Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:01

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу бул ирет Коомдук телерадио корпорациянын Байкоочу кеңешинин айланасындагы талаш тартыштарга арналды.

Талкууга Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият, маалымат жана дин иштери боюнча комитетинин төрайымы Жылдызкан Жолдошева, Коомдук телерадио корпорациянын директору Кубат Оторбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев катышты.

“Азаттык”: Парламентте учурда Коомдук телерадио компаниянын байкоочу кеңешин жоюу-жойбоо, каналдын макамын өзгөртүү-өзгөртпөө маселеси кызуу талкууга түшүп жаткан кез. Бул маселе боюнча алгачкы талкуу 15-февралда депутат Жолдошева жетектеген комитетте өттү эле. Ушундан улам адегенде эле Жылдыз айым сизге суроо: бул талылуу маселени көтөрүүгө парламентте кандай муктаждык болду?



“Азаттык”: Сиз саясат жок деп атасыз. Ошол эле мезгилде коомчулукта сөз эркиндигин каалаган тараптар парламенттин бул демилгесин, кандайдыр бир деңгээлде өзүнүн кызыкчылыгы үчүн, саясий курал катары пайдалануу максатындагы аракеттер болушу мүмкүн, туура эмес кылып атышат деген бир топ дооматтар айтылып атат. Андай пикирлер биздин радиого да түшүп атат. Кайрылуулар, билдирүүлөр чыгып атат, сизге деле Жылдыз айым, барса керек. Ошондой макул эмес тараптардын бири «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын өкүлү Гүлзат Медералиеванын бизге калтырган пикирин угуза кетейин:

“Мен бул кадамды маалымат каражатына кол салуу катары баалайм. Себеби маалымат каражаты эркин болуш керек. Ал эми депутаттардын буга чейин түзүлүп калган байкоочу кеңешти таркатып туруп, жаңы шайлайбыз дегени - бул тек гана байкоочу кеңештин курамына депутаттардан өкүлдөр кирбей калганы үчүн алар таасир эте албай калышты. Ошондуктан бул нерсени жасап атышат. Чындыгында мындай нерсе болбош керек. Биз ушунча жыл эркиндикке жетели деп коомдук каналдын пайдубалын түптөсөк, эми депутаттар мунун баары мыйзамсыз болуп калган деген шылтоолорду айтып атышат. Жок дегенде үч жылга чейин ушуну иштетип кое турушса болмок, андан кийин карап көрсө болмок.” (Гүлзат Медералиева, «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын өкүлү)

“Азаттык”: Мына ушундай көз караштар бар. Абдыганы мырза, сиз кандай дейсиз, чын эле саясий өзөк барбы бул демилгеде, коомчулуктун өкүлдөрүнүн тынчсыздануусунда негиз барбы?

Абдыганы Эркебаев
Абдыганы Эркебаев: Мен кунт коюп угуп атам. Биздин Конституцияга маанилүү өзгөртүү киргизилген, эч убакта басма сөздүн эркиндигин чектеген, кыскан экинчи мыйзам кабыл алынбаш керек деп, менимче бул референдум жолу менен 98-жылы кирген. Ошону эң башкы мыйзамдык акт катары эсепке алып, ар кандай артка кетенчиктөөгө жол бербешибиз керек. Ушул маанайда мен телевидениенин коомдук статусун да колдойм, байкоочулар кеңешин да колдойм. Кеңештин курамы жакпаса, карама-каршылык болсо, туура эмес болуп калса аны түзөтүп койсо болот. Түпкүлүгү телевидениенин коомдук статусу сөзсүз калыш керек.

“Азаттык”: Парламенттин демилгесине сиз кандай карап атасыз?

Абдыганы Эркебаев: Мен азыр сөзүңөрдөн байкап атам, гезиттен да чала окуп калдым эле, Жылдыз айым өзү айтып кетти, эгерде алар саясий артка кайтуу эмес, карама-каршылыктарды юридикалык жактан түзөтөбүз десе, мен аны туура түшүнөм. Бирок түпкү принциптерге кайчы келбеш керек.

“Азаттык”: Кубат мырза, азыр сиз коомдук каналды жетектеп туруп атасыз. Сиздин көз карашыңыз кандай, байкоочу кеңешти жоюу, кайра түзүү демилгеси туура болуп атабы? Эмне максат менен, кандай муктаждыктан ушундай келип чыгып атат?





“Азаттык”: Сөзүңүзгө аралжы, сиз оюңузду ачык айткан адамсыз. Сиздин каалаган жакшы тилегиңиз башка нукка бурулуп кетет деп чочулаган жоксузбу? Башка саясий күчтөр да болушу мүмкүн да ушул маселени өз кызыкчылыгына пайдаланган. Мисалы, алдыда президенттик шайлоо келатат. Мамлекетке кайра кайтаруу аркылуу кайрадан Акаевдин же Бакиевдин убагындай жагдайга кайтып келүү коркунучу жокпу?

