Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:14

Теңир-Тоодогу Кочкор-Башы ж.б. жер-суу аттары жана Махмуд Кашгари Барскани


Кочкор-Башы шаарынын азыркы чалдыбарынын схемалык сыпатталышы. Кочкор өрөөнүндөгү Кум-Дөбө айылы. Археолог Ороз Солтобаев "Азаттыкка" берген сүрөт. 01.07.2011.
Кочкор-Башы шаарынын азыркы чалдыбарынын схемалык сыпатталышы. Кочкор өрөөнүндөгү Кум-Дөбө айылы. Археолог Ороз Солтобаев "Азаттыкка" берген сүрөт. 01.07.2011.

Кыргыз жана башка түрк элдеринин тарыхынын көөнөргүс издерин миң жыл мурда катталган Кочкор-Башы сыяктуу жер-суу аталыштарынан да табабыз. Тарыхчынын блогу.

Жергиликтүү аалымдын 10 кылым мурдагы мурасы

Карахандар каганаты – Борбордук Азиядагы түрктөр негиздеген алгачкы мусулман мамлекети. Карахандар доорундагы чыгаан ойчулдардын бири – энциклопедист окумуштуу Махмуд Хусейин уулу Кашгари Барскани 1029–1038-жылдардын аралыгында Ысык-Көлдөгү карахандык Барскан бектигинин бегинин үй-бүлөсүндө туулгандыгын алгач украин чыгыш таануучусу Омелян Прицак жазып чыккан.

Махмуд Кашгари Барскани өзүнүн “Дивану лугати т-түрк” (“Түрк тилдеринин сөз жыйнагы”) аттуу көөнөргүс эмгеги аркылуу XI кылымда бул мусулман түрк мамлекетиндеги жана жалпы мусулман дүйнөсүндөгү түркология илимин эң бийик сереге чыгарган (мындан ары эмгектин аталышын кыскача “Диван” деп беребиз).

Анын 1072-1077-жж. арапча жазылган “Диванынын” тексти заманбап илимий чөйрөгө Биринчи дүйнөлүк согуш жылдары гана дайын болду. Бул чыгарма Теңир-Тоо, Борбордук жана Ички Азияны, ошондой эле Сибир, Эдил-Урал, Чыгыш Европа, Кавказ, Кичи Азия жана Жакынкы Чыгышты байырлаган ар кыл түрк элдеринин этнографиясы, тилдери жана этностук-маданий тарыхы боюнча көөнөргүс булак болуп саналат.

Махмуд Кашгари Барскани – Теңир-Тоону ичтен билген жергиликтүү карахандык окумуштуу болгон, ошондуктан чыгыш таануучулар жана географтар анын маалыматтарынын тактыгына ишеним артышкан.

Махмуд Кашгари Барсканинин дүйнө картасынын Борбордук жана Чыгыш Азия бөлүгүнүн кыргызча котормосу. Т.Чоротегин. 1997-жыл.
Махмуд Кашгари Барсканинин дүйнө картасынын Борбордук жана Чыгыш Азия бөлүгүнүн кыргызча котормосу. Т.Чоротегин. 1997-жыл.

Кашгаринин дүйнө картасындагы төрт тарап

Заманбап түркология үчүн Махмуд Кашгари Барсканинин “Диванынын” текстинин маалыматтары гана эмес, эмгекке тиркелген тегерек жана түстүү дүйнө картасынын да маалыматы терең мааниге ээ.

Бул картанын чордондук бөлүгүндө, биздин оюбузча, Теңир-Тоо системасына тийешелүү тоо кыркалары символдук түрдө элестүү сыпатталган. (Кыргыз географы Садыбакас Өмүрзаков, өзбек топонимисти Хамидулла Хасанов ж.б. адистер да бул жаатта оң баа беришкен).

Махмуд Кашгари чыгыш тарапты өз картасынын жогору жагына жайгаштырган. Бул болсо борбордук азиялык (түрк тилдүү) калктардын өздөрүнүн жалпы дүйнө туурасында эзелтеден белгилүү болуп келген астрономиялык түшүнүктөрүнүн негизинде чийилсе керек, — деген Х.Хасановдун пикири да акыйкатка төп, анткени, теңир-тоолук ж.б. түрк калктары үчүн чыгыш тарап, – б.а. Күн чыга турган жогорку жак — багытты аныктоодо башкы тарап катары эзелтеден бери эле кабыл алынган.

Сүрөтчү Ибрагим Бакиров чыгаан илимпоз Махмуд Кашгари Барсканинин өзү чийип тарткан шарттуу сүрөтүнүн жанында. 24.5.2020.
Сүрөтчү Ибрагим Бакиров чыгаан илимпоз Махмуд Кашгари Барсканинин өзү чийип тарткан шарттуу сүрөтүнүн жанында. 24.5.2020.

Азыркы кыргыз тилинде да «чыгыш» сөзү «күн чыккан жак» деген түшүнүктөн улам келип чыккан. Ал эми киши чыгышты караган кезде оң кол жак — түштүк тарапты көрсөтөт.

Заманбап казак тилинде “оңтүстік” деп түштүк тарапты, ал эми “солтүстік” деп түндүк тарапты аташат. Мында да киши чыгыш тарапка бет алып туруп, оң жана сол жагындагы багытты тандап жаткандыгы айкын.

Карахандар доорундагы түрк калктары да дүйнө жактарын чыгышка карап туруп айкындашкан, деп санайбыз. Ошонун таасириби, Махмуд Кашгари Барсканинин дүйнө картасында да чыгыш тарап (жогоруда айтылгандай) барактын жогору жагында, ал эми түштүк тарап – барактын оң жагында, түндүк – сол жагында, батыш (анын ичинде арап аймактары) – картанын төмөнкү жагында жайгаштырылган.

Чар тараптын картада мындай жайгаштырылышынын жер-суу аттарын тактоодогу маанисинин айрым өңүттөрүн төмөндө да айтабыз.

Кара кагандар мамлекетинин чордондук аймагы бул орто кылымдардын эрте мезгилиндеги башка арап жана фарсы карталарына теңдешсиз маалыматка ээ болгон мусулман түрктөрүнүн дүйнөлүк картасында негизги көңүл борборунда турган. Мындан улам бул картаны кандайдыр бир даражада Кара кагандар сулалесинин саясий картасы деп түшүнүүгө болот.

Махмуд Кашгари Барскани 1072-77-жж. арапча жазган “Дивану лугати т-турк” эмгегиндеги дүйнө картасы.
Махмуд Кашгари Барскани 1072-77-жж. арапча жазган “Дивану лугати т-турк” эмгегиндеги дүйнө картасы.

Картадагы жана тексттеги “Кочкор-Башы” шаар аталышы

Махмуд Кашгари Барсканинин “Диванынын” текстинде гана аталып, бирок картада көрсөтүлбөй калган өлкөлөр, этностор жана шаарлар бар эмеспи (маселен, кыргыздар тууралуу “Дивандын” текстинин беш жеринде эскерилет да, алар нагыз (тза) түркчө сүйлөгөн

бири экендиги айтылат, бирок картада кыргыздар көрсөтүлбөй калган. (Салыштырсак, XII кылымдагы арап окумуштуусу ал-Идрисиге таандык дүйнө картасында кыргыз этноними “хирхир” деп жаңылыш жазылса да, айтор, үчүнчү ыклымга (“климатка”, б.а. чөлкөмгө) караштуу 10-бөлүмгө жайгаштырылып, атайын эскерилип кетет).

Ошол эле учурда Махмуд Кашгари Барсканинин “Диванынын” текстинде дагы, картасында дагы чагылдырылган бир катар шаарлар жана өлкө жана башка жер-суу аталыштары бар.

Ошондой өзгөчө маанилүү топонимдердин бири – Кыргызстандын азыркы Нарын облусуна караштуу Кочкор өрөөнүндөгү Кочңар-Башы шаар аталышы. (Мындагы “кочкор” сөзүн айрым карахандык түрк диалекттеринде “кочңар” деп айтышкан; бул сөз кыргыздарда бара-бара “кочкор” түрүнө өткөн, ал эми кичи азиялык (анатолиялык) түрктөр бул сөздү азыркы тапта “коч” деп гана кыскартып колдонуп калышкан).

Абу Райхан Берунинин айкели. Ташкен шаары. 28.1.2013.
Абу Райхан Берунинин айкели. Ташкен шаары. 28.1.2013.

Айтмакчы, Кочңар-Башы (Кочкор-Башы) топонимин улуу астроном, математикалык география илиминин өкүлү, тарыхчы, энциклопедиячы Абу Райхан Беруни өзүнүн “ал-Каанууну л-мас'уудий” (“Мас'удга арналган канон, б.а. илимий эмгек”) аттуу чыгармасында Кочкор-Башы шаарын “Түрктөр” деген чөлкөмгө таандык кылып, математикалык географиялык усулдагы жадыбалда (бул шаардын географиялык координаттарын, б.а. узундук жана кеңдик боюнча ээлеген ордун көрсөтүү менен) мындайча сыпаттайт:

“Узундугу:

Заманы – 92, мүнөтү – 0;

Кеңдиги:

Градусу (даражасы): 46, мүнөтү – 20”.

(Беруни Абу Рейхан Избранные произведения. Т. V, ч. 1. Канон Масуда (кн. I–V) / Ред. С. Х. Сираждинов, Г. П. Матвиевская. – Ташкент: ФАН, 1973. – 647 c. – С. 473).

Берунинин эмгегинде да Баласагын шаары географиялык узундугу боюнча Кочкор-Башыдан түндүктө, ал эми Атбаш, Кашкар шаарлары – Кочкор-Башыдан түштүктө көрсөтүлгөн.

Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий жыйындын катышуучуларынын тобу “Бурана мунарасы” музейинде. Чүй облусу. 16.9.2016.
Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий жыйындын катышуучуларынын тобу “Бурана мунарасы” музейинде. Чүй облусу. 16.9.2016.

Ал эми Баласагын шаары азыркы Чүй өрөөнүндөгү Токмок шаарынын түштүк-батышындагы Бурана шаар чалдыбарынын ордуна жайгашкандыгы тууралуу пикирди академик Василий Бартольд Борбордук Азияга жасаган алгачкы сапарынан соң сунуштаган.

Кийин археологдор Александр Бернштам, Пётр Кожемяко, Карл Байпаков, Валентина Горячева, арабист Өмүркул Караев, нумизматтар Елена Абрамовна Давидович, Борис Кочнев, Михаил Фёдоров, ж.б. Баласагын шаары азыркы Бурана шаар чалдыбарына таандык экендигин тастыктаган эмгектер жазышты.

Бул тыянакты азыркы археологдор Бакыт Аманбаева, Кубатбек Табалдыев жана башкалар да колдошот. Биз дагы ушул тыянакты туура деп санайбыз жана бул оюбуз ушул блогдогу кийинки сунуштарыбыз үчүн дагы өзгөчө маанилүү.

Шаар ордун туура эмес көрсөтүү далаалаттары

Кочкор-Башы шаары – Улуу жибек жолунун таманындагы Ички Теңир-Тоодогу өз дубаны үчүн маанилүү шаар болгон. Анын аталышын негедир кем санап, бул шаардын ордуна башка шаар жайгашкан деп, Кочкор-Башыны жериш үчүн тарыхый негиз жок.

Ошол эле учурда Карахандар доорундагы Кочкор-Башы шаары Кочкор өрөөнүнөн башка аймактарда жайгашкан деп аныктоонун айрым далаалаттары мурда да жасалганын калыстык үчүн айта кетели.

Маселен, уйгур илимпозу Йүсүпбег Мухлисов Кочкор-Башы топонимин “Қошқар бәши” деп окууга жана аны Кашкар, Үч-Турпан жана Караколдун ортосунда болгон, — деп азыркы Кочкор өрөөнүнөн алысыраак жайгаштырууга (локалдаштырууга) аракет жасаган (Мухлисов Йүсүпбег. Әсирләр вә әсәрләр: (Уйгур классик эдәбияти тарихи хәккидә бәзи мулаhизиләр) / М. Имраевнин умумий тәhрирлиги астида. — Алмута: Ғылым, 1973. — Б. 31.)

Кыргыз тарыхын мыкты изилдеген айрым тарыхчылар деле (“Диванды” арапча түп нускасында окуп, булак катары салыштыруу мүмкүнчүлүгү болбогондуктан), катачылыктарга жол коюшкандыгы маалым.

Кезегинде археолог жана тарыхчы Александр Натанович Бернштам Кочкор-Башы (Кочңар-Башы) топонимин “Кажингарбашы” деп жаңылыш окуп, бул шаарды Нарын дарыясынын өрөөнүндөгү Ала-Бука суусунун боюнда жайгашкан Шырдакбек шаар чалдыбары менен окшоштурган эле.

Ал Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы бул чепти тээ 1945-ж. изилдеп, отурукташкан түрктөр байырлаган бир нече турак-жайдын издерин аныктаган.

(Караңыз: Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана / Составители К.Ташбаева, Л.Ведутова. — Бишкек: Айбек, 1997. — Т. 1. — С. 417).

Албетте, бүгүнкү айрым ак-талаалыктарга бул жоромол майдай жагышы мүмкүн, бирок “Кажингарбашы” деген окулуш – таптакыр ката, бул топонимди “Кочңар-Башы” деп гана окуу керек. Демек, Ак-Талаадагы Шырдакбек шаар чалдыбарынын ордундагы эски шаардын нагыз аталышын тактоо иши азырынча чечиле элек.

Ал эми Махмуд Кашгари Барскани “Эки кочңар башы бир ашачта бышмас” деген түрк макалын өзүнүн “Диванында” арап окурманына төмөнкүдөй түшүндүрмө менен бирге которот:

“Мааниси: “эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт”. Бул макал кайсы бир шаарда бири-биринен бийлик талашкан эки бек (амир) же эки кол башчы (ра’ис) тууралуу айтылат. Экөөнүн бири андан (б.а. талашка калган шаардан) чыгып кетүүгө тийиш”, – деп Махмуд Кашгари Барскани жазат.

(Караңыз: Кaşgarlı Mahmud. Dîvânü Lûgati ’t-Türk: Tıpkıbasım / Facsimile. Ankara: Türkiye Kültür Bakanlığı, 1990. —S. 30b.).

Демек, Кочңар-Башы” топониминдеги “кочңар” (“кочкор”) сөзүн эч качан “кажингар” деп бурмалап окууга болбойт.

А.Н.Бернштамдын бул жаңылыш локализациялык (топонимди жайгаштыруу боюнча) жоромолуна Махмуд Кашгари Барсканинин “Диванынын” нукура тексти менен тааныш болбогон башка бир катар кыргызстандык окумуштуулар тарабынан көп ирет шилтеме жасалып келди. Бул калпыстык тууралуу биз 1980-жылдардан тартып сын пикир айткан элек.

Кочкор-Башы шаарынын ордундагы Кум-Дөбө шаар чалдыбарын XXI кылымдын башынан бери кыргызстандык археологдор, тарых илимдеринин доктору Кубатбек Шакиевич Табалдыев жана тарых илимдеринин кандидаты Ороз Солтобаев ырааттуу изилдеп келишет.

“Дивандын” текстиндеги топонимиялык маалымат

Демек, Кочкор-Башы шаарынын ордун азыркы Ички Теңир-Тоодогу Кочкор аймагынан башка жакка жайгаштыруу аракети – “Дивандагы” тексттик маалыматты одоно бурмалап аңдоо менен барабар.

Айтмакчы, Кочкор-Башы шаары азыркы Кочкор өрөөнүндө жайгашкандыгын жана Чүй өрөөнүндө Карахандар каганатынын түндүктөгү борбор шаары – айтылуу Баласагын шаары орун алгандыгын тастыктаган дагы бир маанилүү текстологиялык маалымат дал ушул “Диванда” камтылган.

Атап айтсак, Махмуд Кашгари Барскани Кочкор-Башы шаары менен Баласагын шаарынын ортосунда Занби-Арт (азыркы Шамшы ашуусу) орун алгандыгын “Диванда” таасын жазган. (Kâşgarlı Mahmud. Divânü... / Tıpkıbasım. - S. 317a).

Кызык, “Занби” сөзүнүн башка бир мааниси – “чегиртке” сөзү да “Диванда” эскерилет.

Кылымдар улам артка сүрүлүп кала берип, XI кылымдагы Сыгун-Самыр жайлоосу Жаңы доордо “Суусамыр” болуп калгандай эле, “Занби-Арт” бели да “Шамшы” болуп өзгөрүп кеткен (бул өзгөрүү тууралуу маркум Өмүркул Караев агай жазган эле).

Занби-Арт ашуусун азыркы Шамшы бели катары алгачкы жолу сыпаттаган тарыхчылардын бири – академик Василий Бартольд болгон.

Тарыхчы Аалыбек Акунов болуп ушул Шамшы белине Чүй тараптан атчан барганым эстен кетпейт.

Автоунаа жолу белге жакындаганда жоголуп, белде жалаң гана ат, төө менен өтчү кербен жол калат экен.

Ашуунун түндүк (Чүй өрөөнүндөгү) тарабында дагы, түштүк (Кочкор өрөөнүндөгү) тарабында дагы аты уйкаш Шамшы айылдары жайгашкан.

“Дивандын” текстиндеги Баласагын менен Барскандын ортосунда тоо бар, деген маалыматтагы тоо кыркасын Махмуд Кашгари Барскани башка бир жерде “Баласагын тоолору” деп атайт. Азыр ал география илиминде “Кыргыздын Ала-Тоосу” (орусча “Кыргызский хребет”, б.а. Кыргыз кырка тоосу) делет.

Бул кырка тоо жана башка ири кырка тоолор “Дивандагы” картада да айрыкча көрсөтүлгөн.

Кочкор-Башы шаары болсо “Дивандагы” картада Ысык-Көл көлү менен Барскан шаарынан батышта, Баласагындын жанындагы тоодон түштүктө (оңдо) жайгашкан. Чындыгында да азыркы Кочкор өрөөнү Ысык-Көлдөн батышта, Чүй өрөөнүнөн (азыркы Бурана шаар чалдыбары жайгашкан өрөөндөн) түштүктө жайгашкан эмеспи.

Ошентип, бабабыз Махмуд Кашгари Барскани миң жылдай илгери жазган эмгектин тексти жана картасы “Кочңар-Башы” (“Кочкор-Башы”) топониминин жайгашкан ордун так аныктоого көмөк кылчу негизги булак болуп саналат.

Кочкор өрөөнүндөгү кара кытайларга (XII к.) таандык жер астындагы Көк-Таш көрүстөнү. Аны археологдор К.Табалдыев менен О.Солтобаев изилдешүүдө. 11.2.2023.
Кочкор өрөөнүндөгү кара кытайларга (XII к.) таандык жер астындагы Көк-Таш көрүстөнү. Аны археологдор К.Табалдыев менен О.Солтобаев изилдешүүдө. 11.2.2023.

Бул шаар аталышынын алгачкы бөлүгү азыркыга чейин “Кочкор өрөөнү” жана “Кочкор району” сөзү аркылуу азыркы заманыбызга чейин сакталып келет.

2011-жылы Кочкор районуна караштуу Кум-Дөбө кыштагындагы карахандык доорго таандык археологиялык казуу жайынын аймагын андан ары тарытууга жол койбоо үчүн жасалып жаткан коомдук аракет тууралуу “Азаттык” үналгысы да чагылдырган.

Кийинки жылдары бул аймактан чыгышыраакта айдоо жерде кара кытайларга таандык деп жоромолдонгон жана жер астында жайгашкан уникалдуу көрүстөн табылган. Археологдор К.Ш.Табалдыев, О.Солтобаевдердин мындагы археологиялык табылгалары эл аралык илимий чөйрөгө маалым болду жана түркиялык ТИКА агенттиги ушул көрүстөндүн үстүн жаап, андан ары сактоо иштерине каржылык көмөк көрсөттү.

Дегиңкиси, Кочкор-Башы шаарынын калдыгын ачык асман алдындагы туристтик жайга айлантууга Кыргызстандын маданият министрлигинин чама-чаркы жете элек. Ажаткана, сувенир сатуу, шам-шум этүү жайлары түгүл, бул жерде “Кочкор-Башы шаары орун алган болчу” деген саптар бар жыгач же желим такта да орнотула элек.

Ал эми Ички Теңир-Тоодо, түштүгүрөөктүгү Ат-Башы өрөөнүндөгү Кошой-Коргон шаар чалдыбарында чакан болсо да музей ачылган. Анын демөөрчүсү – Ж.Баласагын атындагы КУУнун (мурдагы КМУнун) тарых факультетинин бүтүрүүчүсү, ишкер Аскар Салымбеков мырза.

Кочкордун тың чыкмалары азырынча орто кылымдардагы Кочкор-Башы шаарын даңазалоо жаатында дээрлик баш оорута элек, бирок өздөрүнүн XIX–XX кылымдардагы айрым бабаларын эскерип, күмбөздөр, айкелдер куруп, жылкы союп, той өткөрүп келишет.

Албетте, Кочкор-Башы шаарын даңазалоо – жалпы кыргызстандык орток түйшүк экендиги да анык. Бирок жергиликтүү чөлкөм таануучулар бул жаатта калыс, илимий натыйжаларды ургаалдуу колдонуулары кажет.

Соңку сөз. Мурастуулук

Теңир-Тоодогу кылымдар карыткан тарыхый-этностук мурастуулук топонимдерден (жер-суу аталыштарынан) да айгинеленет.

Он кылым илгери Барскан, Тоң, Ош, Өзгөн, Ат-Башы, Кочкор(-Башы), Талас, Суусамыр (Сыгун-Самур) сыяктуу жер-суу аттарынын бүгүн да ала-тоолук кыргыздар тарабынан ырааттуу сакталып калгандыгы чынында да өзгөчө назар салууга жана атуул катары сыймыктанууга арзыйт.

“Ош шаары” жана “Ысык-Көл” көлү мурдагысындай сакталды, “Өзкенд” / “Өзженд” бизге “Өзгөн” болуп жетти. Тараз шаарынан Талас өрөөнү жана Тараз шаары, Созуң-Көл / Сизиң-Көл көлүнөн Соң-Көл аталышы сакталып калды, “Атбаш” шаарынан “Ат-Башы району, “Ат-Башы өрөөнү” калды.

Махмуд Кашгари Барскани эскерген “Ала” топониминен бизге эки аталыш келип жетти: бири – “Алай” тоолору жана Кичи-Алай, Чоң-Алай өрөөндөрү, экинчиден – “Ала-Тоо” деген жалпы аталыш сакталып жетти.

Кочкор өрөөнүндөгү Кум-Дөбө айылындагы шаар чалдыбары - орто кылымдардагы Кочкор-Башы шаарынын орду. Археолог, КУУнун доценти Ороз Солтобаевдин сүрөтү. 02.7.2011.
Кочкор өрөөнүндөгү Кум-Дөбө айылындагы шаар чалдыбары - орто кылымдардагы Кочкор-Башы шаарынын орду. Археолог, КУУнун доценти Ороз Солтобаевдин сүрөтү. 02.7.2011.

Албетте, Кочкор-Башы шаарынан Кочкор өрөөнүнүн аты калды.

Чакан блогдо фолк-хисториге таандык болгон жана эч кандай илимий жүйөөгө баш ийбеген ар кандай жоромолдорго токтолуп отурган жокпуз.

Алдыдагы жылдарда орто кылымдардагы Кочкор-Башы шаарынан калган чалдыбарды ар тараптуу изилдөө иштери жаңы сереге чыгат деп үмүттөнөбүз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG