Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Рашод Камалов камактан бошотулду


Бул тууралуу Кара-Суу шаарынын имамы Рашод Камалов өзү “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Анын айтымында, ага карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү кечээ күнү Свердлов райондук сотунда болгон. Натыйжада толугу менен акталып, сот залынан бошотулган. Камаловду 18-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук милиция кызматкерлери “Манас” эл аралык аба майданында кармап, Кылмыш кодексинин 166-беренесине ылайык “көз боёмочулук кылган” деп шектелип жатканын билдирген. Шаардык милиция тараткан билдирүүгө ылайык, Камалов өзбекстандык эки жарандан Сауд Арапстанга виза ачып берем деп ар биринен 6300 доллардан алган. Рашод Камалов мындай айыптар негизсиз экенин айтып, бул тек гана диний аалымдардын эл алдындагы беделин төмөндөтүү аракети катары сыпаттаарын кошумчалады. (ES)

XS
SM
MD
LG