Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:36

Кочкор-Башы: Төрт-Күл шаар чалдыбарынын тагдыры сүрөттөрдө

Кыргызстанда байыркы жана орто кылымдардан калган урандылар, шаар чалдыбарлары, мүрзөлөр, курулуш калдыктары сейрек эмес. Бирок алардын баары мамлекеттик жана коомдук коргоого муктаж.
Алардын бири - Караханийлер доорунда (10-12-кылымдарда) гүлдөп турган Кочкор-Башы шаарынын орду ("Төрт-Күл" шаар чалдыбары). Ал шаар тууралуу пост-советтик кыргыз окуу китептеринде жана "Нарын облусу" энциклопедиясында гана эмес, 11-кылымдагы Махмуд Кашгари (Барскани) чийген дүйнө картасында да маалымат бар.
Бирок ушул тапта жергиликтүү төбөлдөр "Төрт-Күл" шаар чалдыбарынын бир өңүрүн жеке менчикке ижарага берүү үчүн далаалат кылууда. Бул аракетке кыргыз археологдору жана тарыхты кастарлаган тургундар каршы чыгууда.
Т.Чоротегин. 06.7.2011.

XS
SM
MD
LG