Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:10

Президенттикке аттанган талапкерлердин өкүлдөрүнүн жана укук коргоочулардын айтымында, Алмазбек Атамбаев үчүн административдик ресурс колдонулуп жатканы байкалууда.

Бул тууралуу 14-октябрда Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө айтылды. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабы мындай айыптоолорду четке кагууда.

Кечээ премьер, бүгүн талапкер

14-октябрда Бишкекте Коомдук көзөмөл штабы уюштурган “Шайлоо жараяны анын катышуучулары менен” аттуу тегерек үстөлдө президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевдин өкүлү Нургазы Анаркулов мыйзам бузуулар тууралуу буларды билдирди:

- Административдик ресурстун колдонулушу боюнча көп сөз болуп, алар далилдер менен бекемделип жатат. Жалпы жонунан шайлоо башталгандан бери 100дөн ашык актылар түзүлгөн. Алардын көпчүлүгүн биз сот органдарына бергенбиз. Бирок бийлик жана сот органдары көз каранды болгондуктан мындай маселелердин каралышы абдан кечеңдеп жатат.

Укук коргоочу Атыр Абдрахматова Бишкек шаарынын жетекчилиги шайлоо өнөктүгүндө башка талапкерлерге караганда Алмазбек Атамбаевге артыкчылык берип жатканын байкаган.

- Жол боюндагы карагайлардын баарында бир гана талапкер илинип турат, башкалары жок. Эмне үчүн мэрия ошону көрсө да алып койбойт? Бул жерде “бармак басты, көз кысты” болуп жатат.

"Дооматтар суу кечпейт"

Анткен менен мындай дооматтарга президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабы макул эмес.

Атамбаевдин ишенимдүү өкүлү Фарид Ниязов алардын талапкери административдик ресурска муктаж эмес экендигин белгилеп, курулай айыптоолордон алыс болууга чакырды.

- Андай фактылар биздин штабга да түшүүдө. Аларга өз учурунда жооп берүүгө аракет кылып жатабыз. Бирок биздин талапкер административдик ресурска муктаж эмес. Биздин үгүт ишибизге жана үгүт жүргүзгөн адамдарыбызга да туура эмес мамиле кылгандар болууда. Ал түгүл биздин штабдын кызматкерлерине СМС жиберип коркуткандарды жоопкерчиликке тартып, биздин баннерлерди сыйрып салгандар боюнча Ички иштер министрлигине арыз да жазганбыз. Жергиликтүү бийликтер биздин талапкерге каршы деле административдик ресурс колдонуп жатат.

Марат Токоев

Марат Токоев

​Ошондой эле жалпыга маалымдоо каржаттарынын шайлоо өнөктүгүн чагылдыруусуна байкоо жүргүзгөн уюмдар журналисттер кетирген айрым кемчиликтерди белгилешүүдө.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев буларга токтолду:

- ЖМКлар негизинен эки принципти карманганга аракет кылып жатышат: биринчиден, гезиттин ээсинин позициясын чагылдырып, кайсы бир талапкерди каралап же мактап жатышат. Экинчиден, шайлоодо көп акча табуу аракети болууда. Мисалы, бир эле ЖМКда кайсы бир талапкер боюнча сындаган, көбүнчө каралаган материал кетип жатса, ошол эле санга же ошол эле телеканалдын эфирине сынга алынган талапкердин үгүт материалы жайгаштырылып жатат. Ушул сыяктуу адамды таң калтырган нерселер болууда.

Марат Токоев телеканалдардын жаңылыктар берүүсүндө да тартип сакталбай жаткандыгын белгиледи:

- Өкүнүчтүү нерсе, жаңылыктар түрмөгүндө үгүт видеолорду жана үгүт маанайдагы материалдарды берип жатканы болууда. Булар жаңылык материалдардан атайын бөлүнбөй эле, ошолордун соңунан кетип калууда.

Телетаймаш жана чүчү кулак

Ошондой эле шайлоого байкоо жүргүзүп жаткан Коомдук көзөмөл штаб Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, Коомдук биринчи каналда талапкерлер ортосунда боло турган телетаймаш боюнча чүчү кулакты кайра өткөрүү зарылдыгын белгилешти. Алар муну айрым адамдар президенттик жарыштан четтеген соң, кээ бир талапкерлер теледебатта атаандашы жок калганы менен байланыштырууда.
Жол боюндагы карагайлардын баарында бир гана талапкер илинип турат, башкалары жок. Эмне үчүн мэрия ошону көрсө да алып койбойт?

Борбордук шайлоо комиссиянынын мүчөсү Жаркын Бапанова талапкерлер ортосунда кайрадан чүчү кулак өткөрүлбөсүн “Азаттыкка” маалымдады.

- Чүчү кулак болбойт, болгону атаандашы жок болуп калса, башка да атаандашы жок талапкер менен бирге башка күнү чыга берет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, 14-октябрга карата президенттикке аттангандардын саны жыйырма адамды түзүүдө. Шайлоого катышуудан баш тартканын ачыктаган Акылбек Жапаровдон азырынча арыз түшө элек. Ал арыз менен кайрылса, талапкерлердин саны 19 болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG