Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

Иранга каршы жаңы санкцияны ядролук беш ири держава колдоду


БУУнун Коопсуздук Кеңешинин сессиясынан бир көрүнүш.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин сессиясынан бир көрүнүш.

Ядролук ири беш держава Ирандын ядролук программасына каршы жаңы киргизилчү санкциянын долбоору боюнча орток бүтүмгө келишти.

Бул жөнүндө Мамкатчы Хиллари Клинтон шейшемби күнү АКШ Сенатына билдирди. Дүйшөмбү күнү Иран жарды уранды Түркияга жөнөтүп, ордуна байытылган уранды алууга макул болгон. Клинтон айымдын айтышынча, резолюция бүгүн БУУнун Коопсуздук Кеңешине талкууга берилиши күтүлүүдө.


Иран жаңы санкцияга кабылганы калды

Көпчүлүк талдоочулардын пикиринче, Мамкатчы Хиллари Клинтондун АКШ Сенатынын эл аралык карым-катнаштар комитетинде

Мамкатчы Хиллари Клинтон АКШ Сенатынын комитетинде сүйлөөдө. 18-май 2010

жасаган билдирүүсү Ирандын жаңы санкцияны болтурбоо аракети ийгиликке жетпегенин көрсөтөт. Клинтон айым өз сөзүндө резолюциянын долбоорун БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү (АКШ, Британия, Кытай, Россия, Франция) плюс Германия колдогонун баса белгиледи:

- Россия жана Кытай менен кызматташтыкта долбоордун катаал варианты боюнча мунасага жетиштик,- деди Клинтон.- Биз резолюциянын долбоорун (БУУнун) Коопсуздук Кеңешинде бүгүн таркатабыз деп мерчемдеп жатабыз.

Коопсуздук Кеңешинде талкууланчы долбоордо Иранга танктарды жана башка оор аскерий техниканы, согуштук кеме жана учактарды сатууга, өлкөнүн ядролук ишканалары менен кызматташкан ишкана-банктардын жаңы филиалдарын ачууга тыйуу салуу сунуш кылынат. Резолюция бекитилсе, ядррлук куралды жайылтпоо максатында Ирандык кемелерди текшерүү күчөтүлөт; Ирандын банктары аралашкан операциялар да кылдат текшериле баштайт жана чет элдик банктардагы эсеби тоңдурулган элитардык Ислам корпусунун жетекчилеринин тизмеси дагы кеңейтилет.

Россия жана Кытай да Иранга каршы санкцияга кошулду

АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Сюзан Райс.

АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Сюзан Райстын сөзүнчө, Иранды ядролук программасынан баш тарттырууга багытталган жаңы санкция буга чейин Коопсуздук Кеңеши кабыл алган үч санкцияны толуктап, күчтөндүрөт:

- Бул долбоордун максаты - биз Иранга каршы көрүп жаткан дипломаттык аракеттерди алмаштыруу эмес, колдоо. Биз дайыма Иран өз мидеттенмелерин аткаруусу жана эл аралык коомчулук менен мамилесин жакшыртуусу үчүн эшик ачык экенин айтып келебиз. Резолюциянын долбоору БУУнун Иранга каршы мурда киргизген санкцияларына негизделген жана аларды дагы кубаттуу кылат.

Иран менен кеңири экономикалык байланыштагы Кытай жана Россия бир жылдан ашык убакыттан бери Тегеранга каршы жаңы санкция киргизүү демилгесин колдобой жүрдү.

Россиянын БУУдагы элчиси Виталий Чукин АКШ демилгечиси болгон жаңы санкция карапайым ирандыктардын экономикалык абалына таасир этпегени үчүн Москва аны колдогонун айтты:

- Биз долбоор кырдаалга жарашыктуу тилде жазылды, анын тили бизге ылайыктуу жана аны биз колдоно алабыз деген ишенимдебиз. Себеби, ал (келишим) ядролук куралдарды жайылтпоо маселесине адекваттуу көңүл бурат.

Кытайдын элчиси Ли Баодонг анын өкмөтү Иран-Түркия ортосунда жетишилген уран келишимин колдоо менен жаңы санкция боюнча сунушту колдоорун билдирди:

- Азыр сунуш кылынып жаткан долбоор дипломатияга эшикти жаппайт деп ишенебиз. Диалог, дипломатия, сүйлөшүү-Ирандын (ядролук) проблемасын жөндөөдөгү мыкты жол экенинен күмөн санабайбыз.

Бразилия жана Түркиянын арачылыгы менен жетишилген дүйшөмбү күнкү келишимге ылайык, Иран жарды уранды сырт өлкөдө байытууга тийиш. (Ошол эле учурда, Тегеран маалымдагандай, Иран да уранды мурдакыдай эле 20 процентке чейин байытууну токтотпойт жана ядролук дүрмөткө жетерлик урандын корун өзүндө сактай алат). Береги сунушту былтыр 5+1 тобу жасап, обол Тегеран ага ынап, кийин жактырбай койгон.

XS
SM
MD
LG