу үчүн дипломаттык жактан аракеттенүүдөбүз. Иран Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин урунды байытууну токтотуу талабын көзгө илбей, эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жатат.

Клинтон айым эл аралык келишимдерди кантип кубаттуу кылуунун жолун жана МАГАТЭ үчүн каражат кайдан алынарын чечмелеп айткан жок. Бирок МАГАТЭ азыркы шартта жакшы иштеп жатканына карабай, каражаттын жетишсиздигинен аксоодо. Натыйжада,
МАГАТЭнин жаңы башкы директору, жапон дипломаты Юкио Амано кызматына ырасмий түрдө 1-декабрда киришет.
агенттик эки жыл мурда Сириянын Израил талкалаган ядролук реакторунан жана сентябрда Тегеран өзү айткан Ирандын уранды байытуучу ишканасынан бекабар болгон. Бул АКШ Мамкатчысынын айтышынча, ядролук ишмердүүлүккө байланыштуу шектүү жайларды текшерүүгө жана Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүдөгү келишимди бузган өлкөлөрдү жазалоого МАГАТЭнин тийиштүү жабдуулары менен бийлиги жоктон улам мүмкүн болууда.

– Биз эгер МАГАТЭ ядролук куралдарды жайылтпоо режиминин тиреги болсун десек, уюмга ал жумушту аткаргандай каражат беришибиз абзел. МАГАТЭнин коопсуздук чараларын буузууларга жол бербегени жетишсиз. Тартип бузуучулар непада кармалып калса, катуу жазалана турганын билиши керек. Азыр андай болбой жатат.

Клинтон айым АКШ ушу тушта Россия менен бар атомдук куралдарын кыскартуунун үстүнөн иштеп жатканын, Стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдө оң жылыштар бар экенин да белгилей кетти. Эски келишимдин мөөнөтү 5-декабрда аяктайт.(АКШ жана Россия дүйнөнүн эң чоң ядролук державалары).
Иран президенти Махмуд Ахмединежад өлкө ортолугундагы Натанздагы ядролук ишкананын адистери менен. 8-март 2007-ж.


Ядролук куралдарды азайтуу, Клинтондун сөзүнчө, АКШнын, анын союздаштарынын же дүйнөнүн ар кайсы бөлүгүндөгү америкалык аскерлердин коопсуздугун начарлатпайт. Бул - дүйнө өлкөлөрүн ядролук куралдарды жайылтпоо боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга көмөктөшөт. Бирок АКШ ядролук корунучун азайтканы менен өлкөдө өзүнүн жана союздаштарын коопсуздугун камсыздаганга зарыл курал калтырат, деп этият эскертти АКШнын Мамткатчысы:

- Биз мына бул максатыбызга жетейли деп жаткан кезде ар кандай душманды козголтой кармоо жана өз союздаштары менен өнөктөштөрүнүн коопсуздугуна кепил өтүү үчүн Кошмо Штаттарда бекем корголгон, коопсуз жана эффективдүү ядролук арсеналы болушу шарт.

Хиллари айымдын айтышынча, президент Обама дүйнөнү атомдук бомбадан жакынкы жылдары эркин кылуу мүмкүн деп эсептебейт. Бирок Обама алаамат куралдарды азайтуу дүйнөнү коопсуз жана туруктуу кылат деп ишенет.
Түндүк Кореянын Енбенг-1 атомдук станциясы.


Мамкатчы Ак үй азыр өлкө Сенатынын Ядролук сыноолорду биротоло токтотуу жөнүндөгү келишимди бекитип берүүсү үчүн катуу аракеттенээрин да айтты. Аталган келишимге Хиллари айымдын күйөөсү Бил Клинтон он жыл мурда президент кезинде кол койгону менен Сенат бекитпей койгон. Президент Жорж Буш ага деле кайрылган эмес. Анткен менен, 1992-жылдан бери АКШда бир да жолу ядролук курал сынала элек.

Хиллари Клинтон азыр дүйнө үчүн ядролук куралга катар климаттын өзгөрүүсү да чоң коркунуч туудурганын, бул эки коркунучту бир ууч өлкөлөр гана токтото албасына көңүл бурду:

- Эларалык коомчулукка болгон ядролук коркунучтар ашыкча көбүртүлүп-жабыртылбаш керек. Алардын коркунучу өлүмгө тете жана башка климаттын өзгөрүүсү сыяктуу глобалдык коркунучтарга окшош. Биз баарыбыз алардын алдында бирдейбиз. Биз чечкиндүү жана тез аракеттенбесек, кырдаал астын-үстүн болуп, таш талкан болот.

Клинтон айым эгер бардык өлкөлөр ядролук куралдарды жайылтууга каршы күрөшүүгө макул болсо, дүйнөнү ядролук куралдан эркин кылууну көздөй олуттуу кадам ташталмак деп ишенет.

XS
SM
MD
LG