Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Коомдук телеканал үмүттү актайбы?


Мурдагы УТРК, азыркы КТРКнын имараты.
Мурдагы УТРК, азыркы КТРКнын имараты.

Кыргыз ТВсын коомдук телеканалга айлантууда олуттуу кадамдар жасалганы менен аны каржылоо, мыйзамдык жактан камсыздоо маселеси чечиле элек.

Ошондой эле мамлекеттик органдар менен иштешүү жана улуттук кызыкчылыктарды коргоо багытында кандай иш жүргүзөөрү калыптана элек.

Алгачкы аракеттер

КТРди көз карандысыз телерадиокомпанияга айлантуу аракети 2005-жылдагы март окуяларынан кийин башталып, бирок аягына чыгарылбай калган. 2010-жылдын апрелиндеги окуядан кийин Убактылуу өкмөттүн чечими менен КТР Коомдук телерадиокорпорацияга айлантылып, анын Байкоочулар кеңеши түзүлдү.

Байкоочулар кеңеши алгачкы шайлоодо Илим Карыпбековду КТРКнын жетекчилигине шайлаган. Бирок шайлоо бузулуп, кайталап өткөрүлгөн добуш берүүдө Кубат Оторбаев жеңишке ээ болду.

Ошону менен КТРКнын жетекчиси расмий түрдө Байкоочулар кеңеши тарабынан шайланып, кадр маселеси борбордук бийликтин таасиринен чыгарылгандай болду. Бирок КТРКнын чыныгы коомдук жана көз карандысыз болушу үчүн анын финансылык маселесин чечүү милдети турат.

Жаңы шайланган Кубат Оторбаев бул маселенин чечүүнүн мындай жолдорун көрүп турганын айткан:
Кубат Оторбаев

- Коомдук каналды каржылоонун дүйнөдө үч-төрт варианты бар. Бирөө, абоненттик төлөм деп коёт. Элден чогултулат. Экинчи жолу, оргтехникаларга салык болот. Ошондон чогултулат. Үчүнчү жолу - мына ушул бюджеттик каржылоо. Бул деле система катары колдонулуп келатат.

Кубат Оторбаев ошондой эле бюджеттик каржылоону кепилдөө үчүн каражаттын чен-өлчөмү мыйзам аркылуу аныкталып коюлууга тийиштигин белгилейт.

Улуттук, мамлекеттик кызыкчылык кандай чагылдырылат?

КТРК Кыргызстан аймагын кеңири жана толугураак камтыган бирден-бир ири маалымат каражаты. Ошондуктан анын Кыргызстан калкына маалымат жеткирүүдө, өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун сактоодо жана улуттук кызыкчылыгын коргоодо, мамлекеттин саясатын элге жеткирүүдө мааниси чоң.

Коомдук каналга айлангандан кийин бул маселелер кандай чечилет деген суроо коомчулукта жок эмес.

КТРКнын Байкоочулар кеңешинин төрайымы Элвира Сариева бул маселелер Убактылуу өкмөттүн декретинде белгиленгенин айтат:

Элвира Сариева
- Коомдук телеканал мамлекеттик кызыкчылыкты, негизи Кыргызстандын кызыкчылыгын коргош керек. Ошолор Коомдук телерадиокорпорация жөнүндөгү декретте жазылган.

Элвира Сариева бул маселе КТРКнын стратегиясында бекемделерин да кошумчалады.

Байкоочулар кеңеши учурда КТРКнын жамааты жана башка журналисттердин жардамы менен КТРКнын редакциялык саясатын, стандарттарын иштеп чыгууну көздөп жатат. Бул иш КТРКнын жетекчисинин орун басарлары шайлангандан кийин башталат.

Байкоочулар кеңеши ошондой эле КТРКнын финансылык абалын, мүмкүнчүлүктөрүн билиш үчүн аудит өткөрүүнү да пландаштырууда. Аудиттен кийин КТРКны каржылоонун стратегиясы карала баштамакчы.

КТРКнын ишин албетте Байкоочулар кеңеши көзөмөлдөйт. Каналдын жетекчилиги жыл сайын ага отчетун берип турат. Байкоочулар кеңеши өз кезегинде коомчулукка жасалган иш тууралуу маалымат берип турат.

Коомдук телерадиокомпаниялар дүйнөдө көп кездешет. Алардын ичинен эң атактуусу Би-Би-Си, ал эми каржылык жактан эң кубаттуусу Германиянын АРД телеканалы деп айтылып келет.

Бул телеканалдар немис жана англис өкмөттөрүнө түздөн-түз баш ийбегени менен өз өлкөлөрүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо , маданиятын, маалыматын таратуу менен кызмат кылышары көпчүлүккө маалым.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG