Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Шайлоо: жарышка дагы сегиз талапкер кошулушу мүмкүн


БШК мүчөлөрү президенттик шайлоого талапкер болгусу келгендер топтогон колдорду текшерүүдө. 2011-жылдын 30-сентябры.
БШК мүчөлөрү президенттик шайлоого талапкер болгусу келгендер топтогон колдорду текшерүүдө. 2011-жылдын 30-сентябры.

Президенттикке аттанган алты талапкер үчүн 2-октябрда кошумча тил сынак уюштурулуп, андан бирөө өтпөй калды.

Борбордук шайлоо комиссиясы сынактан жеңгендерди Биринчи май райондук соттун чечиминин түшүндүрмөсүнөн кийин гана каттаганы жатат. 1-октябрда Боршайком аталган сотко талапкерлер тууралуу чыгарган чечимине түшүндүрмө берүүсүн сурап кайрылган болчу.

2-октябрда тил сынакка Акбаралы Айтикеев, Токтайым Үмөталиева, Аскарбек Абышев, Уланбек Сооданбеков, Калыбек Арабаев жана Нариман Түлеев катышты. Сынактан Аскарбек Абышев кулап калды.

Ошентип БШК дагы сегиз талапкерди каттоо алдында турат. Боршайком жалпысынан тогуз адамды 30 миң анык кол топтой алган эмес деген жүйөө менен жарыштан четтеткен болчу.

Алардын баары сотко кайрылып, утуп алышкан эле. Жогорку Кеңеш да жарыштан четтегендердин маселесин карап, талапкерлердин шайлоо укугун кайра калыбына келтирүү тууралуу чечим чыгарган.

Бирок БШК соттон утуп алган, тил сынактан өткөн талапкерлерди каттоодо туңгуюк абалга кептелип калганын айтып чыкты.

1-октябрда жыйынга чогулуп, президенттик шайлоодон четтететилгендердин пайдасына бирок, ар башкача чыгарылган сот чечиминин улам каттоо мүмкүн эмкес деген тыянак чыгарылды.

Боршайком Биринчи май райондук сотуна талапкерлерге карата чыгарган чечимине түшүндүрмө сурап кайрылды.

БШКнын мүчөсү Жеңишбек Акматов соттон жооп келе электигин билдирүүдө. Бирок талапкер Нариман Түлеев сот БШКны парламенттин чечимин аткарууну милдеттендирип жатканын “Азаттыкка” маалымдады:

- Соттор “биз түшүндүрмө бере албайбыз, токтом турат, ошону аткаргыла”, - деп айтышыптыр.

Ошентип бул күнү сынактан өткөн беш кишиге тил сынагынан мурдараак өтүп, бирок топтолгон колдору жараксыз деген негизде катталбай калган үч талапкер: Турсунбай Бакир уулу, Салмоорбек Дыйканов менен Төрөбай Колубаевди кошкондо БШК президент болгусу келген дагы сегиз адамды жакын арада талапкерликке катташы мүмкүн.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрда өтөт. Талапкерлерди каттоого байланыштуу ызы-чуудан улам шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу сунуштары да көтөрүлгөн. Бирок БШК бул мыйзамга ылайык келбейт деп билдирген болчу. Ушул тушта расмий каттоодон өткөн 20 талапкер үгүт иштерин жүргүзүп жатат.

XS
SM
MD
LG