Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Ооганстанда апийим өспөй калды, баасы өстү


Кандагардын апийими жылда ушинтип кулпунуп өсүп, дыйкандардын көзүн кубантып турат эле, быйыл ага илдет тийди. Көкнар сатып жан баккандар ач-жылаңач калчудай.
Кандагардын апийими жылда ушинтип кулпунуп өсүп, дыйкандардын көзүн кубантып турат эле, быйыл ага илдет тийди. Көкнар сатып жан баккандар ач-жылаңач калчудай.

Ооганстандын түштүгүндө быйыл апийим өспөй калды. Маң соодасына каршы күрөшкөндөр үчүн бул жакшы жышаан болду, бирок миңдеген дыйкандардын жашоо-тиричилигин өзгөрттү. Адатта апийим менен жан баккан тургундардын көбү жумуш издеп, жер которуп кете башташты. Көкнардын баасы элүү процентке өстү.

Отуз жаштагы Азиз Ахмад эки аялын, жети баласын жетелеп, Гилменд жериндеги Вашер кыштагындагы үйүн, төрт гектар жерин таштап, коңшулаш Лашкар Гах районунда мандикерлик кылганы иш издеп жүрөт. Жылына ал апийимден 25 кило көкнар кырып алса, келерки жыйым-теримге чейин үй-бүлөсүн ичинтип, кийинткенге толук жетет эле. Быйыл анын айдоо жери какырайып кургап калды, буга бир жагынан кургакчылык себеп болсо, экинчи жактан апийимге эл билбеген бир "балээ" тийди.

Гилмендден тышкары Кандагарда да ушундай абал түзүлдү. Жергиликтүү калк мунун баарын НАТОнун солдаттарынан көрүп жатышат. Суу жетпеген жылдары деле апийим минтип соолуп калчу эмес дешет.

Эл ичиндеги ушундай маанайды Улуттар Уюмунун наркозаттарга жана маң аткезчилигине каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Антонио Мария Коста да ырастап, апийимге быйыл кара көсөө түшкөнүн, мындай көрүнүш ар бир төрт жылда бирден кайталанып турган өнөкөт экенин белгиледи.

Аталган башкармалыктын Ооганстандагы өкүлү Жан-Люк Лемайе буга кошумчалап, апийим аянттарынын болжол менен отуз процентинде көчөттөр текши куурап калганын бышыктады. Калк азыр табышмактуу делинген илдет алма бактарын, буудай аңыздарын да соолутуп салбагай эле деп чочулап жатышат. Ошентсе да камтама кылган эң башкы нерсе – апийимдин баасы, ал дароо асмандап кетти.

"Кургатылбаган апийимдин баасы эле он ай мурункуга салыштырганда 57 процентке өстү. Бул, албетте, тынчсызданта турган тенденция, минтип отурса жыл этегине барып жалпы кырдаалды кескин кыйындатып жибериши мүмкүн", - дейт ал.

Апийимге тийген илдетти Лемайе талиптер үчүн гана пайдалуу болот деп эсептейт. Былтыркы жылы алардын жергиликтүү базарлардан сатып алган көкнарын байкоочулар үч миллион долларга баалашты. Жыл этегинде аларды кайра базарга чыгарып, үч эсе кымбатка соодалап, "Талибан" казынасын кыйла эле кампайтып алат болуу керек. Түшкөн пайдага алар, албетте, курал сатып алышат.

"Талиптер былтыр ар бир үйгө беш килодон салык салган, быйыл эки килодон көкнар талап кылса эле өткөн жылдагыдай киреше алат. Алар муну сөзсүз жасайт, апийимди өздөрү өстүрбөгөн соң анын мээнетин кайдан билмек эле",- дейт мурда апийим айдап жан багып, ушу тушта үйүн таштап, жумуш издеп жүргөн Ахмад.

Дүйнөдөгү бүткүл апийим өндүрүшүнүн 92 проценти Ооганстандын үлүшүнө туура келет.

XS
SM
MD
LG