Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:27

WikiLeaks сайтынын атасы Лондондо кармалды


Жулиан Ассанж
Жулиан Ассанж

Америкалык дипломаттардын жүздөгөн жашыруун кат-кабарларын жарыялап, Вашингтонду кыжалатка салган Жулиан Ассанж 7-декабрда Лондондо камакка алынды.

Швеция Wikileaks сайтынын негиздөөчүсү Ассанжды бир нече иш боюнча, анын ичинде аял зордуктады деп, Интерпол аркылуу издөө жарыялаган болчу. 39 жаштагы Жулиан Ассанж өзү эч кандай кылмыш жасабаганын, бул аны каралоого багытталган өнөктүктүн бир бөлүгү экенин билдирген.


WikiLeaks сайтынын ээси "тузакка түштү"

Австралиялык Жулиан Ассанж 7-декабрда Лондон полициясына келген жеринен камакка алынды. Кечинде шаардык сотто сурак берери, адвокаттары “Викиликстин” түптөөчүсүн күрөө пулга абактан чыгарып кетүүгө аракет кылаары кабарланууда.

Британ соту, мыйзамга ылайык, 28 күндүн арасында аны Швецияга өткөрүп берүү же бошотуу жөнүндө чечим чыгарыш керек. Ассанж Швецияда сексуалдык кылмыш жасады деп шектелүүдө. Ассанждын адвокаты Женнифер Робинсон айым 6-декабрда билдиргенге караганда, анын кардары ага коюлган айыптар менен толук тааныша элек:

- Ассанж мырза ага коюлган айыптар менен толук тааныша элек. Ассанждын күнөөсү жазылган документ ал түшүнгөн англис тилинде болушу абзел. Бул жерде анын укугу жана Адам укугу боюнча Европа конвенциясы бузулууда.

Ал эми Австралиянын премьер-министри Жулия Гиллард айым 7-декабрда журналисттерге Ассанждын өлкө мыйзамдарын бузуп-бузбаганы такталып жатканын билдирди:

- Бар маселе Швеция тараптан козголуп, соттун өкүмү чыкты. Арийне, Австралиянын федералдык полициясы өлкө мыйзамдары бузулганбы, ошону иликтөөдө. Анын негизинде Ассанждын жоопкерчилиги аныкталат.

6-декабрда Швейцариянын PostFinance банкы Ассанждын эсеби камакка алынганын билдирген. АКШ бийликтери болсо Ассанжды WikiLeaks сайтында өлкө коопсуздугуна коркунуч келтирген купуя маалыматтарды жарыялады деп, жоопко тартууга дилгир. “Викиликстин” өкүлү Ассанжды камака алууну сөз эркиндигине каршы чабуул деп мүнөздөдү жана сайт дагы бөлөк жашыруун материалдарды жарыялоону токтотпосун эскертти.

атыш альянсы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин биринчи жолу өзүн коргоо үчүн берегидей атайын план түзгөн. Ага ылайык, непада орус аскерлери басып кирсе, аларга АКШ, Британия, Германия жана Польшанын тогуз дивизиясы каршы турууга тийиш. Операцияга, гезиттин жазышынча, альянстын деңиз күчтөрү да тартылат.

WikiLeaks ашкерелеген жашыруун планга караганда, Польша ошондой эле Россиянын чабуулунан коргонуу үчүн өзүнүн деңиз портторуна АКШнын атайын күчтөрүн, аэродромдоруна болсо “Ф-16” согуштук учактарын жайгаштырууну сунуш кылган.

Жулин Ассанждын сайтынын эскертишиче, НАТО-Россия алкасына доо кетет деген чочулоодон улам аскерий планды альянска кирген өлкөлөр ачык талкуулаган эмес. Бул планды НАТОго мүчө 28 мамлекеттин жетекчилери ноябрда Лиссабондо өткөн саммитинде шаан-шөкөтсүз бекиткенин Gardian гезити өз булактарына шилтеп кабарлады.


Ырас эле, WikiLeaks кол куушуруп отурбады жана өткөн түнү Балтия өлкөлөрү менен Польшага Россиянын кол салуусунан коргоо боюнча жашыруун НАТОнун планын ачыккка чыгарды.

“Сакчы бүркүт” (Eagle Gardian) деген бу план 2008-жылы Россия Грузияга согуш ачкандан кийин түзүлүптүр. Британдардын Gardian гезитинин жазышынча, Б

XS
SM
MD
LG