Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:07

Коомдук телеканалдын байкоочу кеңешин таркатуу жана жетекчиликти алмаштыруу маселеси саясий соодалашууга айланууда.

Бул тууралуу парламенттик угууда билдирген КТРКнын башчысы Кубатбек Оторбаев мыйзам кабыл алуу шылтоосу менен каналдагы сөз эркиндигин муунтуу аракеттери жүрүп жаткандыгын белгиледи. Мыйзам долбоорунун автору Каныбек Иманалиев болсо муну кадимки мыйзамдык жараян катары баалап, бул боюнча айтылган сын-пикирди кызмат ордуларын сактап калууга жасалган жандалбас катары мүнөздөдү.

КТРК - соодалашуунун соогасыбы?

Коомдук телерадио корпорациянын жетекчиси Кубат Оторбаев КТРК боюнча жаңы мыйзамды кабыл алуунун артында саясий максаттар турганын белгиледи. Анын айтымында, муну менен мыйзам долбоорунун авторлору коомдук телеканалга көзөмөлдү колго алууга аракеттенип жатат.

Кубат Оторбаев саясий соодалашуунун арты менен сөз эркиндигин муунтууга кадам жасалып жатканына токтолду:

- “Ар-намыстын” он депутаты бир жээктен экинчисине секирип жатканда саясий соодалашуу болгонун айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты. Он депутаттын бири өкмөт башчысынан КТРКнын жетекчилик ордун сураган экен. Ошондон улам айтаарым, канал саясий соодалашуунун, партиялык тар кызыкчылыктардын сары чака тыйынына айланбаш керек. Сөз эркиндиги бизге жөн эле келе койгон жок. Былтыр 7-апрелде канын төккөн токсон азамат бир жылдан кийин баягы таз кейпибизге келели деп төшүн окко тоскон эмес. Биздин угармандар жанан көрөрмандар, сөз эркиндигибиз коркунучта. Бизди кайра тумчуктурабыз, кайрадан каналды “кара жащике” салабыз деген күчтөрдөн арачалап калыңыздар.

Парламенттик угууга мыйзам долбоорунун автору, “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев катышкан жок. Аталган долбоордун 29-беренесинде 2010-жылдын 30-августундагы Убактылуу өкмөттүн коомдук телеберүү түзүү тууралуу декретин жокко чыгаруу маселеси каралган. Ага ылайык, байкоочу кеңешти таркатуу же анын курамын жаңылоо маселеси анда көрсөтүлгөн эмес.

Мыйзамдаштыруубу же “мыйзамга” ашыруубу?

Мыйзам долбоорунун автору муну декреттин жоболорун мыйзамдык нукка салуу чарасы деп эсептейт. Каныбек Иманалиев саясий соодалашуу боюнча айтылган сын-пикирди азыркы жетекчиликтин кызмат орунун сактап калуу аракети катары мүнөздөдү:

- Алар мынчалык саясий пастыкка түшпөш керек эле. Эптеп эле кызматта калуунун айласы болуп жатат окшойт. Саясий соодалашуу болгудай мен Атамбаевден кызмат сураган эмесмин. Аны ошолордун өзүнөн сурап көргүлө. Бул эми кадимки мыйзам чыгаруу иши. Ошол декреттин өзүндө жазылуу турат. Байкоочу кеңештин үчтөн бири парламент тарабынан дайындалат деп. Бирок андай болгон жок да. Мына ошондуктан ошол жоболорду мыйзамга шайкеш келтирүү зарылдыгы турбайбы. Мисал үчүн Эсеп палатасын убактылуу өкмөт дайындаган. Парламент келгенден кийин анын курамы кайрадан каралып, бекитилди. Бул эми парламент карап кандай бекитсе ошондой чечиле турган маселе да.

"Айран-сүт менен жуулган кара көө"

Парламенттик угууда коомдук телеканалдын негизги шарттары болгон сөз эркиндигинин камсыздалышын, бейтарап, калыс жана ыкчам маалымат берүү жагы колго алынгандыгы айтылды. Кубат Оторбаев ондогон жылдар бою жоголгон элдин телеканалга болгон ишенимин калыбына келтирүү оор түйшүк менен коштолуп жатканын белгиледи:

- Ишенимден чыккан алып баруучу, диктор, журналисттердин кара көө сүйкөлгөн бетин кайрадан айран-сүт менен жууп, алардын чыныгы жүзүн элге алып чыктык. Эфир толкундарынан парламенттик шайлоого катышкан 29 партияга бирдей мүмкүнчүлүк бердик. “Мегаком”, “Кыргызнефтигаз”, Ө. Бабанов жана К. Байболовдордун айланасындагы акыркы окуяларды канал ар тараптуу жана калыс чагылдырууга аракет кылды. Анын учурунда мамлекет башчысына жана өкмөт жетекчилигине сын-пикирлер берилип турду.

Коомдук телеканалдын байкоочу кеңешинин төрайымы Эльвира Сариева КТРК боюнча мыйзам долбоорун кароонун өзү туура эмес деген маселени көтөрдү. Бирок анын мындай сунушу айрым эл өкүлдөрүнүн сынына кабылды. Социал-демократтар фракциясынан депутат Исмаил Исаковдун эмне үчүн аталган мыйзам долбооруна сунуш киргизилбегендиги боюнча суроосуна Эльвира Сариева сунуштамалардын четке кагылгандыгын айтты.

Исмаил Исаков: Эгерде жөн эле жерден депутаттарга акыл үйрөтө бербестен мыйзам жакпаса силер айтышыңар керек эле. Эмнеге жаккан жок, анын кайсыл жери жакпай жатат ошол боюнча өзүңөрдүн сунуштарыңарды берсеңер болмок. Ошондой демилге силер жактан болгон жок. Ушундайбы?

Элвира Сариева: Байкоочу кеңештин атынан, каналдын жамаатынын атынан сунуш-пикирлерибизди жибергенбиз. Бирок комитеттин төрайымы Жылдыз Жолдошова долбоордун автору кабыл албайт деп аны долбоорго кошуп киргиздирген жок. Негизинен биз жанагы санариптик телеберүү жагы боюнча жана каналдын жетекчилигин шайлоо боюнча сунуштарды берген элек.

Парламенттик угуунун аягында анын катышуучулары президентке, парламент төрагасына жана өкмөт башчысына кайрылуу кабыл алышты. Анда аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу коомдук телеканалдагы реформаларга тоскоол боло тургандыгы айтылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG