Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:24

Ажылыктан кантип акча жешкен?


Былтыркы ажылык сапарды уюштурууда бери эле дегенде 4-5 миллион доллардын дареги дале белгисиз.

Чабактар тутулду, киттер кутулду. Азырынча

2010-жылдагы ажылык сапарды уюштуруу иштериндеги кемчиликтерди иликтеп аткан депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктап калды.

Комиссия мүчөлөрү ырасташкандай, ажылыкты уюштуруудагы коррупцияга президенттин аппараттындагы чоң чиновниктердин тиешеси болгон.

Депутаттар Дин иштери кызматынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Канат Мурзахалиловдун сот жообуна тартылышын – чабак балыкты кармап, киттерди коё берүүгө салыштырышат.


Былтыркы ажылык сапарды уюштурууда бери эле дегенде 4-5 миллион доллардын дареги дале белгисиз. Бул боюнча “Азаттык” жыл башында өз иликтөөсүн жарыялаган.

Бул ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тергеп, мамлекеттик кызматкерлерден жалгыз Дин иштери кызматынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Канатбек Мурзахалиловго кылмыш иши козголгон. Ага каршы "кызмат абалынан пайдаланып ажылык визаларды каалагандай бөлгөн", "лицензиясы жок жарандардан виза үчүн паспортторду кабыл алган" деген сыяктуу беш пункттан турган айып коюлган.

УКМКнын маалыматына караганда, бул иш боюнча жалпы 7 адамга кылмыш иши козголгон. Учурда кылмыш иши Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп, 27-майда соттук кароо башталмакчы.

Ак үйгө алып барган издер...

Буга чейин 2010-жылдагы ажылык сапарды уюштуруудагы коррупцияга ата-бала Каптагаевдердин катышы бар экенин Борбор Азиядагы мусулмандар конгрессинин жетекчиси Бакыт Нурдинов айтып келген. Ушул тапта ал президенттин аппарат башчысы Эмил Каптагаевдин уулу, Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин үчүнчү катчысы болуп иштеген Кубанычбек Каптагаев менен соттошуп жүргөн кези.

Ошол ажылыкты уюштуруудагы коррупцияны иликтеген депутаттык комиссия да шойкомдуу издер дал ошол президенттин аппараты тарапка кетип атканын ырастоодо. Эми депутаттык комиссия өз корутундусунда бул иш бир жаңсыл болгуча Эмил Каптагаевдин кызматтан алынышын, анын уулуна тергөө амалдары колдонулушун, ажылыкты уюштуруу боюнча мекемелер аралык комиссиянын жетекчиси болгон Амангелди Муралиевдин, Дин иштери кызматынын жетекчиси болуп турган Болот Абдырахмановдун жоопкерчилигин кароону Жогорку Кеңешке сунуштамакчы болууда.

“Азаттык” үналгысы ажылыкты иликтеп аткан депутаттык комиссиянын болжолдуу корутундусун жана былтыркы ажылыкты уюштурууга байланышкан көптөгөн документтерди таап, кыскача анализ жүргүздү.

Документтерди карап чыгып, ажылыкты уюштуруудагы коррупциялык схемаларды бир гана адам, болгондо да Дин иштери кызматынын жетекчисинин орун басары даражасындагы аткаруучу чиновник жалгыз жасай албасын байкоого болот.

Бакыт Нурдинов
Маселен, 2010-жылдагы ажылык сапарды уюштуруу максатында түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын жетекчиси - ошол кезде биринчи вице-премьер-министр болуп турган Амангелди Муралиев болгон. Анын орун басары болуп - Дин иштери кызматынын жетекчиси Болот Абдырахманов дайындалган.

Айтмакчы, убагында Б.Абдырахманов УКМКнын полковниги, Ажылык сапарды уюштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Кумар Дүйшөнбаев УКМКнын майору кызматында иштеп, кийин Дин иштери кызматына жөнөтүлүшүптүр. Сынак комиссияларынын, жумушчу топтун мүчөсү катары К.Дүйшөнбаевдин ысымы бардык документтерде жүрөт.

Ажылыкты уюштуруу боюнча өзү түзгөн жумушчу топту да өзү чыгарган буйрукка ылайык, Болот Абдырахманов жетектеп, көзөмөлдөп турган. Ал жумушчу топто Тышкы иштер министрлиги, УКМК, Транспорт министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы жана муфтияттан жиберилген өкүлдөр менен катар К.Мурзахалилов да мүчө болгон.

А.Муралиев 2010-жылдын 19-августунда Б.Абдрахмановду ажы-башчыларына, ажыларды ташуучу учак компанияларына, аларга кийим тигүүчү ишканаларга сынактарды өткөрүү комиссиясынын төрагасы кылып дайындаган. Ал эми Б.Абдрахманов өзүнүн чечими менен сынак комиссиясынын курамын аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп калган. Бул комиссияларда деле К.Мурзахалилов ар кыл мекемелердин өкүлдөрү сыяктуу мүчө болгон.

Мындай жагдайда бул чуулгандуу иш боюнча мамлекеттик кызматкерлерден жалгыз К.Мурзахалиловго кылмыш иши козголуп, сот жообуна тартылып атканы чоң суроо жаратууда.

Бакыт Калмаматов
Бул иш боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Бактыбек Калмаматов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, иликтөө маалында Б.Абдырахманов мекемелер аралык комиссиянын жетекчиси А.Муралиевге эмес түздөн-түз Э.Каптагаевге отчет берип турганы, президенттин аппарат башчысы ажылыктагы бардык процесстерди көзөмөлдөп, ар кыл көрсөтмөлөрдү бергени аныкталганын билдирди.

Б.Калмаматовдун пикиринде, бул чуулгандуу иш боюнча соттук териштирүүнү президенттик шайлоодон кийинки мөөнөткө жылдыруу максатка ылайыктуу. Анткени шайлоодон кийин башка президент келип, Э.Каптагаев кызматтан алынышы мүмкүн. "Ал эми бул киши кызматта турганда “киттер кутулуп, чабактар тутулуп”, К.Мурзахалилов жалгыз садага чабылып кетүүсү ыктымал", - дейт Калмаматов:

- Мына сотко барган иште да мамлекетке тиешелүү делген конкреттүү чиновниктерден бир гана адам соттолуп атат. Бул эмне? Бул туруш-турпаты менен бир адамды садага чабуу деген сөз. Бир адамды курмандыкка берип коюп, калганыбыз жыргап-куунап көчөдө таза кала беребиз дегенди түшүндүрөт.

Жөн эле логикага таянып ойлонуп көрөлүчү. Кантип К.Мурзахалилов өзү жалгыз 5000 визаны таркатып, өзү жалгыз сатып, каалаганын жасай берсин? Кантип?... Кыла алмак, эгерде ал жетекчиси Болот Абдырахмановдун ордунда болгондо. Себеби анда жетекчилик мүмкүнчүлүгү болмок.

Ал эми К.Мурзахалилов ал маалда жетекчи да болбой атпайбы. Саясий курмандык кылып садага чаап туруп, бир адамды каматып жиберип, калганыбыз эшикте жүрө беребиз деп атышат. Мына жакында 2 айдан кийин дагы ажы сапары келет, аны да ушундай уюштурабыз деп отурушат.


Канат Мурзахалилов
Айыпталуучу Канат Мурзахалилов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, ажылык сапарды уюштурууда ага Ак үйдөн бирөө жарым түз көрсөтмө бербегенин, анткени ал аткаруучу гана болгонун, бирок Б.Абдрахманов “президенттик администрациядан чалышты, муну кылгыла, тигини жасагыла” деп буйрук берип турганын, ошентип Бакыт Төлөнов деген ат менен президенттик администрациядан ажылык визалар үчүн паспортторду Калжигит Төрөкелдиев аттуу адам келип тапшырганын ырастоодо:

- Бизге ким, кандай көрсөтмө берип атканы айтылган эмес. “Жогору жактан президенттин аппаратынан чалынды, ушул жигиттин паспортторун алып койгула деп атат, документтерин карагыла дагы, алып койгула деген көрсөтмө берилди. Ал ким тарабынан жасалган көрсөтмө экенин билбейм. Менин оюмча бул сотто чыгат. Тергөө учурунда дагы менин көрсөтмөлөрүмдө, ошол эле биздин жетекчиликтин, кызматкерлердин көрсөтмөлөрүндө бар бул нерселер. Журналда жазылып турат булар. Эми сотко чейин баарын айта албайм. Сот болсо чыгат булар. Бирөөлөрдүн паспортун алып, бере бергенге укугум да, мүмкүнчүлүгүм да жок да.

Мен ушул 6-7 айда бир гана нерсени түшүндүм: ажылык боюнча өтө чоң чыр чыгып кетти. Кээ бир чоң адамдардын ысымы угулуп кетти, алардын балдарынын ысымы угулуп кетти. Анан ошол жерден четки эле бир адамды таап туруп, ушунун баарын кылган ушул, ушуга күнөөнүн баарын жүктөйлү, кулагын кармаган бойдон кете берсин деген гана саясий чечим болуп калды деген ойго кетем.


Баса, ушул Калжигит Төрөкелдиевди Э.Каптагаев жетектеген “Улуу Биримдик” партиясы 7-апрелдеги ыңкылапка салым кошкондордун тизмесине сунуштап, “Апрель элдик революциясынын баатыры” аттуу төш белгисин тагынган экен. Калжигит Төрөкелдиев кийин Э.Каптагаевдин жардамчысы болуп, ажылык сапары маалында эч кандай лицензиясы жок эле 147 паспортту Дин иштери комиссиясына тапшырып отурат. Бул ишти тергеген УКМК кызматкери Азиз Бакиров депутаттык комиссиянын 12-апрелдеги отурумунда К.Төрөкелдиев кармалганын билдирген.

Эреже боюнча, ажылык виза үчүн паспортторду конкурстан өтүп, лицензия алган гана ажы башчылар тапшыра алмак. Бирок ажы башчы болбой туруп эле Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов 93 паспорт, муфтий Чубак ажы Жалиловдун атынан Н.Хашимов 36 паспорт, “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Каныбек Осмоналиев 1 паспорт тапшырганы сыяктуу фактылар бар.

Микрофонго бардык билгенин ачык айтуудан чочулап турганын, анткени ажылык боюнча чууда бети ачылуусун каалабагандар жок кылып коюштан кайра тартышпасын, 11-апрелде катуу сабалганы буга күбө экенин билдирген К.Мурзахалилов, ажылыкты уюштуруу иштеринде Э.Каптагаевдин кеңешчиси болуп турган Алмамбет Усубакунов жана Болот Миңбаев дегендердин ысымы абдан көп айтылганын, ал тургай бир жолу Б.Миңбаев телефондон опузалап, “ишти бүтүрүүнү буюрганын” айтат.

Депутаттык комиссиянын сунушу өтөбү?

Ажылык сапардагы мыйзам бузууларды иликтеген депутаттык комиссия өз корутундусунда УКМКнын тергөөчүсү Азиз Бакиров ишти бир жактуу алып барганын белгилөөдө.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Бактыбек Калмаматовдун айтымында, бул жерде УКМК бийликтеги кимдир бирөөлөрдүн буюртмасын аткарып атканы ачык эле көрүнүп турат. Ал билдиргендей, Кубанычбек Каптагаевдин “Ала-Арча” резиденцияда бир канча паспортко ажылык визаларды бастырып кеткени тууралуу маалыматтарды, анын Сауд Аравиялык консулдар менен чогуу да, өзүнчө да бир канча жолу сүйлөшкөнү, мекемелер аралык комиссиянын жыйындарына катышканы тууралуу маалыматтарды УКМК текшерген эмес жана аны суракка албаган.

“Э.Каптагаев ажылык сапарды уюштурууда акча жеген, анын уулу көмүскө штабды жетектеген” деп айтып келаткан Бакыт Нурдинов менен К.Мурзахалиловдун коопсуздугун тергөө аракеттери маалында камсыз кылуу керектиги тууралуу 4-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы кол койгон токтом чыккан. 11-апрелде К.Мурзахалилов катуу токмоктолгон. 12-апрелде догдурлар жазып берген медициналык корутундуда К.Мурзахалиловдун мээси чайкалып, денеси көк-ала болгону жазылып жүрөт.

Буга байланыштуу депутаттык комиссия өз корутундусунда, “тартип коргоо органдары чуулгандуу кылмыш иштин маанилүү фигуранттарынын коопсуздугун сактабай жатат” деген бүтүмгө келүүдө. Комиссия мүчөлөрү болсо бул ишти иликтөөдө өтө чоң тоскоолдуктарга кабылганын айтышат.

Ошондой эле корутундуда Б.Нурдинов ажылыкты уюштуруудагы коррупция боюнча Э.Каптагаевди айыптап келатканын, иликтөөнүн натыйжасында андан күмөн саноого негиз калбаганы жазылган.

Эмил Каптагаев
Жыл башында бул чуулгандуу иш боюнча Э.Каптагаев “Азаттыкка” маек куруп, аны жана уулун айыптаган Б.Нурдиновдун сөздөрү жалган жалаа экенин, эгер ал мындай маалыматтарды таркатууну токтотпосо сотко берерин билдирген. Анын айтымында, ажылыкты уюштуруудагы кемчиликтерге аткаруучулар жооп бериши керек:

- Бул жолу ажылыкты кемчилиги жок өткөрүүгө толук шарт бар болгон. Толук негиздер түзүлгөн. Бирок ошол уюштурууга катышып, ошого мамлекеттик мекемелер аралык комиссия тарабынан аныкталган адамдардын кемчилиги бул. Ошол аткаруучулардын чала иштегени же атайын өздөрүнүн пайдасына иштегенинин негизинде чыгып атат да. Болбосо бекиген жобо боюнча эч бир кемчилиги жок өткөрүүгө толук шарт бар болчу.

Эскерте кетсек, бул иш боюнча “Азаттыктын” 9-январдагы иликтөөсүндө ажылык сапардан акча өөнөп калуунун ар кыл жолдорун көрсөткөнбүз. Анда 500-900 чамалуу визалар чет элдиктерге 2500-3000 доллардан сатылганы, бул сан андан да көп болуусу мүмкүн экени айтылган. Алардын так саны бүгүн да чыкпай турат.

Ажыларды учак менен ташуудагы коррупциялык иштер сыяктуу түрдүү иш-чараларды кошкондо, орточо эсеп менен 4-5 миллион доллардай акчанын дареги тактоону талап кылууда.
XS
SM
MD
LG