Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Маалымат агенттиктери үгүт акчасынан каңтарылды


Борбордук шайлоо комиссиясы маалымат агенттиктерин президенттик шайлоодо үгүт иштерине катыштырбай турган болууда. БШКнын мындай чечими журналисттердин, эксперттердин сынына кабылды.

"Массалык маалымдоо каражаттары тууралуу" мыйзамга ылайык маалымат агенттиктери ММК катары эсептелбейт. Дал ушул мыйзамга таянып, Борбордук шайлоо комиссиясы маалымат агенттиктерин каттоодон өткөрбөй койду. Демек маалымат агенттиктери президенттик шайлоодо үгүт иштерине катышпай турган болууда.

БШКнын мындай чечимине ири алды маалымат агенттиктери нааразычылыктарын билдиришүүдө. Анткени маалымат агенттиктери үгүт иштеринен түшчү акчага үмүт кылышат. Ошентип үгүт иштерине катышууга аракет кылган 11 маалымат агенттигин БШК каттабай койду. Эми алар коммерциялык негизде “муну шайлагыла” деген сыяктуу үгүт иштерин жасай албай калышат, бирок шайлоо тууралуу маалыматты чагылдыра беришет.

Бирок бир жагынан алганда мыйзам боюнча эч ким маалымат агенттиктерине үгүт иштерине катышууга тыюу сала албайт. Анткени алар маалымат каражаттары катары эсептелбейт. Андыктан кайсы бир маалымат агенттиги үгүт иштерине катышып, көчө жарнактарындай эле кайсы бир талапкерди колдогон жарнамаларды өз сайтына иле берүүлөрү ыктымал.

БШКнын төрага орун басары Гүлнара Журабаева “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, алар маалымат агенттиктерине үгүт иштерине катышууга тыюу салышпаганын, тек гана мыйзамды аткарып, ММК катары саналбаган маалымат агенттиктерин каттабай коюшканын билдирди. Ал эми каттоодон өткөн 40 теле жана радио, 103 басма сөз каражаттары көзөмөлдөнөт:

- Интернет басылмаларына келсек, биз аларга таасир берип же көзөмөлдөй албайбыз. Ошол себептүү аларды каттоодон өткөргөн жокпуз. Аларга карата эмне кылыш керектиги мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Алар үгүт маалыматтарын жаза беришсин, биз эмне кыла алмак элек? Алар ММК деп эсептелген эмес да. Ошондуктан мыйзамда аларды ММКга теңеген кандайдыр бир норма болушу керек. Кээ бирлери жазгандай, “маалымат агенттиктерине тыюу салды” деген такыр туура эмес.

Ошентсе да БШК талаш-тартыштуу мындай жагдайга Жогорку Кеңештен түшүндүрмө сурап кайрылмакчы. Бирок азыркы тапта парламент эс алууда, ал эми үгүт иштери күздү күтпөй тургандыктан маалымат агенттиктеринин макамы азырынча ушул бойдон калчудай.

Мурдагы шайлоодо БШК маалымат агенттиктерин каттоодон өткөргөнүн эскерте кетели.

Президенттин маалымат катчысы Султан Каназаровдун пикиринде, ММК тууралуу мыйзамда талаштуу нерселер камтылган. Анткени маалымат агенттиктери кайсы бир маалыматты таркатканы үчүн сотто “мыйзам боюнча биз маалымат каражаты эмеспиз” деп кутулушат. Дал ошол себептүү БШК мүчөлөрү “өзүңөргө ыңгайлуу учурда эле ММК боло каласыңар” дегендей аргумент келтиришүүдө. Ошентсе да БШК бул боюнча талкууларды уюштуруп, сунуштарды карап анан чечим чыгарса болмок:

- Эгер БШК үчүн ушундай бир чечим кабыл алуу керек болсо, алар ушуну туура деп ойлошсо, анда эмне себептен талкууларды, коомдук угууларды уюштурушкан жок? Балким ушундай иш-чараларды жасаш керек эле, ошол маалымат агенттиктери менен бергеликте. Кандай кылып ушул маселени чечсе болот, деп сүйлөшүш керек эле. Жөн эле болбойт деп тыюу салган позиция да туура эмес. Менимче кеп-кеңештер, талкуулар керек эле.

Каттоодон өтпөгөндөн кийин шайлоо маалында үгүт кылган маалымат агенттиктерине карата кылмыш иши козголуп калуу коркунучу да бар.

Динара Ошурахунова
“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын айтымында, ушундай туура эмес мыйзам далай талашты жаратышы мүмкүн.

Бирок интернет басылмаларын тизгиндөө мүмкүн эмес:

- Интернетке бут тосо алышпайт. Анткени кайсы гана маалымат агенттигин үгүт иштерине жолотпой, бут тоскону менен башка деле канчалаган орусиячыл сайттар жүрөт. Алар кандай гана күч менен парламентаризмге каршы иштеп атышат. Биз унчукпай эле отурабыз го.

Каттоодон өтпөй калган “КирТАГ” маалымат агенттигинин башкы директору Улан Исаковдун айтымында, эми алар үгүт иштерин жүргүзгөн күндө да БШК эч нерсе дебеши керек. Бирок көпчүлүк телерадио жана басма сөз каражаттары маалымат алган агенттиктерди каттабай коюу, ММК деп эсептебөө, мурда каттап азыр четке кагуу нааразычылык жаратууда:

- Менин жеке нааразычылыгым, эмнеге каттоо убагы өтүп жатканда, документтер кабыл алынаар маалда бул айтылган эмес. Документтердин баарын алып, чогултуп алышкандан кийин гана “маалымат агенттиктери массалык маалымат каражаттарга кирбейт” деген тыянак менен четке кагып атышат. Башында эле айтышса болбойт беле. Эмнеге мурдагы шайлоолордо уруксат берип жүрүштү анда?

Эми маалымат агенттиктеринин жетекчилери 23-июлда чогулуп, бул маселени талкууга алышмакчы. Парламентке, президентке, премьер-министрге, БШКга кайрылуу жолдоо жагы да каралмакчы.

XS
SM
MD
LG