Жылдызкан Жолдошева: Биздин комитет коомдук канал болуп калышына тилектешпиз, ошону колубуздан келишинче колдойбуз. Азыр мен Коомдук телеканалыбыздан барып туруп өзүмдүн оюмду элге айттым. Себеби көпчүлүгү, айыл тарап түшүнбөй атышат, эмне талаш болуп атат деп. Ошон үчүн мен дагы бир нерсени айтып кетейин, азыр комитет үчүн да, же башка депутаттар үчүн да мен айта албайм, менин инсан катары, коомдук ишмер, депутат катары дагы менин жеке оюм - мурунку УТРК Коомдук телевидение болуп калыш керек.

Экинчиден, азыркы байкоо кеңешинин мүчөлөрү да көз карандысыз адамдар экен. Бирок кайрадан мыйзам ченемине биз алып келсек, кандай кылып ушул кеңештин курамын бекитебиз деген мыйзам чыкса, кайра эле ушул байкоочулар келип калышы мүмкүн. Сиз айтып кеттиңиз, болуптур, балким кимдир бирөөнүн жаман ою болсо, аны биздин комитет аркылуу жасайм десе биз ага жол бербейбиз.

Кубат Оторбаев
Кубат Оторбаев:
Жылдыз айым, ушу жерде бир суроо да, сиз байкоосуздан бирөөлөрдүн куралы болуп калуу коркунучун сезген жоксузбу?

Жылдызкан Жолдошева: Жок. Жүздөй киши келбеди беле Жогорку Кеңештин алдына, ошол учурда менин кабинетимде сиз да отурат элеңиз...

Кубат Оторбаев: Сиз жүздөй деп атасыз. Ал жерде 15 киши болгон, бизде тасмасы бар, бирден санай алабыз, кимдер экенин да билебиз.

Жылдызкан Жолдошева: Мен мына бул документтерди карап айтып атам.

Кубат Оторбаев: ....экинчиден, сиздердин колуңуздардагы каттар боюнча айтып атам, андай каттар сиздер маселе көтөргөндөн бери келип атат, андай каттарда тескерисинче айтып атышат, өзүнүн курамына жүздөй бейөкмөт уюмдарды кошкон граждандык көзөмөл деген уюм, миңдеген кишилердин колу менен айтып атат, бул процессти токтоткула, бул Жогорку Кеңешке абийир алып келбейт деп атышат. Бул сөз эркиндигине түздөн-түз коркунуч туудурат деп атат. Ошол маселелерди эмнеге тиркебейсиздер каттарга.

Экинчиден, жаштардын “Кебел” деген уюму, башка уюмдардын бардыгы айтып атышат, бул нерсе Жогорку Кеңешке абийир алып келбейт, бизди кайра Акаевдин, Бакиевдин заманына алып баруу коркунучу бар, токтотпойсуздарбы деп атат...

Жылдызкан Жолдошева: Мени эч ким курал кылып алган эмес, алалбай да. Мына азыр көрдүңөр “Булак.кж” дегенге жазыптыр. Курманжан Датка энебиздин комплексине (аты ошондой, заты башка) он бир инсан – Барбектен баштап Атаке Баатыр, Калыгул олуя, Боронбийден баштап Алымбек Датка, Ормонхандардын эстеликтери салынат. Кыргыздын тарыхы. Ошону менен бирге спорт, маданият комплекси салына турган. Эми ошо жерди талашкандар көп. Кысымга алып атканы ошо жерден да болуп калды. Бул жердин кимге кереги бар?

Кубат берген суроодон улам айтайын дегеним бирөө мени курал кылып алам десе, коркутуп-үркүтөм десе коркпойм. Бул жер – элдики, коомдуку, кайрымдуулук фондунуку. Көз арткан жигиттерге айтып коеюн, эч ким ала албайт, аны Акаевдин, Бакиевдин убагында да алабыз дешкен.

“Азаттык”: Темага кайтып келели. Абдыганы мырза, сиз кандай дейсиз, ушундай жагдайда коомчулук бир жагынан өзүнүн каалосун айтып турган кезде, Жогорку Кеңеш мыйзамга ылайыкташтырабыз деп Жылдыз айым баш болуп ушундай аракеттерди көрүп аткан чакта, ушул кырдаалды кантип чечиш керек, эмне кылыш керек сиздин оюңузча?



Кубат Оторбаев: Абдыганы Эркебаевичтин оюн улантып, айткым келет. Азыр мыйзамдардагы карама-каршылыктар деп атпайбы, азыркы президенттик институттун иши боюнча да, азыр жаңы шайланып келген Жогорку Кеңештин иши боюнча да, сот бийлигиндеги иштер боюнча да толтура карама-каршылыктар бар. Эгер ошол карама-каршылыктардын бардыгы иштеп аткан азыркы бийлик органдарын таратууга негиз болсо, анда баарын башынан баштайлы, декреттерге кайрылалы, анда Жогорку Кеңеш да үйүнө барып отурсун. Бирок бул ошол карама-каршылыктар азыркы иштеп аткан органдарды таратууга негиз эмес да. Маселенин бардыгы, өзөгү ушул жерде жатат деп ойлойм.

Жылдызкан Жолдошева: Мен таң калып атам. Бул жерде биздин комитет тарабынан эч кандай жаман нерсе жок. Бизге палатадан, парламенттен протоколдук тапшырма келип түштү. Биз ал протоколдук тапшырманы аткарышыбыз керек да. Себеби бул маселе бар, декрет менен жободо карама-карышылык бар.

Мен жеке өзүм үчүн жооп берейин, мен Кубат Оторбаевдин иштеп аткан ишинде, мындан дагы жакшы иштесин дейм, кандайдыр бир өтө одоно бузулган нерселерин көргөн жокмун. Байкоочу кеңештин курамы деле жакшы. Азыр башка сөздөр айтылып атат, мен өзүм түз жүргөн кишиминби, бирок мындай карама-каршылыктарды жоюуга бүгүнбү, эртеңби келебиз.

Конституцияны жазып чыккан Өмүрбек Текебаев, кечээ телевизордон айтып атат, эртеби-кечпи мыйзам менен бул маселени калыбына алып келишибиз керек деп. Чынында эле Конституция менен кээ бир мыйзамдар төп келишпей калса биз сурайбыз. Айрыкча Конституциялык мыйзам комитетинен жана ошол Конституцияны жазган топтордон.

Кубат Оторбаев: Мен ушул жерден айта кетейинчи, байкоочу кеңештин табиятын, милдетин айтып коеюнчу, ушул жерде көп түшүнүксүз нерселер болуп атат, кээ бирлер ойлоп атат 15 киши ошол жерде отуруп алып айлык алышат экен, унаасы, укуктары бар экен деп. Алар коомдук негизде иш алып барышат. Бир тыйын акча алышпайт, анын ичинде грант да алышпайт, анын ичинде КТРКдан бир да тыйын алышпайт, кабинеттери, унаалары жок.

Экинчиден, бул каналдын редакциялык саясатына, кадрдык, чарбалык ишине түздөн-түз кийлигишпейт, аткаруу органы катары башкы директор жана анын орун басарлары, менеджерлери жооп берет.

Үчүнчүдөн, “эфирге алар таасирин тийгизет, тигини бер, муну бер деп айта алат” деген ой да болушу мүмкүн, 15и отуруп алып эле баарын жайлагыла деп. Андай эч качан жок. Бизде редакциялык саясат деген бар, ички жоболор бар, анын эң негизгиси Кыргыз Республикасынын ММКлары жөнүндө мыйзамдар бар, ошонун үстүндө гана иштейбиз.

“Азаттык”: Рахмат. Жылдыз айым, ошентип, талаш-тартыш кызуу жүрүп атат, эми кандай чечим кабыл алынат - бул парламенттин колундагы нерсе. Ушул өңүттөн алганда, азыр кайсы деңгээлинде турат, кандай чечимге баратат?

Жылдызкан Жолдошева: Депутат Каныбек Иманалиев ММКлар боюнча мыйзам долбоорун, ошону менен бирге эле Коомдук телерадио корпорация боюнча да мыйзам долбоорун комитетке киргизиптир. Бирок мен азыр көрө элекмин. Ал мыйзам келип түшсө, азыркы Конституциялык мыйзам комитети, эксперттер карап чыгышат. Биз айттык, Кубат Табылдиевич сиз да биргелешип иштеңиз, ошол жерде кандайдыр бир карама-каршылыктар болсо ошону жөнгө салгыла, алдыга жылгыла, иштегиле деп. Мисалы менин эч бир жаман оюм жок.

“Азаттык”: Мен сизди түшүнгөнүмө караганда, байкоочу кеңештин тагдыры да, Коомдук телекомпаниянын тагдыры да ошол мыйзамдын негизинде чечилет экен. Ошондойбу?

Жылдызкан Жолдошева: Мыйзам Коомдук телерадио корпорациясы деп жазылып атат. Бирок көрө элекмин ал мыйзамды. Муну депутат Иманалиев алып чыгат.

Абдыганы Эркебаев: Мен айттым го, мурдагы мыйзамдарды да карап көрсөңөр.

Жылдызкан Жолдошева: Болуптур, Абдыганы Эркебаевич, сөзсүз карап көрөлү.





Абдыганы Эркебаев: Акырында Жылдыз жакшы сөздөрдү айтты. Ынтымак, мунаса менен алга жыла берели баарыбыз.

“Азаттык”: Бул теманы дагы далай талкуулайбыз. Бул эртең, бүрсүгүнү, бир жумадан кийин деле чечилбей турган маселе экен. Мыйзам долбоорун иштеп чыгып, ишке ашыруу учуру дагы бир топ убакыттан кийин, балким президенттик шайлоодон кийин келер.

Жылдызкан Жолдошева: Мыйзамдын авторунан көп нерсе көз каранды.

“Азаттык”: Талкууга катышканыңыздар үчүн “Азаттык” сиздерге ыраазычылык билдирет.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG