Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:27

Ыңкылап: Мысырда бийлик тизгини Мубарактан аскердик кеңешке өттү


Ыңкылапчылар өз жеңишин шаттана майрамдоодо. Каирдин "Тахрир" аянты. 2011-жылдын 11-февралынын кечи. REUTERS/Dylan Martinez.
Ыңкылапчылар өз жеңишин шаттана майрамдоодо. Каирдин "Тахрир" аянты. 2011-жылдын 11-февралынын кечи. REUTERS/Dylan Martinez.

Мысырдын президенти Хосни Мубарак элдик толкундоолордун натыйжасында 11-февралда бийликтен кетти. 18 күндөн бери Мубарактын кызматтан дароо чегинишин талап кылып египеттик ар кыл шаарларда жыйын куруп жаткан демонстранттар шаттанууда. Эл аралык коомчулук өкүлдөрү Мысырдагы соңку окуяларга карата ар кыл мамилелерин билдирүүдө.


Хосни Мубарак 30 жылдан ашуун бийлеген соң кызматынан чегинди

Ошентип, Кыргызстан менен Тунистен кийин дагы бир мусулман өлкөсүндө - Мысырда (Египетте) элдик толкундоолор ыңкылаптын жеңиши менен аяктады.

Египетти 30 жылдан ашуун мезгилден бери бийлеп келген президент Хосни Мубарак кечээ (жума күнү, 11-февралда) кечинде кызматтан кетти.

Бийлик эми Куралдуу күчтөрдүн Жогорку Кеңешинин колуна өткөнүн өлкөнүн вице-президенти Омар Сулейман өкмөттүк сыналгы аркылуу кечээ күнкү кайрылуусунда тастыктады.

- Урматтуу мекендештерим! Өлкө башына түшкөн азыркы оор мезгилде президент ("райис") Хосни Мубарак президенттик кызматынан кетүүнү оң тапты. Ал мамлекеттеги иштерди көзөмөлдөөнү Куралдуу күчтөрдүн Жогорку Кеңешине өткөрүп берди. Алла таала бизди сактасын.

Бу кабарды Мубарактын президенттиктен дароо кетүүсүн талап кылып, Каирдеги Президенттин Аксарайы менен мамлекеттик сыналгы компаниянын имараттарынын алдында жана борбордук “Тахрир” (“Эркиндик”) аянтында жыйылган он миңдеген демонстранттар жана башка шаарларда чогулган миңдеген калайык кубанычын билдирген ураандар жана кыйкырыктар менен тосуп алышты.

“Гугл” компаниясынын Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка аймагы боюнча маркетинг бөлүмүнүн менежери, мысырдык жаштарды “Фэйсбуук” интернет тармагы аркылуу жигердүү аракеттерге алгачкылардан болуп үндөгөн киши - Ваил Гоним (Wael Ghonim) мырза эле.

Ал Мысырда ыңкылап жеңген алгачкы сааттарда Си-Эн-Эн (CNN) сыналгы каналы үчүн курган маегинде соңку окуяларга ушунчалык шыктанып турганын жашырган жок:

- Мен мысырдык болгонум үчүн бактылуумун. Жүрөк толтомдон айтаарым: “Бардык мысырдыктарды куттуктайм!” Мен “Египет, кош келдиңиз!” деп жарыялагым келет.

Ал эми оппозициячыл саясатчы, Нобел тынчтык сыйлыгынын ээси Мохаммед ал-Барадейи (البرادعي‎‎ محمد )
11-февралда кечкурун Си-Эн-Эн сыналгысына мындай деп билдирди:

- Мысыр алгачкы жолу демократиялык жана эркин мамлекет болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатат.

Дүйнө жүзүндөгү пикирлер

Эл аралык коомчулук өкүлдөрү да Мысырдагы ыңкылаптан кийинки кырдаалга карата ар кыл мамилелерин жума күнкү кечки сааттардан тартып билдире баштады.

Европа Биримдиги Мысырдагы реформачыл өзгөрүүлөргө тилектеш экендигин билдирди.

АКШ президенти Барак Обама да жума күнү атайын чыгып сүйлөп, Мысырдагы өзгөрүүлөргө өз колдоосун баса белгиледи:

- Кызматтан чегинүү менен президент Мубарак мысыр элинин өзгөрүүлөргө суусап турганына өз жообун берди. Бирок бул – Мысырдагы өткөөл доордун акыры эмес, башаты гана болуп саналат.

Ал эми Улуу Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон (David Cameron) болсо “Тахрир” аянтында жана башка жайларда жыйындарга чыгып, өз өлкөсүнүн реформа нугунда илгерилешин талап кылгандар үчүн 11-феврал – эч унутулгус, өзгөчө айырмалуу бир күн болгонун айтты:

- Египеттин (жаңы) өкмөтү чыныгы ачык, эркин жана демократиялык коомдун имаратынын керегесин кура баштаган өкмөт болот ко деп ишенич билдиребиз.

БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун (Ban ki-Moon) мырза мысыр эли тынч жол менен өз максатына жеткенине өзгөчө тен берээрин 11-февралда баса айтты:

- Мен Мысыр элине өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарын жүзөгө ашырууда бейпил, каармандык жана тартиптүү мамилесин айгинелегени үчүн ыраазылык билдирбей койо албаймын. Мен бардык тараптарды мындан ары да ушундай эле рухту сактоого чакырам. Бириккен Улуттар Уюму бул жарайанга колдоо көрсөтүүгө даяр.

Мысырда 11-февралда элдик ыңкылап жеңди. 12.02.2011. TCh.
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00
Түз линк


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров расмий Каир мамлекеттик мекемелердин мындан аркы нормалдуу иш-аракет жүргүзүшүнө шарт түзөт жана оппозиция күчтөрү кырдаалды жөнгө салууга даярдыгын айгинелейт ко деп үмүт кылаарын билдирди.

Арап мамлекеттеринин лигасынын башчысы Амр Муса мырза да Мысырдагы ыңкылапка колдоо көрсөтөөрүн айтты.

Исламчыл ХАМАС тобу болсо Хосни Мубарактын кызматтан кетишин “мысырдык ыңкылаптын жеңиши” катары баалады.

Ал эми Швейцариядан алынган маалыматка караганда, бул өлкөнүн бийлиги мурдагы президент Хосни Мубарактын жана анын жан жөкөрлөрүнүн швейцар банктарындагы эсептерин тоңдуруу тууралуу жума күнү буйрук чыгарды.

XS
SM
MD
LG