Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:58

Ооганстан: Экс-президент Раббани шейит өлдү


Ооган президенти Бурханиддин Раббани (ортодо) Пули-Кишти мечитинде жума намаздан чыккандан кийин. Кабыл, 2001-жыл
Ооган президенти Бурханиддин Раббани (ортодо) Пули-Кишти мечитинде жума намаздан чыккандан кийин. Кабыл, 2001-жыл

Жогорку Тынчтык Кеңешинин төрагасы Бурхануддин Раббани Кабылдагы өз үйүндө жанкечтинин чабуулунан набыт болду.

Бул ооган өкмөтүнүн өлкөдө тынчтык орнотуу аракетине урулган жаңы сокку болду. Жогорку Тынчтык кеңеши талиптер менен элдешүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жаткан.
Акыркы кездерде Раббанинин көңүлү талиптерден аябай калган болчу ...
Вахид Моздах


Кабыл полициясынын өкүлү Хисматулла Станиказайдын билдиришинче, жанкечти жардыргычты башында оролгон селдеге жашырып өтүп, Бурхануддин Раббани менен сүйлөшүү жүрүп жаткан кезде жардырган. Жанкечти талиптердин даражалуу командири экенин ооган өкмөтүнүн атын атабоону өтүнгөн жооптуу кызматкери “Эркин Ооганстан” радиосуна айтты. Жардыруудан төрт киши жараат алды.


Ооган полициясы Ооганстандын Жогорку Тынчтык Кеңешинин төрагасы жана Ооганстандын мурдакы президенти Бурхануддин Раббанинин үйүнө кеткен жолду анын үйүндөгү бомба жардыруусунан кийин күзөтүүдө. 20-сентябрь 2011-жыл

Маркум Кабылдын мыкты кайтарылган жана элчиликтер жайгашкан районунда жашачу.

Бурхануддин Раббани башында турган Жогорку Тынчтык кеңеш былтыр негизделген. Экс-президенттин узак жылдардан берки өз ара согушту токтотуп, талиптерди бийлик менен жараштыруу аракетинен көп майнап чыкпай жаткан.

Быйыл мартта Рабани “Эркин Ооганстан” радиосуна берген маегинде талиптер менен сүйлөшүү ийгиликтүү болоруна ишенгенин айткан эле:

-Биз оппозиция менен байланыш түздүк. Алар менен бир нече жолу кездештик. Мындай жолугушуулар улантыла берет. Биз ошондой эле кат жазышып турабыз. Бирок биздин сүйлөшүүлөрүбүз коомчулукка айтчу деңгээлге өсүп жете элек.

Кабылдык серепчи Вахид Моздахтын баамында, жаздан бери Раббанинин маанайы өзгөрүп, эрегишчилердин урушту токтоторуна көзү жетпей калган. Моздани мындай бүтүмгө 71 жаштагы Бурханидди Раббани менен үч-төрт күн мурда кездешкенден кийин келген.

- Акыркы кездерде Раббанинин көңүлү талиптерден аябай калган болчу. Ал "талиптер тынчтыкка даяр эмес", деп айткан. Ал бекем анти-талипчиге айланган. Раббанин айрым достору анын Тынчтык кеңешин жетектеп туруп, адаватчыларга мындай мамиле жасаганын сындашкан. Ал сыягы Тынчтык Кеңешин жетектегенден тажап, төрагалыктан кетүүнү ойлоп жаткан.

Теги тажик Бурхануддин Рабани Ооганстандагы көрүнүктүү саясатчылардын бири болчу. Ал 1980-жылдары советтик оторчуларга каршы мужахиддиндердин кубаттуу тобун жетектеген. Советтик армия Ооганстандан чыгып кеткенден кийин өлкө президенти болуп калат.
Бурхануддин Раббани(оңдон үчүнчү) Ооган парламентинин жыйынында. 4-июнь 2011-жыл

Раббанини президенттиктен 1990-жылдардын ортосунда талиптер оодарып түшкөн соң ал исламчыларга каршы күрөшкөн Түндүк Альянстын лидери болгон. Талиптер Кабылдан куулгандан кийин бийлик бул альянстын колуна өтөт.

Эл аралык Хьюман Райтс Уочт уюму Раббани башындагы ооган лидерлеринин бир тобун 1990-жылдардын башындагы жарандык согуш кезинде миңдеген адамдарды өлтүргөн же там-жайынан кууган деп күнөөлөгөн. 2007-жылы ооган өкмөтү элди жараштырууга өбөлгө түзөт деген негизде соңку 25 жылдагы ич ара урушта кылмыш жасагандарга мунапыс бергенде, Раббани да акталган.

Эске салчу бир жагдай, Раббани өлтүрүлгөндөн бир апта мурда эрегишчилер Кабылдын батыш өлкөлөрүнүн элчиликтери жана НАТО башындагы көп улуттуу күчтөрдүн кеңсеси жайгашкан бул районун 20 саатка чукул камоого алган. Ага удаа эле ордо шаардын башка бөлүктөрүнө да жанкечтилер бомба чабуулун койгон. Чабуулда беш полициячы жана 11 жарандын өмүрү кыйылган.

Кабулда Бурхануддин Раббани өлтүрүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:05 0:00


Бурхануддин Раббанинин өлүмүнө байланыштуу президент Хамид Карзай Йью-Йоркко бараткан жолунан артка кайтаары маалымдалды. Пакистандын президенти жана премьер-министринин биргелешкен билдирүүсүндө Раббаниге кол салууну катуу айыптап, маркумду “досубуз” деп аташты.

XS
SM
MD
LG