Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:53

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Биринчи май райондук сотуна талапкерлер тууралуу чыгарган чечимине түшүндүрмө берүүсүн сурап кайрылды.

Боршайком 1-октябрдагы жыйынында президенттик шайлоодон четтетилгендердин пайдасына, бирок ар башкача чыгарылган сот чечиминен улам тил сынактан өткөн талапкерлерди каттай алган жок.

Ошентип президенттик шайлоого бир ай калганда туңгуюкка кептелген кырдаал жаралып жатканы айтылууда.

Ишенбай Кадырбеков
Борбордук шайлоо комиссиясы соттон утуп алган талапкерлерди каттап туруп, кол тамгаларды текшериш керекпи, же текшергенден кийин гана катташ керекпи, дегеле кол тамгаларды текшерүү зарылбы деп баш катырууда.

БШКнын өкүлү Ишенбай Кадырбеков соттун так түшүндүрмөсүн албастан талапкерлерди каттоо мүмкүн эместигин айтты:

- Токтом жокко чыккандан кийин 30 миң колду кайра текшеришибиз керек. Сот бирөөнө “талапкер катары каттагыла, 30 миң кол чогултканы анык” деп чечим чыгарып берип жатат. Башкаларга антип чыгарып берген жок. Ошондуктан сотко “талапкерлерди каттай берелиби, 30 миңди туура деп эсептейлиби, же кайра санайлыбы, түшүндүрүп бергилечи” деп кайрылып жатабыз. Анткени соттун чечими ар кандай болуп жатат.

Талапкерлер макул эмес

Тил сынагынан өткөн, соттон утуп алган, бирок каттала элек талапкерлер БШКнын мындай баш катырмалары менен макул болбой жатышат.

Талапкер Төрөбай Колубаевдин юристи Өмүркул Байдосуновдун пикиринде, сотто БШКнын токтомун жокко чыгарылгандан кийин эле, эч суроосуз талапкерлер катталышы керек болчу:

- Соттор булардын токтомун жокко чыгаргандан кийин автоматтуу түрдө каттоо жүргүзүлүшү керек эле. Талапкерибиз БШКда “сотто утканыбызга байланыштуу каттагыла” деп арыз да жазып берди. Ал күрөө акчасын да төлөгөн, тил сынактан да өткөн. Эми азыр кайра сотко кайрылып жатышат. Дагы кандай болорун көрөбүз.

Боршайком тогуз талапкерди 30 миң анык кол тамга чогулта алган эмес деген негизде жарыштан четтеткен болчу. Бул талапкерлер сотко кайрылып, утуп алышкан. Бул тогуз талапкердин үчөө тил сынагынан өткөн. Эми 2-октябрда калган алты талапкер үчүн тил сынагы уюштурулганы жатат.

Ал арада талапкерлерди каттоого байланыштуу мындай иш-аракеттерди кимдир-бирөөлөрдүн шайлоону создуктуруп, же үзгүлтүккө учуратуу долбоору болушу ыктымал деген ойлор айтыла баштады.

Саясий куралбы?

Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынан депутат Токон Мамытов БШК кайсы бир күчтөрдүн саясий куралына айланып жатканы тууралуу айтып чыкты:
Сотко “талапкерлерди каттай берелиби, 30 миңди туура деп эсептейлиби, же кайра санайлыбы, түшүндүрүп бергилечи” деп кайрылып жатабыз. Анткени соттун чечими ар кандай болуп жатат.

- Соттон жок дегенде тогузунан үчөө-төртөө утпай калса, БШКнын чечими туура болуп калса бир жөн эле. БШК чыгарган тогуз адамды тең сот президенттик жарышка түшсүн деген чечим чыгарышы эле мунун артында саясат болушу мүмкүн экенин айтып жатат. Бул биз билбеген, парламент билбеген, БШКнын айрым мүчөлөрү билбеген чоң саясий оюндар болуп жатабы деген ой бар.

Жогорку Кеңеш 30-сентябрдагы отурумунда БШК жарыштан четтеткен талапкерлер маселесин караган. Анда тогуз талапкердин шайлоо укугун калыбына келтирүү тууралуу токтом кабыл алынган.

Башында президент болуу ниетин 80дей адам билдирген болчу, эленип отуруп 20 талапкер расмий каттоодон өткөн. Эми БШК туңгуюк кырдаалдан чыгып, талапкерлерди каттап, тил сынагынан өткөрсө, президенттик үчүн жарышка чыккандардын саны жыйырмадан ашмакчы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG