Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

Каддафи Ливиянын лидери бойдон өлөм дейт


Муаммар Каддафи сыналгыдан элге кайрылууда, 22-февраль, 2011-жыл. AFP.
Муаммар Каддафи сыналгыдан элге кайрылууда, 22-февраль, 2011-жыл. AFP.

Шаршембиде кечинде Ливиянын борбору Триполинин көчөлөрүндө автоматтан атылган октун үнү жаңырып, эл көчөгө чыккандан коркуп үйлөрүндө жашынып отурганын айтып жатышты. Мурунку күнү Каддафи бекем түйүлгөн муштумун кезеп, өлөр өлгөнчө Ливиянын лидери бойдон калаарын эскерткен.

Шейшембиде (22-февралда) кечинде чукул жыйын өткөргөн Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Ливиядагы зомбулукту токтотууга үндөп, көчөгө чыккан калк өз талап-мүдөөсүн ачык айтууга укуктуу экенин эскертти.

Ушу тапта Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинде төрагалык кылып жаткан бразилиялык элчи Мариа Виотти Ливиядагы жагдайга бүткүл дүйнө коомчулугу терең кабатырлануу менен көз кадап турганын белгиледи.

Тынч демонстрацияга чыккан элге каршы курал, күч колдонулуп, жүздөгөн киши мерт болгонун баарыбыз катуу айыптайбыз. Калктын добушуна кулак салып, улуттук диалог баштоо зарыл”, - деп улантты сөзүн Улуттар уюмундагы элчи Виотти.

Эл аралык укук коргоо уюмдары өз маалыматына таянып, 15-февралдан берки көчө кагылышуулары менен атышуулардан 300дөн ашуун ливиялык набыт болгонун билдирүүдө.

Ал тапта Муаммар Каддафи өзү элдик толкундоолор башталгандан бери сыналгыдан эң узак кайрылуусун элге жолдоп, муштумун оңго-солго кезеп, өкмөткө каршы курал көтөрүп чыкчу ар бир адам жок кылынат деп эскертти.

1986-жылы АКШ бомбалагандан бери талкаланган бойдон турган Ливия жетекчисинин мамлекеттик резиденциясында туруп алып сүйлөгөн Каддафи “суу жүрөк коркоктор менен саткындар өлкөдө башаламандык болуп атат деп бөөдө каралап жатканын” айтып, өзүн колдогондор жана активдүү жаштар атайын отряддар түзүп мамлекетти коргоп калат деп ишендирди.

Ардактуу чоң атамдын сөөгү коюлган (Ливиядагы шаар) Мургубду таштап, эч жакка кетпейм. Кашык каным калгыча азапкор бойдон кала берем”, - деп кимдир-бирөөгө опурулгандай сүйлөп жатты.

Анын ормон опузасына карабай, ошол эле күнү Ливиянын ички иштер министри Абдель Фатах Йунес Абиди кызматынан чегинип, аскерлердин баарын эл тарапка өтүүгө чакырды.

Шаршембиде (23-февралда) буга чейин оппозиция көзөмөлдөп калган эки чоң шаарга Тобрук шаары да кошулду.

Ал жерде элдик күчтөр көчөдө өз көзөмөл жайларын орнотуп жеңишин шаңдуу белгилеп, аскерлер Каддафини колдоодон баш тартышканы жарыяланды.

Ливия жана башка Африка, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү элдик толкундоолор эпкини, деми бизди да каптап кетеби деп чочулаган бир катар жетекчилер шашылыш айрым саясий жана социалдык реформаларды ишке ашырып кирсе, Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад шаршембиде Тегерандагы маалымат жыйынында элине каршы чыккан лидердин келечеги жок деген билдирүү жасады.

Кандай журтбашчы өз элине каршы ок-дүрмөт, танктарды, бомбаларды пайдаланат? Өз калкын бомбалап, анан каяша айткандын баарын өлтүрөм деген кантип болсун?” – деп таңдана алакан жайды Махмуд Ахмадинежад.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG