Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:56

“Республиканын” рейтинги кантип көтөрүлдү?


"Республиканын" шайлоо алдындагы үгүт-жарнагы.
"Республиканын" шайлоо алдындагы үгүт-жарнагы.

Жакында эле түзүлгөн "Республика" партиясы парламенттик шайлоодо суурулуп чыгып, эми коалиция түзүүдө чечүүчү ролду ойноп турат.

Адистер партиянын мындай жетишкендигин анын үгүт иштерине жана курамындагы адамдарга байланыштырып келишет.

"Республика" "алтын балага" айландыбы?

Бул жолку парламенттик шайлоодо ондогон жылдар бою саясатта жүргөн айрым ардагер партияларды артка таштап, апрель ынкылабынан кийин түзүлгөн "Республика" партиясы беш пайыздык босогодон өтүп, алдыңкы беш партиянын катарына кире алды. Беш пайыздык босогону ашып өткөн партиялар арасында төртүнчү катарда турганына карабастан "Республика" партиясы “алтын балага” айланып, Жогорку Кеңеште алдыда түзүлө турган коалиция да бул партиянын турумуна көз каранды болуп жатат.

Кыска убакыттын ичинде “Республиканын” рейтинги кантип көтөрүлүп, шайлоодо өлкө боюнча кантип 217 миңден ашуун жарандардын добушуна ээ болгонун партиянын лидери Өмүрбек Бабанов партияда жаңы адамдардын болгондугу жана партиянын программасы менен байланыштырат:
Өмүрбек Бабанов

- Бизге башында бир топ сунуштар болду, эски партия менен кадам таштагыла, эски партиялар менен кыймылдагыла деп. Биз болсо эң негизги принципти алып чыктык. Элибиздин бүгүнкү күндө күтүп жатканы бул болсо, жаңы адамдар, жаңы ойлор керек болсо деп, элибиздин тилеги ошол болду. Биз элибизге өзүбүздүн программабызды, өзүбүздүн идеяны жана өзүбүздүн принципти сунуш кылдык. Ошого биз бир топ добушка ээ болдук.


"Республика" партиясынын тизмесинде буга чейинки бийликтердин өкүлдөрү аз болгондугу маалым. Серепчилер партиянын курамындагы адамдар жана партиянын Орусия менен болгон мамилеси дагы аны алдыга сүрөп чыкканга себеп болгонун белгилешет. Кезегинде Өмүрбек Бабановдун Орусиянын президенттик администрация башчысы Сергей Нарышкин менен да байланышып, Орусияны стратегиялык өнөктөш катары көргөнү да кайсы бир даражада таасирин бергени айтылат.

Бул айтылгандарга саясат талдоочу Токтогул Какчекеев да кошулат:

- Анткени деген кыргызстандыктардын көпчүлүгү үй-бүлөсү менен, миллиондой адам Орусияда иштеп жүрүшөт. Ошондуктан көпчүлүк эл ким Орусия менен жакшы мамиле түзүп, ошол эле маалда Орусия жетекчилери бул адамдар жөнүндө пикирлерин айтышса, бул өзүнчө жетишкендик болду.

Жаңы ыкма, жаңы көз караштар

Бир катар медиа-талдоочулардын билдиришкени боюнча, "Республика" партиясы шайлоо алдындагы үгүт иштеринде колдонгон ыкмалары да бул партиянын башка жаңы ачылган партиялардын арасынан сууруп чыкты.

Медиа-эксперт Элира Турдубаева башка партиялардан айырмаланып "Республиканын" үгүт өнөктүгүндө жаңыча ыкмалар колдонулуп, конкретүү экономикалык программалар сунушталганын баамдаган:

- Себеби башка Европа өлкөлөрүндөгү партияларга карасак, алар элге конкреттүү түрдө бир нерсени сунуштайт. Биздеги партияларга карасаң “Кыргызстандын өнүктүрөбүз, экономиканы өнүктүрөбүз” эле дей беришет, бирок конкреттүү эч нерсе айтышпайт. Кантип өнүктүрөт, эмне кылып өнүктүрөрүн, тактика, механизмдерин айтышпайт. "Республика" партиясы башка өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй тактика кылды. Булар, "силерге конкреттүү түрдө электр энергиясын өз баасында беребиз, ипотека, арзан кредиттерди беребиз" деп айтып чыгышты.

"Кептин баары акчада"

Анткен менен айрым байкоочулар "Республика" партиясына ийгилик алып келген анын экономикалык программасы же шайлоо алдындагы укмуш убадалары эмес, шайлоо өнөктүгү учурунда сарпталган акча каражаты деп эсептешет. Мындай ойду экономика адиси Мейманбек Абдылдаев да карманат.

- "Республика" партиясы толугу менен, абдан чоң масштабда добуш бергендерге материалдык стимул жасаганы негизги ролду ойноду. Бирок жанакы экономикалык жактан популисттик убадасы анча болгон жок. Акчанын күчү менен кампаниясы аябай жакшы болду.

Бишкектин көчөлөрүнө чыгып айрым тургундарды кепке тартканыбызда, алар "Республика" партиясы жөнүндө буларды белгилешти:

Кудайберген: Бул партиянын рекламасы күчтүү болду. Артыкча убадаларды берди. Балким биздин калк ишенчээк эмеспи. "Республика" эл айтпаган убадаларды айтты.

Алмаз: Менин оюмча, чечүүчү ролдо партиянын лидери болду окшойт. Анын элди кыдырганы, эл алдында жакшы сөздөрдү сүйлөгөнү болду.

Жамал: Бул "Республика" партиясы көп жерлерге барды. Анан ошондой эле көп акчалар бөлүндү. Мен телевизордон эле өз көзүм менен көрдүм. Мен баймын деп айтты. Байы бай, бирок жаш.

"Республика" партиясы шайлоодо төртүнчү катарда турган менен, анын тандоосу жана багытынан болочоктогу коалиция көз каранды болчудай. Партиянын лидери Өмүрбек Бабанов 12-октябрда маалымат жыйынында билдиргендей, "Республика" партиясы өздөрүнүн экономикалык программасын колдогондор, улут аралык ынтымакты чыңдоону максат кылгандар жана Орусияны стратегиялык өнөктөш катары карагандар менен гана коалиция түзөрүн, реваншисттер менен биригүү дээрлик мүмкүн эместигин билдирген эле. Айрым серепчилер азыркы шартта “алтын балага” айланган бул партиянын айтканына көнбөскө башка партиялардын аргалары жок деп эсептешүүдө.

XS
SM
MD
LG