Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:25

Жаңы мыйзамга ылайык, шайлоо учурунда чет элдик маалымат каражаттарынын берүүлөрү Кыргызстанда жазылып алынгандан кийин гана көрсөтүлүүгө тийиш. Муну депутаттар маалымат коопсуздугун камсыздоо жүйөсү менен түшүндүрүүдө. Ал эми медиа өкүлдөр бул мыйзам сөз эркиндигин чектейт деп коңгуроо кагып чыгышты.

Internews network эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мария Раснер мыйзам долбоору сөз эркиндигин чектейт деп эсептейт.

- Биз баарыбыз парламенттик шайлоодо чет элдик маалымат каражаттарынын, телеканалдардын Кыргызстандын маалымат мейкиндигине кийлигишкен учурлары болгонун билебиз. Бул таасир этүү алдыдагы шайлоодо да кайсы бир түрдө кайталанары бышык. Бирок бул маселени сөзсүз эле цензура аркылуу чечиш керек беле? Эгер шайлоо өнөктүгү учурунда кайсы бир телеканалга нааразычылыктар болсо, аны сотко берүү аркылуу чечсе болмок.

12-майда парламент “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алган. Анын 22-беренесинде чет өлкөлүк маалымат каражаттардын Кыргызстанда шайлоо алдында үгүт жүргүзүүсүнө тыюу салынган.

Ошондой эле чет өлкөлүк телерадиолорду алып көрсөткөн жергиликтүү телеканалдар шайлоо учурунда алардын программаларын жазып алып, карап чыккандан соң гана көрсөтүшү керектиги белгиленген. Бул жобо ушул тапта массалык маалымат каражаттарынын жана медиа уюмдар ортосунда чоң талаш-тартыштарды туудурууда.

Тышкы таасирди алдын-алуу

Мыйзамдын авторлорунун бири, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Эркинбек Алымбеков аталган мыйзам долбоору сөз эркиндигин чектейт деген пикирди четке кагууда.

- Цензура боюнча эч кандай коркунуч деген жок. Бул мыйзам чет элдик маалымат каражаттарын шайлоо учурунда гана чектейт.

Эркин Алымбеков
Депутаттар бул жобо Кыргызстандын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөйт деп эсептейт.

Чет элдик маалымат каражаттарынын таасирине алдырып, шайлоочулар өлкөнүн келечеги үчүн жаңылыш добуш бериши мүмкүн дейт депутат Алымбеков.

- Шайлоо күнүнө бир күн калганда ЖМК аркылу үгүт иштери токтотулат. Ошого карабай чет жердик ЖМКлар Кыргызстандын мыйзамын бузуп, үгүт жүргүзгөн учурлар болгон. Ошондуктан чет элдик күчтөрдүн кайсы бир адамдарга өзгөчө шартты түзүп бербеши үчүн шайлоо алдында бир аз чектөөлөр киргизилди.

Мыйзамды аткаруу мүмкүн эмеспи?

Анткен менен Кыргызстандагы телеканалдардын өкүлдөрү аталган мыйзам сөз эркиндигин чектейт деп айтышууда. Маселен, орусиялык НТВ телеканалынын берүүлөрүн алып көрсөткөн Кыргызстандагы НТС каналынын кызматкери Нүргүл Артыкбаева мыйзамды ишке ашыруу техникалык жактан да мүмкүн эмес деп эсептейт.

- Бул техникалык жактан мүмкүн эмес. Алар жазуу түрүндө жибербейт да бизге. Биз спутниктен алабыз, кантип көзмөлдөмөк элек? Мисалы, НТВнын “Сегодня” деген берүүсү күнүнө бир нече жолу чыгат. Биз аны спутниктен кармап көрсөтөбүз. "Эмнени айтат, качан айтат" деп алдын ала көрүп чыга албайбыз. Спутниктен келгенди кантип алдын ала карап, алып салабыз? Экинчиден, мындай кылсак биз алардын ички ишине кийлигишкен болуп калабыз. Үчүнчүдөн, бул деген сөз эркиндигин чектөө болот.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев бул маселени артка кайтарууга кеч болуп калды деген ойдо. Ал мыйзам долбоору талкууланып жаткан мезгилде коңгуроо кагып чыкпаган массалык маалымат каражаттары өздөрү күнөөлүү деген оюн билдирди.

Мыйзам долбоору азыр президентин кароосунда жатат. Сариевдин айтымында, бүгүн-эртең ага кол коюлушу да мүмкүн.

Кыргызстанда Орусиянын ОРТ, “Россия” баштаган онго жакын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын да бир нече каналдары көрсөтүлөт. Мындан тышкары, Кытайдын орус тилдүү ССТВ телеканалы да акыркы жылдары тарта баштады. Ошондой эле орусиялык бир нече радиостанциялардын уктуруулары берилет.

Өткөн жылы кээ бир орусиялык телеканалдар Кыргызстандагы парламенттик шайлоо өнөктүгү учурунда айрым талапкерлерди жана партияларды каралаган, башкаларын ачык сүрөөнгө алган берүүлөрүн тараткан болчу.
XS
SM
MD
LG