Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:58

Кыргызстанда президент болгусу келгендердин саны күндөн күнгө өсүүдө. Бүгүнкү күнгө карата 30 талапкерден арыз түштү. Быйылкы президенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу “Арай көз чарай” талкуусунда сөз болду.

Талкууга Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров, коомдук ишмер Аскарбек Молдобаев жана саясат таануучу Санжар Тажыматов катышты.



“Азаттык”: Менимче, быйылкы президенттик шайлоонун бир нече өзгөчөлүктөрү бар. Тыштан байкалганы – жаңы Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктары чектелгенине карабай, чамасын эске албастан мамлекет башчысынын ордуна жетүүнү эңсегендер, кыялдангандар көп. Мындан башка шайлоонун үгүт иштери учурунда байкалуучу өзгөчөлүктөрү да болот. Рашид мырза, бул шайлоонун укуктук эрежелери, жол-жоболору мурдагыдай элеби, же айрым өзгөрүүлөр барбы?

Бекбасаров: Негизги өзгөрүү – добуш берүү дареги. Мурда биз каттоодо турган жерден шайлоого катыша турган болсок, азыр жашаган жеринде бөлүнгөн убакыттын ичинде келип шайлоодо добуш берем деп билдирип, катышса болот.

“Азаттык”: 2005-жылкы ыңкылаптан кийин президенттик шайлоого катышуу ниетин 22 киши билдирип, алтоо эле бардык баскычтардын өтүп, бюллетенге кирген. Кийин Бакиевдин бийлиги күчөп турган 2009-жылкы шайлоодо 18 киши ниетин билдирип, анда марага алты эле адам жеткен.
“Бийликти бир колго алам, ошого жетем” деген айрым бузуку талапкерлерди биздин шайлоочулар нөлгө келтирип койсо мен чоң рахмат айтат элем.

2-августка карата президент болууну эңсегендер 30га жетти. Бул сан дагы көбөйөт. Быйыл бюллетенге кирчүлөрдүн саны да мурдагыдан арбын болчудай. Аскарбек мырза, талапкерлердин көптүгү да быйылкы шайлоонун өзгөчүлүгү дегенге кошуласызбы? Дегеле президенттин бийлиги чектелгенине карабай, мамлекет башчысы болууну эңсегендер эмне үчүн көбөйүп жатат?

Молдобаев: Мурун Акаевдин, Бакиевдин убагында баарыбыз эле ошолор кайра шайланарын билчүбүз. Ошондуктан кыргыз жарандары “добуш берип эмне кереги бар, баары бир ошол киши болот” деп ойлочу. Азыр ар бир кишиде “мен да боло алам, сен да боло аласың” деген үмүт пайда болду. Бирок алына карап иш жасаса жакшы болмок. Кыргыздар бийлик дегенди жакшы көргөн эл окшойбуз, ушул жагы көп болуп атат.

“Азаттык”: Муну да өзгөчөлүк десек болобу?

Молдобаев: Бул да өзүнчө өзгөчөлүк. Башка мамлекеттер “кыргыз эли эмне болгон эл” деши мүмкүн. Ал эми биз өзүбүз “бул кенендик” деп ойлоп атабыз.

Рашид Бекбасаров
“Азаттык”: “Ата Журт” деген партия бар. Булардан президенттикке азырынча экөө чыгып жатат, дагы кеминде бирге көбөйүшү мүмкүн. Мурдагы шайлоолордо бийликтин, оппозициянын бирдиктүү жана аларды жандоочу талапкерлери деген түшүнүк бар эле.

Санжар мырза, азыр талапкерлер эмненин негизинде бириге алат? Жалаң регионалдык факторбу же президенттик бийликти кайра күчтөндүрүү үчүнбү? Болбосо “жок, апрель ыңкылабынын жетишкендигин сактап, азыркы башкаруу системасын сактап, өркүндөтөбүз” деген позицияны кармангандарбы? Анткени экономика эмес, дал ушул маселе азыркы шайлоонун башкы темасы болчудай...

Тажиматов: Мен сизге толук кошулам, регионалдык негизде биригүүлөр болбойт деп четке кагуу туура эмес. Себеби белгилүү деңгээлде бизде айсбергдин түбүндө жашап жаткан белгилүү күчтөр бар, аны эч ким ачык айта албайт, белгилүү кызыкчылыктардын негизинде биригиши мүмкүн.
Ушул шайлоо болгону биз үчүн чоң плюс. Себеби өзүбүздүн атуулдардын деңгээли жогорулайт. Мурдагы жылдарга караганда электораттын деңгээли өсүп баратат.

Бирок сырткы фактор да өзүнүн таасирин берип атат. Бул – айланабыздагы дөө-шаа мамлекеттер. Мисалы, АКШ, Батыш биздин парламенттик республика болуп, демократиялык процесстердин андан ары өнүгүшүнө кызыкдар болсо, жакынкы кошуналарыбыз жана Орусия, Кытай, ШКУнун мүчөлөрү президенттик башкаруу болушуна көбүрөк кызыкдар болгондой сезилип турат. Ошондуктан тышкы факторду эске алганда бул эң негизги маселе, бул биздин Баш мыйзамдын айланасында эле кайра болот го деп ойлойм.

“Азаттык”: Башкаруу системасына карата позициялар боюнча талапкерлер биригиши мүмкүнбү?

Тажиматов: Менин оюмча биригүүлөр сөзсүз түрдө болот. Жалгыз бир лидер бардыгынан оозуп кетет деп айтуу кыйын. Ошондуктан реалдуу бюллетенге киренге чейин, киргенден кийин да биригүүлөр болушу мүмкүн. Мындай кырдаалда саясий соода сөзсүз түрдө болот.

Көзөмөл канчалык болот?

“Азаттык”: Мурдагы президенттик шайлоолордо административдик ресурс: министрлер, аким, губернаторлор, мамлекеттик компаниялардын жетекчилери, ректорлор, өкмөттөн айлык алган аттуу-баштуулар бир талапкерге иштечү. Азыр бийлик беш партияга бөлүнүп кеткен. Оппозициядабыз деген “Ата Мекендин” да губернатордук, акимдик кызматта калган анча-мынча өкүлдөрү бар. Аскарбек мырза, демек бул шайлоодо мурдагыдан айрымаланып өкмөт мүчөлөрү административдик ресурс ар кайсы талапкер үчүн иштейби же ал колдонулбайбы?

Молдобаев: Жакында кабыл алынган “Шайлоо тууралуу” мыйзам боюнча, администрацияда, бийликте, мамлекеттик ишканаларда иштегендердин баарына агитация жүргүзүүгө тыюу салынган. Бул жагын БШК, күч органдары катуу көзөмөлгө алыш керек.
Социалдык-экономикалык абалы начар мамлекеттерде көбүнчө саясий популизм утат. Бул жолу да саясий популизм боюнча ким жакшы уста болсо ошол адам эле утат.

Кыргызда мыйзамды бузуу көп болот, анда да көз жумуп коймой кыргызчылык салтыбыз бар. Бул шайлоодо мындай болбош керек. Эгерде ошондой болсо биз кайра жаман жакка ооп кетебиз деп ойлойм. Жакында Атамбаев Манастын эстелигин тургузганга 1 млн. сом бердим дейт. Анда мыйзам боюнча бул киши тизмеге кирбей калабы деп турам. Азыркы талапкерлер ушул жагын көп ойлонуш керек.

Тажиматов: Мурунку деңгээлдегидей административдик күч колдонулбайт. Себеби азыр бизде плюрализм өтө күчтүү болуп калды. Маселенин бардыгы электораттын өзүндө. Электорат эмненин негизинде добуш берет? Кайра-кайра добушка кирүүнү уюштурса ошого электорат барабы? Ошого барбастан бул шайлоодо өзүбүздүн атуулдук позициябызды көрсөтсөк жакшы болгону турат.

“Азаттык”: Рашид мырза, “Ата Журт”, же Социал-демократтар аркылуу министрлик, же губернаторлук кызматка келгендер эс алууга кетип, өз лидерлери үчүн үгүт жүргүзө алабы? Учуру келгенде үгүт иштерине жашыруун аралашуусу толук мүмкүн. Эгер ачык аралашып кетсе, сиздерде таасир этүүнүн кандай рычагдары бар?

Бекбасаров: Мунун баары мыйзам боюнча чектелген. Министрибиз өзү үгүт иштерин жүргүзгөнгө укугу жок. Ал жумушунан бошонуп, үгүт жүргүзсө болот. Өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарып турган убагында андай ишке мыйзам уруксат бербейт, ага бара да албайт. Мындай мурда да болгон эмес, азыр да болбойт.

Бүгүнкү күндө коомдук көзөмөл көбүрөк. БШКнын курамы да башка. БШКнын курамында ар кайсы партиялардан келген өкүлдөр болот, ошондуктан бири-бирин көзөмөлдөө комиссиянын ичинде да бар. Мындай нерселерге мурунку убактагыдай деңгээлде жол берилбейт.

Санжар Тажыматов
“Азаттык”: Санжар мырза, “шибегени капка ката албайсың”, Кыргызстандын коомунда уруучулук, жердешчилик рол ойноору жашыруун эмес. Бул шайлоодо теги түндүктүк талапкер түштүккө барганда, түштүктүгү түндүккө келгенде кайсы бир чоң атасы алардын кулуну болгонун айтып, ушул факторду да добуш жыйноонун аргасы катары пайдалануусу мүмкүнбү?

Тажиматов: Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул жерде биз регионалдык менен трайболизмдин өзгөчөлүктөрүн эске алышыбыз керек. Регионалдык бүгүнкү күндө бизге көбүрөк зыянын тийгизиши мүмкүн. Себеби түштүктөгү окуя жана 7-апрель боюнча болгон дебаттарда регионалдык кичине болсо да байкалып турду.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда калың элди саясатка регионалдык негизде мобилизациялоо душмандык менен барабар каралыш керек. Себеби бөлүнүп-жарылууга алып келет. Трайболизмдин жаман жактары бар, уруучулук деп айтып атабыз, анын жакшы жактары да бар. Себеби түндүктөн, же түштүктөн чыккан киши “менин түпкү ата-бабаларым ушул жактан болгон” деп урууларын сүрүштүрө келсе түбү барып кыргыз болуп чыгып атпайбы.

Бул жерде трайболизмдин регионализмге караганда зыяны азыраак, көп жагынан пайдалуу. Кыргызда “урууң ким” деп сурайт, кыргызды кыргыз кылып турган нерсе ушул. Демек бул нерседен эч кандай терс жагын издебеш керек.

“Азаттык”: Кыргызстанда улуттук азчылыктар да бар, аларга келгенде талапкерлерге кайсы принцип негизги ролду ойношу мүмкүн?
Мурун Акаевдин, Бакиевдин убагында баарыбыз эле ошолор кайра шайланарын билчүбүз. Ошондуктан кыргыз жарандары “добуш берип эмне кереги бар, баары бир ошол киши болот” деп ойлочу.

Тажиматов: Аларга келгенде граждандуулук, Кыргызстан жалпыбыздын мекенибиз, адам укуктары деген негиздер биринчи орунда турушу мүмкүн. Ошондуктан бул жерде саясатчыдан көп нерсе көз каранды – ал канчалык деңгээлде электоратты өзүнө бура алат. Бул жерде чыгармачылык тыюу жок, аны эл өзү көрүш керек, таразалаш керек, ошого жараша добуш бериш керек.

Түрдүү технологиялар колдонулат. Бирок эң коркунучтуусу – административдик ресурс, улуттук араздашууга, регионалдык бөлүнүүгө алып баруучу үгүттүн болушу мыйзам тарабынан тыюу салынган. Ошону электорат, БШК, бардыгы катуу көзөмөлдөсө, калган нерселерге уруксат бар, аны электорат өзү тандап алышы керек.

Убадалар урааны

“Азаттык”: Рашид мырза, талапкерлер расмий шайлоо корунун максималдуу өлчөмүн бул ирет канчага чейин жеткире алышат?

Бекбасаров: Максималдуу өлчөмү 50 млн. менен чектелип турат. Биринчи келип каттоо үчүн берилгени 100 миң.

“Азаттык”: Былтыр күздөгү парламенттик шайлоо Кыргызстан тарыхындагы эң кымбат шайлоо болду. Шайлоого катышкан саясатчылар муну өздөрү да айтып жүрүштү. Бардык саясий күчтөрдүкүн кошкондо баш-аягы 70-80 миллион доллар корогонун айтып жүрүштү. Коротулуучу каражат жагынан да азыркы президенттик шайлоо мурдагылардан кымбат болобу?

Молдобаев: Канча талапкер каттоодон өтөт – ошого жараша чечилет. Эне тилден экзамен бергенден кийин азыркы 35 киши өтө алабы, же үч киши калабы? Акчаны президент болом деген кишилер жакшы эле чогултат го. Бизде жашыруун акчалар көп, аны эсептеш кыйын. Агитациялык ишти бирөө текшерер бекен, ошол баа туура келдиби? Ал акчанын чыгашасы элдин шартына жараша, сатылып кетмей деген токтосо мүмкүн 50 миллиондон аз эле акча керек болот.

“Азаттык”: Рашид мырза, сиздерде текшерүүнүн чыгымынын механизми барбы?
Белгилүү деңгээлде бизде айсбергдин түбүндө жашап жаткан белгилүү күчтөр бар, аны эч ким ачык айта албайт, белгилүү кызыкчылыктардын негизинде биригиши мүмкүн.

Бекбасаров: Сөзсүз, механизм бар, мыйзам менен аныкталган, өзүнүн жоболору бар. Бирок биз расмий чыгашаларды гана эсептей алабыз. Мурда деле чектөөлөр бар болчу, бирок ММКлардан ашык суммалар айтылып жүрөт, аны биз текшере албайбыз, жок деп да айта албайбыз.

“Азаттык”: Мурда бийликтин талапкери утчу эле, азыр акчасы көп талапкер утуп кетпейби?

Тажиматов: Бул жолу бийликтин өкүлү, же акчасы көп өтүп кетет деп айтуу кыйын. Социалдык-экономикалык абалы начар мамлекеттерде көбүнчө саясий популизм утат. Бул жолу да саясий популизм боюнча ким жакшы уста болсо ошол адам эле утат.

Латын Америка мамлекеттеринде, айланабыздагы өлкөлөрдө да саясий популизм бар. Асманды айтып, убадаларды берип, ошону ишендирип, ошонун негизинде өтүшү мүмкүн. Ал эми акча чачканда бул жерде канча электорат турат, анын баарын курчаш өтө кыйын го деп ойлойм.

Экинчиден, административдик ресурстарга да плюрализм болуп калды, граждандык коом болуп атат. Эң негизгиси БШК позицияда катуу туруп берсе, баары жакшы болот деп ойлойм.

Аскарбек Молдобаев
“Азаттык”: Өзүнүн эмес, өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын көздөгөн талапкер саясатчылар алдыда кандай принциптерди кармануусу керек? Шайлоонун тынч өтүшүн, Кыргызстан калкын эки жаатка бөлбөшүн, буга кошумча шайлоонун эл аралык коомчулук тарабынан демократиялуу деп таанылышын кепилдегидей шартта өтүшүнө жетишүү негизги принциптер болуусу керекпи?

Тажиматов: Биринчи кезекте шайлоого койгон талапкерлер регионализмден алыс болуш керек. Эң коркунучтуу оору бизде ушул болууда. Экинчиден, элди акча менен сатып алуу жолун токтотсо. Үчүнчүдөн, анын программасы өлкөнүн тагдыры тууралуу болсо.

Жалгыз гана талапкерден эмес, бул жерде электораттан да көп нерсе көз каранды. Биз “кайра-кайра эле шайлоо болуп, акча кетип атат” деп айтышыбыз мүмкүн. Ушул шайлоо болгону биз үчүн чоң плюс. Себеби өзүбүздүн атуулдардын деңгээли жогорулайт. Мурдагы жылдарга караганда электораттын деңгээли өсүп баратат. Шайлоолор менен электоратты демократиялык маданиятка тарбиялап атабыз.

Бекбасаров: Биздин шайлоо кампаниянын катышуучулары мыйзамды сактап, мыйзамдын чегинде катышса.

Молдобаев: “Президент болсом, Конституцияны бузсам” деген талапкерлер болуп атат. Ушул талапкерлер ушул оюнан кайтса жакшы болмок. Жаңыдан такталып келаткан парламенттин негизинде шайланган өкмөт, ошонун негизинде ээн-эркин атуулдук көзөмөл болуп атат. Азыр оңоло баштадык. Ушуну сактап калсак, биз мындан да оңолобуз го дейм. “Бийликти бир колго алам, ошого жетем” деген айрым бузуку талапкерлерди биздин шайлоочулар нөлгө келтирип койсо мен чоң рахмат айтат элем.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG