Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:18

Ичтен чыккан ымыркайды таштап кетип жатышат


Акыркы ай ичинде эле Кыргызстанда эки ымыркайды таштап кетүү фактысы катталды. ИИМ басма сөз кызматы наристелердин бири ооруканага жаткырылып, бири ымыркайлар үйүнө жеткирилгенин билдирди.

13-июлда Бишкектеги Опера жана балет театрынын алдында 5-6 айлык курактагы ымыркайды таштап кетишкен.

Свердлов райондук ички иштер кызматкерлери наристени тез жардам менен ооруканага жеткиришкен. Аталган башкармалыктын жашы жете элек өспүрүмдөр боюнча бөлүмүнүн башчысы Эркинбек Сагынбаев бул жыл башынан берки экинчи окуя экенин белгиледи.

- Дагы бир окуяда баланы дарбазанын алдына таштап кетишкен. Ал үй-бүлө баланы багып алышты. Азыр издеп кармоо иштери жүрүүдө, төрөт үйлөрүнөн чыгып кеткендерди изилдеп жатабыз.

Москвада ташталган кыргыз бала
Наристеден бир топ оорулардын мандемин аныктаган дарыгерлер аны дароо реанимация бөлүмүнө жаткырышкан. Азыр ымыркайдын абалы жакшы деп белгиледи Инфекциялык оорукананын бөлүм башчысы Замира Балтабаева.

- Ымыркай бизге кечке маал түштү. Баштыка салып коюшуптур, абалы өтө оор экен. Шишип кетиптир, стоматит, ичеги-карын инфекцияларын аныктадык. Биз эртеси күнү эле реанимцияга котордук, ал жактан наристе бардык дарылоо курсун алды. Азыр абалы дурус, бир-эки күндө ымыркайлар үйүнө которобуз.

Күнөөсүз ымыркайды таштап кетүү окуясы июль айында Чүй облусунун Жайыл районунда да катталган. Эрик-Туу айылынын жашоочусунун короосунун алдына түн бир оокумда белгисиз бир аял 15 күндүк ымыркайды калтырып кеткен.

Адистер боюнан чыккан баланы таштоо окуялары сейрек катталса да, коомчулукту ойго салчу көрүнүш деп эсептешет.

Чехияда ымыркайынан баш тарткандар аларды ушундай жайларга таштап кетишет.
Кыргызстандагы жакырчылык жана жумушсуздук айрыкча жалгыз бой кыз-келиндердин ушундай кадамга барышына түртөт дешет.

“Бир жагынан үй-бүлөдөгү тарбиянын, мээримдин жетишсиздиги да кесепеттерин тийгизүүдө”, - деп ой бөлүшүүдө социалдык маселелер боюнча эксперт Таалайбек Жакыпов.

- Бул маселе таштап кетип аткандардын бала кезиндеги тарбиясынан башталат. Үй- бүлө мээрим жетишпесе өткөөл куракка жеткенде үйдөн эптеп эле чыгып кетсек деп эңсей башташат, башка жакта жашоо тим эле укмуш көрүнөт. Анан жүрүп-жүрүп өзүнө окшогон мээримсиз бирөөнү таап, турмушка чыгып алат. Эрте жыныстык катнашка барышат, анан 6 ай жашабай ажырашат. Турмуш курууну билишпейт, бала багууга дараметтери жок. Ошолор анан таштап салып атышпайбы, эмне болсон ошол бол деп.

Кыргызстанда ымыркайларды негизинен төрөт үйлөрүнө же балдар үйлөрүнө өз эрки менен калтырып кеткен фактылар аз эмес. Ал эми көчөгө, же бирөөлөрдүн короосунун алдына таштаган окуялар сейрек кездешет. Бул эки окуяда тең жарык дүйнөгө келген бейкүнөө наристелердин тирүү калганы олжо болсо керек.

Экөө тең өмүрлүү болушсун!

XS
SM
MD
LG