Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Шайлоо: Атың чыкпаса, жер өрттө


Кыргыз гезиттери.
Кыргыз гезиттери.

Президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарында ысымы эң көп аталган талапкерлер Атамбаев менен Мадумаров болуп жатат.

Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына байкоо жүргүзгөн уюмдар белгилешүүдө. Алар шайлоо өнөктүгүн чагылдырган гезиттер эрежелерди сактабай жаткандыгын да сынга алышууда.

Бишкектеги “Медиаполис” институту шайлоо өнөктүгү учурунда 14 кыргыз тилдүү жана 7 орус тилдүү гезит-журналга байкоо жүргүзүп жатат.

Аталган уюмдун өкүлү Бегайым Усенова кыргыз тилдүү гезиттер имиш-ушак таризиндеги такталбаган маалыматтарды көбүрөөк чыгарып жаткандыгын кеп кылды. Ошондой эле талапкерлерди үгүттөгөн материалдарга каражат төлөнгөнүн да жашырып жатканын айтууда.

- Массалык маалымат каражаттары макаланын төлөнгөндүгү тууралуу маалымат бербей, жашырып жатат. Ошол эле кезде ал үгүт материалы болуп калууда. Анда добуш берүүгө чакыруу, кайсы бир талапкерге урмат көрсөтүү бар. Муну мыйзам бузуу катары бааласа болот.

Бегайым Усенова алгачкы жыйынтыктардын негизинде массалык маалымат каражаттарында ысымы эң көп аталган талапкер Алмазбек Атамбаев менен Адахан Мадумаров болгондугун белгиледи:

- Биз талапкерлердин ысымдары гезит-журналдарда канча жолу аталып жатканына да көңүл буруп жатабыз. Бул жагынан алганда Алмазбек Атамбаев базма сөздө аты эң көп аталган талапкер болууда. Ошондой эле Адахан Мадумаровдун ысымы да көп аталып жатат. Бирок ал тескери маанайда да көбүрөөк мүнөздөлүүдө.

Басма сөздө талапкерлерди жамандаган жана каралаган макалалар көп орун алып жаткандыгын башка медиа уюмдар да белгилешүүдө.

“Маалымат укугу борбору” коомдук бирикмесинин жетекчиси Нургүл Абдыкеримованын белгилешинче, электрондук жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерди калыс жана жакшы жагынан берип жатса, басма сөз каражаттары тескери маанайда чагылдырууда.

“Маалымат укугу борбору” коомдук бирикмеси башка да уюмдар менен биргеликте Бишкектеги 10 интернет сайтка, Жалал-Абад жана Ош облусунда көрсөтүлгөн телеканалдардын баарына, ошондой эле 13 кыргыз тилдүү жана 11 орус тилдүү гезиттерге күнүгө байкоо салууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы да талапкерлерди каралаган гезиттерди буга чейин тартипке чакырганы белгилүү. Анткен менен аларга катуу чараларды көргөн эмес. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурмамат Ашымов буларды билдирди:

- Бул жерде талапкерлер бири-бирин жамандап жатат. Мыйзам боюнча алар өздөрүнүн абийирин сотто коргошу керек, башкача айтканда талапкерлер бири-бири менен сотто чечишип алышы керек. Телеканалдарда одоно мыйзам бузуулар каттала элек.

Мындан тышкары Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун убактылуу өкүлдөрү да шайлоо учурунда Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарына байкоо салып жатат.

XS
SM
MD
LG