Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:40

“Азаттык” үналгысынын “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында ажылык сапарды уюштуруу ишиндеги чыр-чатактар жана проблемалар талкууланды.


Талкууга катышкандар:





Болот Абдрахманов
– Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору








Бакыт Нурдинов
– Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандар конгрессинин жетекчиси








“Азаттык”:
Болот мырза, ушул жылы башка жылдардан айырмаланып, ажылык сапарын уюштуруу иштери муфтияттан алынып, мамлекеттик комиссияга берилди. Сиздер “бир нече параметрлер боюнча коррупцияларды жоебуз, ачык болот” деп айттыңыздар. Сиз эмнеге жетиштиңиз жана жетишкен жоксуз?

Болот Абдрахманов: Конкурстан баштадык. Мисалы, ажыларды ажы башчылар алып барат. Ошол ажы башчылардын конкурсун 17-сентябрда өткөрүп, 75 ажы башчыдан 57ни тандап, 18ин конкурстан өткөргөн жокпуз. Мурунку жылдары ажылыкка болгон кишилерди киргизген жокпуз. Андан башка бул жерден алып бара турган учактарда ар кандай коррупция схема бар дегендиктен, ушул жерге да ачык конкурс жарыялады. Тогуз авиа компания алып барууга ниеттенди. Мен айткан комиссия ушул 9 авиа компаниянын баарын карап отуруп, аягында үч турдун ичинен бешөө калды. Анын ичинде үч кыргыз авиа компаниясы, эки авиа компания бул Саудияныкы.
Былтыр да айтылган, криминалдык топ да быйылкы ажылыкты алганга аракет кылган. Ошондой маалымат бар.


“Азаттык”: Сиз макулсузбу, ушул комиссияга жүктөлгөндөн бери коррупция деген азайдыбы, ачыктык пайда болдубу?

Бакыт Нурдинов: Быйылкы ажылык, ачуу чындыкты айтыш керек, ыплас, коррупциялык жол менен өтүп калды.

“Азаттык”: Мурдагы ажылыктардан айырмасы жок болуп калдыбы?

Бакыт Нурдинов: Мурда да кемчиликтер бар болчу. Муфтийди жамандабай койсок деле болот. Бирок 4 жарым миң квотадан сырткары 500 квотаны өзүнчө алдырчу, бирок бүт кыргызстандык атуулдар кетчү. Алар акчаны кайсы жерден жасашчу? Алар авиа боюнча 1700дөн былтыр алышкан, кайра авиа компания 1300кө түшүргөн дагы, ошонун ортосундагы 400 долларды жеп алышкан.

Канчасы учуп кетти, канчасы калды?

“Азаттык”: Бул жолу аябай ыплас өттү деп жатасыз, кандай далилдер бар?

Бакыт Нурдинов: Ажылар жаңыдан кетти, эми келет. Ошон үчүн азыр биз алдын ала айтканга болбойт. Себеби бүгүн Болот Жумашевич ооруп атат деп, мен бул жерге келбей коет го дедим эле, келгени жакшы болду. Бир чети коомчулукка ачык айтылганы жакшы. Мисалы, айтылбай аткан нерсени биз Болот Жумашевичтин оозунан укканыбыз жакшы. Ушул муфтияттагы реформа боюнча биз Болот Жумашевич менен канчалаган талаш-тартыш менен муфтийлер алмашылган. Анан эң негизги көксөө бул жерде ажылык талаш болгон. Ажылыктын эсебинен эки жигит курман болду.

“Азаттык”: Ажылыкты ким уюштурат деген боюнчабы?

Бакыт Нурдинов:
Биз алабыз деп бир топтор келди. Мында мамлекет өзү киришип, өзү милдеттемесин алганда ошол кырдаалда Роза Отунбаева токтом чыгарып алды. Азыр такталбаган маалымат менен биз суроо узатсак, 5140 квота виза келди деди бул жерден. Ошондон Болот Жумашевич 5 авиа компания утуп алды деп айтып атпайбы. Ошонун ичинен эки эле авиа компания учту. Азыр биз эки авиа компаниянын директорлору менен сүйлөштүк, алар бизге тизме боюнча да берип атат. Ошондо экөө биригип 3132 эле киши учту. Ошондон улам калгандары кайдан учту деген суроо туулуп атат.

Андан сырткары азыр муфтий өзү маалымат жыйынында билдирбедиби, бизде муфтиятка келе турган акчаны 3 жарым миң эле киши төлөдү деп. Анан мынча виза болсо, калган акчалар кайдан келет жана кимге төлөндү? Бул дагы бир суроо.

Болот Жумашевич бир интервьюсунда айтты эле, “Мекен шейиттерден” да 89 адам кетет деп. Биз тактасак 7 эле киши болуп атат. Буга дагы бир далил: 147 паспорт менен мурдагы жумада Иран атуулу кармалган. Андан сырткары биздин дагы бир атуул 94-жылкы 260 паспорт менен кармалды. Азыр ошону мурунку аптада Болот Жумашевичтин орун басары Канат Мырзахалилов ошол визалар жасалма деди. Кантип ал жасалма болуп калды? Себеби СНБ кармаганда, биз укканбыз, ошол боюнча билдиргенге аракет кылдык, бирок 4-5 күндөн кийин коомчулукка чыгарды.

“Азаттык”: Сизге ушул далилдер жүйөлүү боло алабы?
Биз бул жылы атайын ажыларга арзан кылалы, жеңилдетели деп 300-400 долларды төмөндөттүк.


Болот Абдрахманов: Жогорку Кеңештин шайлоосу 10-октябрда болду. 10-октябрга чейин бизге болгону 50 паспорт тапшырылды. Чынын айтканда, коомчулук да, биз да, муфтиат да, Саудиянын Тышкы иштер министрлиги да кооптоно баштады, бул жылы Кыргызстандан ажылык болобу, болбойбу деп. Ошон үчүн 13-октябрда келе турган консулдар 23-октябрда келди. Себеби шайлоо аман-эсен өтүп кеткенден кийин, массалык түрдө паспортторду 15-17-октябрда тапшыра башташты, 5 миңге жакын адам тапшырды.

Бул жерден мен белгилегим келет: тапшыргандардын баары Кыргызстандын жарандары. Расмий түрдө айтат элем, 20 чакты чет мамлекеттик жарандар бизге кайрылды эле, ошолорду биз киргизген жокпуз, эгерде аягында биздин жарандардан кала турган болсо киргизебиз деп. Бирок биз бир четинен 2-3 күндүн ичинде 5 миңге жакын паспорт кирип, күндүр-түндүр шашып компьютерге киргиздик.

Биринчиден, биз бир дагы чет мамлекеттик жарандын паспортун алган жокпуз. Экинчиден, консулдар да жаңы келгенде андай болушу мүмкүн эмес деп бизди эскертти. Мен ойлойм, ирандык жарандардын бир тобу кармалганы бир четинен бул көп жылдан бери келаткан өзүнчө коррупциялык схеманын бир түрү болгон.

“Азаттык”: Сиз ошол коррупциялык схемаларды бузалган жоксузбу?

Болот Абдрахманов: Аракет кылдык. Көп жылдан бери келаткан ушундай схеманы бир жылдын ичинде дароо бузуп коюу аябай татаал экен. Себеби каршылык аябай катуу болуп атты.

“Азаттык”: Кайсы топтордон?

Болот Абдрахманов: Жасалма виза менен ирандык жаранды кармаганы үчүн Коопсуздук комитетке ыраазычылык билдирет элем.

Визаны да жасаса болот

“Азаттык”: Ушул жерден кызык суроо туулат. Ирандык жарандын кармалышы бул чындап эле ачыктыкты далилдейби, же муфтият менен келише албай калдыңарбы, же күрөшүүнүн жыйынтыгында кармалып калдыбы ошол адам?

Болот Абдрахманов: Муфтият менен бүгүнкү күндө талаша турган эч нерсебиз жок. Бүгүнкү күндө компьютер менен акчаларды жасап атат. Бул жылы биринчи жолу жасаган үчүн тажрыйба алып, көп адистердин бир топ нерсеге көзү ачылды. Биз билбеген көп нерсе бар экен. Мисалы, кээ бир кыргыздын эле жараны мен ажылыкка барам деген ниет менен паспортторун берип, анан виза чапталгандан кийин баракты алып туруп, визаны акырын сыйрып алып, ошону башка жаранга саткандар да болот экен. Ошол визаны алгандан кийин ал жерге сканер менен сүрөтүн да, фамилиясын да чаптап койсо болот экен. Компьютер менен көбөйтүп алганга да азыр проблема жок. Ошон үчүн мен ойлойм, азыр укук органдары ушунун баарын далилдесе, биз дагы аябай күтүп атабыз, анткени бул жерде жоопкерчилик сөзсүз бар.



“Азаттык”: Анда эмне себептен 5140 менен 3132 деген айырма чыгып атат?

Болот Абдрахманов: Мен айтпадымбы, консулдар 23-октябрда келди. 2-3 күндүн ичинде 5 миңге жакын жаран паспорт берди. Бакыт айткандай, баасы 1650, же 1700 болсо, бул жылы 1300гө чейин төмөндөдү. Ошон үчүн ар бир киши кайсы учак менен барарын өзү билди.

Айырмасы эмне дегенде, бул жерде жыл сайын Бишкек-Стамбул рейстик түркиялык авиа линиялар бар. Ошолор менен учкандар болду. Дагы бир канал, Алматы аркылуу учкандар болду. Алматы аркылуу Дубайга учканда арзан түшөт экен. Булардын баарын тең биз катуу көзөмөлгө алганга аракет кылдык. Бирок алар акчасын үнөмдөө үчүн ар кандай жолдорду издешет.

“Азаттык”: Сиз кошуласызбы, Болот мырзанын сөздөрү жүйөлүү угулуп атабы?
Дин комиссиянын өзүнүн функциясы, же компетенциясы эмне? Бул – дин менен мамлекеттин ортосундагы көпүрө.


Бакыт Нурдинов: Болот Жумашевич өзү жоопкерчиликти алгандан кийин аракет кылып атат. Бирок мен кээ бирлерине макул эмесмин. Себеби ар бир суроого так жооп берилсе жакшы болот эле. Айырманы айтып атпайбызбы, айырма дегенде учуп кетишти дейт. Муфтиятка дагы 70 доллардан кандайча төлөнбөй калып атат. Биринчи ошону аткартып туруп анан кетиш керек эле да. Ошондуктан бул жерде жашыруун, же билбеген көп нерселер бар. Себеби бул жерде мурдатан калыптанып иштеп калган кызматкерлер бар. Аны билдирбей жасаса деле болот. Ага ишенип койду Болот Жумашевич, көп нерсени билбей калды бул киши. Ошон үчүн ушундай маселелер чыкты.

“Азаттык”: Жалаң гана Кыргызстандын жарандары барды дегенге кошуласызбы?

Бакыт Нурдинов: Жок, ушунун баары качан чыгып калат? Мисалы, азыр Болот Жумашевичтен биз, мусулмандар, ошолордун тизмесин талап кылышыбыз керек. Тизмесин бергенде эле, мисалы, 4 жарым, 5 миң киши кетти дейли виза менен, ошонун тизмеси менен текшергенде эле чыга калат канча киши учкандыгы боюнча.

Андан тышкары Кыргызстандан 200дөн ашык киши барбай калды деп расмий түрдө айтылып атат. Бирок биз азыр Оштон кабар алдык, андан көбүрөк деп айтылып атат. Бир эле ажы башчынын тизмесинен 41 киши барбай калганда, Абдышүкүр деген ажы башчы тизмесин берди, 60 киши топтогон экен, 41 киши барбай калган.

“Азаттык”: Жалпы Кыргызстан боюнча канча?

Бакыт Нурдинов: Жалпысын азыр, Болот Жумашевичтин айтуусу боюнча, 215 киши деп атабыз. Бирок ошонун көбү акчаны төлөп, эртең кетебиз деп даярданып калганда, эмне үчүн алар барбай калды?

Болот Адырахманов: Бакыт айткандай, биз чын эле бул жылы муфтияттын аракетин колдойлу, муфтияттын каражатын көбөйтөлү деп, ар бир ажыга барарда калькуляцияда, мурда муфтиятка 20 доллардан төлөсө, бул жылы 70 долларга чейин төлөйсүңөр деп биз милдеттеме койгонбуз. Бул жерде мен эч кимди күнөөлөгүм келбейт, бирок ошол эле ажы башчы, же ажылардын абийири, азыр төлөйм деп кетип калгандар да болду.

“Азаттык”: Сиз азыр так тизмени бераласызбы?

Болот Адырахманов: Ирандын жараны кармалгандан бери биз болгон материалдардын, 4 миң 676 киши виза алгандардын баарын тең коопсуздук комитетке бердик, тизмени алар текшерип атат. Экинчи суроо боюнча айтат элем, сиздин учактардын авиа компаниясы берген 3 миң деп атасызбы, бүгүн биз күндө Мадина, Меккедеги биздин штабдын мүчөлөрү менен сүйлөшүп атабыз. Ал жерге 4 миң 300дөн ашык биздин жарандар барды.

“Азаттык”: Эгер талап кылсак, ал маалымат элге чыгабы?

Болот Адырахманов: Азыр бардык электөө жумуштары болуп атат. Мен айтат элем, жанагы ирандыктардын арасында биз киргизбей койгон 18 ажы башчынын бирөө бар. Жыл сайын ушундай махинация менен жүргөнүн билип, биз киргизбей койгонбуз аны.

Жандан алган жоопкерчилик

“Азаттык”: Бакыт мырза, Иран жаранынын кармалышы чындап эле бул ачыктыктын далили болдубу? Сиздин оюңузча эмне себептен быйыл кармалып калды?

Бакыт Нурдинов: Мурун деле айтылып келген, былтыр деле мен ушул боюнча айттым эле, бирок былтыркыны жаап койгон. Быйыл болсо ушунун алдында 1-ноябрда маалымат жыйынын өткөргөм. Себеби бул такталган маалымат менен айтылган. Андан бир жумадан кийин айтылды.

“Азаттык”: Сиз тактап өтсөңүз, маалымат жыйынында эмнени айттыңыз эле?
Коомчулук да, биз да, муфтиат да, Саудиянын Тышкы иштер министрлиги да кооптоно баштады, бул жылы Кыргызстандан ажылык болобу, болбойбу деп.


Бакыт Нурдинов: Визанын сатылгандыгы боюнча айткам. Болот Жумашевич айтып атпайбы, паспорттон виза сыйрылып чапталышы да мүмкүн экен деп. Фамилиясын өчүрүп туруп, кайра компьютер менен башка фамилияны киргизип коюу мүмкүн экен, 100 доллар турат экен.

“Азаттык”: Сиздин оюңузча жоопкерчиликти ушул мезгилде ким алыш керек?

Бакыт Нурдинов: Жоопкерчилик азыр Дин агенттигинин дин комиссиясында.

“Азаттык”: Сиздер ушул жоопкерчиликти тааныйсыздарбы, биз ушул жумушту мойнубузга алдык деп?

Болот Адырахманов: Биз жоопкерчиликтен качкан жокпуз. Анткени биз бул жылы бир эрежеге келтирели деген аракет жасадык. Жыл сайын ушундай болчу экен. Туура түшүнүш керек, Кыргызстанга жыл сайын бере турган квота 4 жарым миң. Анан жыл сайын 200-300 киши жетпей калчу. Биз аман-эсен ушул ажылык бүткөндөн кийин Саудиянын бийлигине 4 жарым эмес, 5 жарым, 6 миңге чейин квотаны эрте суранышыбыз керек деп ойлоп атабыз. Бул жылы кырдаалга байланыштуу ажылыкка кеч камынып калдык.

“Азаттык”: Казынага ажылыктан канча акча түшөт?

Болот Адырахманов: Бул жерден казынага эч нерсе түшпөйт. Мисалы, 2200 доллар деп атпайбызбы, анын 1300ү учакка, барып-келишине, 770 доллар муфтиятка, 10 доллар казыятка, 20 доллар штабга, анан дары-дармегине, анан топ башына деп мамлекетке бир тыйын түшпөйт.

“Азаттык”: Анда эмне кызыкчылык, мамлекет эмне үчүн көзөмөлдөш керек?

Бакыт Нурдинов: Быйыл чыр-чатактан кийин мамлекет алалы дешти. Себеби ажылык талаш болду, бул жакта чоң коррупция болуп атат. Биздин азыркы ажылык системага коюлган эмес. Мисалы, мен Түркияда болдум, ал жакта ажылык системага коюлган, бир да коррупция жок.

“Азаттык”: Ал кандай система?

Бакыт Нурдинов: Жылына 200 миң киши барат. Алар 5-6 жыл кезекке турат. Ал жерде Интернет аркылуу өзүн тизмеде карап туруп эле, "мен кийинки жылы барам" деп билип алат. Бул оор маселе болуп атат. Муну чечиш керек, болбосо бул коррупциялык система боло берет. Азыр муфтиятка өткөрүп берип койсок, муфтиятта деле ошондой болуп келген да. Ошон үчүн биз ойлоп атабыз, азыр муфтиятта реформа жүрүп атпайбы, реформанын алдында уламалар кеңеши, алардын алдында ажылык комитети деп түзүлбөдүбү, подотчетный кылыш керек.

“Азаттык”: Сизде конкреттүү план барбы? Сындап гана кое бербестен, ушундай жасаса ачык болот эле, биз ушундайга жетишмекпиз деген?

Бакыт Нурдинов: Чубак ажы Роза Отунбаевага кирерде беш кагаздан турган план бердик эле. Бул жакта Болот Жумашевич мамлекетке эч нерсе түшпөйт деп атат. Ошондуктан башка жакка кетип аткан акчаны биз мамлекеттик салыкка жана муфтиятка да түшүрсөк болот. Калькуляциясын тактап бергенбиз. Ошондо кызмат кылып аткан ички иштер бөлүмү, СНБ, бажы, баарына тең берсе, ачык жүрүш керек. Антпесе жанагыдай кете берет. Быйыл ажы башчылардан да көмүскө алынды деп өздөрү айтса болмок, бирок коркуп айталбай атышат. Бирок жең ичинен билгизбей иштеген адамдар бар. Ошондуктан көптөгөн акча көмүскө кетип калды.

Коррупциянын тамыры

“Азаттык”: Комиссиянын ишин мамлекет динге кийлигишип атат деп баалабайсызбы?

Бакыт Нурдинов: Бир суроо туулат. Мисалы, дин комиссиянын өзүнүн функциясы, же компетенциясы эмне? Бул – дин менен мамлекеттин ортосундагы көпүрө. Ошондуктан мамлекет да бул жерден жаңылыштык кетирди. Бирок азыркы кырдаалга карата ушундай кылды. Булар ибадатка кийлигишпеш керек. Ажылык – бул ибадат. Ажылыкты кудайдын алдында муфтиат өткөрүш керек.



“Азаттык”: Сиз буга чейин бир нече маалымат жыйынын өткөрүп, “жогорку даражадагы чиновник да кийлигишкен” деп аябай сындап келиптирсиз. Ошолорго далилдер табылдыбы, сиз сөзүңүзгө туруп сотко бердиңизби?

Бакыт Нурдинов: Мен былтыр ушул боюнча чоң интервью берип, ажылык боюнча да айтып, өзүм куугунтукталып, Түркияда үч ай жүрдүм. Быйыл келгенде да, былтыр такталбаган маалымат, бирок так деп айтсак болот, былтыр ажылыктан Максим Бакиев, Жаныш Бакиевдер алчу деп атпайбызбы. Быйыл менин айтканым чын, быйыл алар эмес, башка, мисалы Эмил Каптагаев, Абдрахманов байкенин жумушунда айттым эле. Бирок алган атат деген. Мен алдын ала маалымат жыйын берип, Дүйшөбаевди да айткам. Ошондуктан алардын чөнтөгүнө түшүп калбасын деп. Бирок эми азыр бул процесс келатат да. Акыйкат чыгат. Мен Болот Жумашевичке да, Каптагаевге да айттым, эгерде сиздер ажылыктан бир тыйын көрбөдүк десеңер, анда мен расмий түрдө кечирим сурайм деп. Бирок акчалар кайда, кимдин чөнтөгүнө кетип атат деген суроолор туулуп атпайбы, такыр ачылбай атат.

“Азаттык”: Сиздин кызыкчылыгыңыз эмне, ушуларды билүү, ачыктыкты талап кылуунун?
Паспорттон виза сыйрылып чапталышы да мүмкүн. Фамилиясын өчүрүп туруп, кайра компьютер менен башка фамилияны киргизип коюу мүмкүн экен, 100 доллар турат экен.


Бакыт Нурдинов: Мени шыбап да келишти. Маалымат жыйынын өткөргөндө Болот Жумашевич менен соттошконго чейин бардык. Ошол маселелерде пикир келишпестиктер болуп, кайра туура келди. Эми көбү мени айтып атат, бул жерде кызыкчылыгы бар деп. Кызыкчылыгым болсо, мен алар менен жакшы болуп бул ишке киришип алсам болмок. Башында ким турат деген суроо туулат. Бери жактагы адамдар жасабайт эле да бирөө үстүндө көзөмөл жасабаса. Ошон үчүн көп суроо туулат. Менин эч кызыкчылыгым жок.

“Азаттык”: Болот мырза, сиз бүгүн программада аябай иренжип отургандай сезилесиз. Ушул жумушка келип көңүлүңүз ооруп атабы?

Болот Абдрахманов: Туура түшүнүш керек да, далилденбеген сөздөрдү айтып атканда, менимче, ар бир киши капа болот, же колдон кармабагандан кийин. Мына Бакыт айтып атат, жанагы акчалар кайда кетип атат деп. Биз бул жылы атайын ажыларга арзан кылалы, жеңилдетели деп 300-400 долларды төмөндөттүк. Мен айтып атам канча акча кайда кеткенин. Кимдин кызыкчылыгы, акча кимдин чөнтөгүнө кетип атат? Мисалы, муфтияттыкын 20дан 70ке көбөйттүк. Штабдын балдары иштеген, ар кандай сөз болбосун деп бир тыйын кошкон жокпуз. Көп жылдан бери ушундай коррупциялык схема менен байланышкан нерсени, азыр биз аракет кылып атып жаман көрүнүп атканыбыз аябай өкүнүчтүү.

“Азаттык”: Кимдерге жаман көрүнүп жатасыздар?

Болот Абдрахманов: Мына ар андай сөздөр болуп атпайбы, бул акча алды, кайда кетти деп. Мен айтып атам, биз аракеттен башка эч нерсе кылган жокпуз деп. Бул жерде мен айтып атпаймбы, башында мамлекеттик ведомстволук аралык топ түзүлгөн. Бул жерде жалгыз Абдрахмановдун комиссиясы чечкен жок, комиссияда 9-10 киши мүчө, ошонун арасында муфтийдин биринчи орун басары келип катышып, бүт чечимдердин баарын ачык-айрым жасап аттык.

Ыйык эмес күчтөрдүн кир колдору

“Азаттык”: Болот мырза, сиз айтып атасыз, тоскоолдук кылган аябай көп күчтөр бар деп. Токтолуп кетесизби, эмне деген күчтөр, кимдер алар?

Болот Абдрахманов:
Кыскача айтканда, ажылык башталганда эле ар кандай сунуштар түшө баштады бизге. Мындай кылсак кандай болот, тигиндей кылсак кандай болот, жыл сайын өтүп жүргөн чет мамлекеттик жарандарды өткөрсөк кандай болот деген. Биз бүт баарын четке кагып аттык. Өтпөй калган 18 киши башка жолдор менен башкача иштей башташты.

“Азаттык”: Мурда Бакиевдердин үй-бүлөсү кийлигишкен дегенге далилдер табылдыбы?

Болот Абдрахманов: Ошондой сөздөр бар болчу.

“Азаттык”: Өзүңүз да айтып жатпайсызбы, коррупциялык механизмдер бар дегенден кийин далилдер болуш керек да?

Болот Абдрахманов: Мен бир эле нерсени айтайын, бул жылы эгерде калькуляцияны 2200 доллар кылсак, былтыр ушул эле жумушту барып кылып келиш үчүн 2400 доллар болгон. Ушуну былтыр сураса болуш керек эле да, 200 доллар кайда деп.

“Азаттык”: Коррупциялык схемалар деп жатабыз. Ушул ажылык сапардан жалпы канча акча түшөт, криминалдык топторгобу? Ушунчалык эле чоң акчалар жөнүндө кеп болуп атабы?
Кыргызстанга жыл сайын бере турган квота 4 жарым миң. Анан жыл сайын 200-300 киши жетпей калчу.


Бакыт Нурдинов: Былтыр да айтылган, криминалдык топ да быйылкы ажылыкты алганга аракет кылган. Ошондой маалымат бар. Бирок бул такталбаган маалыматтар.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз эсетеп көргөнсүзбү, канча акча айланат?

Бакыт Нурдинов: Эсептеп көрсөк, азыр Кыргызстандан сатылды деген менен, АКШ доллары менен мүмкүн миллиондон өйдө деп айтылып атат.

“Азаттык”: Миллиондон өйдө ар кандай топторго кетип калабы?

Бакыт Нурдинов: Ооба, ар кандай топторго кетип калат. Бул жерде өзүнүн акыйкаты жылдан жылга ачылбай басылып келет.

“Азаттык”: Ошол кайсы топтор?

Бакыт Нурдинов: Ошол жерде иштеген чиновниктер. Жоопкерчилик буларда болгондон кийин, суроолорго так жооп болбой калып атпайбы. Ошондуктан быйыл биз мындай кылсакпы деген ой болуп атат, парламент келсе, 120 депутатка да даярдап атабыз, азыр атайын комиссия түзүлүп, эмне дегенде азыр кармалган СНБнын кызматкерлери муну жаап коет үстүңкү жак менен. Ошон үчүн Болот Жумашевич азыр тизмесин беребиз деп атпайбы, ошону менен эле такталат.

“Азаттык”: Сиз ушул иштер боюнча аягына чыгасызбы?

Болот Абдрахманов: Бул жерде менин жеке кызыкчылыгым ошонун аягына чыгуу. Дагы бир нерсени айта кетет элем, бул жерде виза дегенди туура түшүнүш керек. Бул жерге Саудиянын үч дипломатикалык кызматкери келди, консулдар. Виза деген өзүнчө кагаз жабылат экен, ошону өздөрү ала келди. Булардын коопсуздугун сактайлы деп биз резиденцияга жаткырдык, эч ким менен жолуктурган жокпуз. Ошол жерде иштешти. Биз берген ар бир паспортту өзүнүн компьютерине киргизип, 18 сааттан кийин Саудиядан кайра жооп келип, кыргыз жарандын паспорту экендигин далилдегенден кийин, анан бирден стикер берип биздин балдар чаптап атты.

Баш айландырган арифметика

“Азаттык”: Ажылык сапары аягына чыгып калды. Ушуну менен эмдиги жылга чейин унчукпай калуу адаты сакталабы, же кандай сабактар болуш керек, эмнени оңдойсуздар?

Болот Абдрахманов: Эң жакшы суроо. Кудай буйруса, ажылыкты биз аман-эсен өткөрүп алсак, мына 22-ноябрдан тарта биздин ажылар кайра келе баштайт декабрдын башына чейин. Келгенде биз чоң жыйынтык кылып өзүбүздүн коомго болгон катанын баарын айтабыз.

“Азаттык”: Бакыт мырза берип жаткан суроолорго жооп бересиздерби?
Кыргызстандан 200дөн ашык киши барбай калды деп расмий түрдө айтылып атат. Бирок биз азыр Оштон кабар алдык, андан көбүрөк деп айтылып атат.


Болот Абдрахманов: Мен азыр деле жооп бергенге даярмын. Келгенде да жооп берели. Ошондой каталарды билели, ошол жерде күнөөсү бар киши жообун алсын. Ал жоопкерчиликтен биз корккон жокпуз. Бул жерде туура түшүнүш керек, бул бир четинен биринчи жылы ушуну өткөрөбүз деп тажрыйбабыз аз болуп, кээ бир нерседен ката кетип калышы мүмкүн. Бирок бул жерде миллион долларды Бакыт кайдан таап, санап келди, менин оюма дагы келбей атат.

“Азаттык”: Сиз кантип санадыңыз жана сиздин жакшыртуу үчүн сунуштарыңыз чындап эле ачыкпы?

Бакыт Нурдинов: Арифметика менен эле санап койсо болот, анын кыйынчылыгы деле жок.

“Азаттык”: Чындап эле санаш керек да, коррупция жөнүндө сөз болуп аткандан кийин билиш үчүн?

Бакыт Нурдинов: Былтыр суроо туулду да, эмне үчүн 3-3 жарым миң эле тиги жакка төлөнүп кетти деп. Айырма миңден ашык болсо 100 кишиден. Бирок толук маалыматтар боюнча, визаны, бул жерде бир нерсени айтып кетейин дегем, паспортторго виза чаптаганда мындай болот, консулдар келет, фамилиясын көрөт компьютер менен, бирок алар чаптабайт, ал жерге визаны коет да жаап коет паспортту. Болот Жумашевич айтпадыбы, тиги жактан берип анан балдар чаптайт деп. Ошондо көптөгөн адамдар визасы жазылып, бирок алынбай калгандар кайда кетти? Дагы суроолор туулат. Ошон үчүн айтып атабыз, миң киши, же 500 киши деле жең ичинен сатылып атат деп. Биз ошол боюнча эсептедик.

“Азаттык”: Сиздин оюнузча бул кайдыгерликпи, күрөшкөнгө аракет кылып атабыз деп атпайбы?

Бакыт Нурдинов: Болот Жумашевич быйыл келди бул кызматка. Бирок ичинде толтура ар кандай адам бар. Болот Жумашевич ооруп атканына карабай ооруканадан бүгүн келдим деп атпайбы, ошон үчүн бул адам акыйкат болсо ооруган үчүн ошол жерде болду. Себеби ичиндеги ыплас нерселерди бул киши түшүндү. Ошондуктан акыйкат чыгат, ажылар келет, кетпей калгандар Курман айттан кийин чыгат. Ошондуктан Болот Жумашевич таза, акыйкат болсо, коркпосо, анда алар менен да жолугушу керек. Кийинки жумада болобу, бир айдан кийин акыйкат чыгып калат.

“Азаттык”: Жашыруунун жышааны барбы?

Бакыт Нурдинов: Эми баарын үмүт кылышыбыз керек. Себеби бүт система коррупцияланып калган. Азыркы өкмөт деле ушуга аракет кылып атат. Ошон үчүн мурунку Бакиевдин убагында динди ыплас нерсеге айлантып, ибадат нерсеге өздөрү кийлигишип, акча кылып алгандан кийин, Болот Жумашевич туура айтып атат бир чети, ошондон арылалбай атабыз. Арылуунун жолун издеп атабыз, бирок баары акыйкат айтылсын деп атабыз.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG