Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:58

Президенттикке талапкер болгондордун саны 25 адамга жетти. Негизги делген талапкерлер азырынча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазыша элек.

Талдоочулардын божомолунда 16-августка чейин президенттик жарышка аттангандардын саны кырктан ашуусу ыктымал. Президент болгусу келгендердин мүдөө-максаттары айырмаланабы?

Бүгүн (28-июлда) президенттикке талапкер катары “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Акылбек Жапаров жыйырма бешинчи болуп катталды. Ал өзүн-өзү президенттикке көрсөтүүдө. Буга чейин “Ар-намыс” партиясы бирдиктүү талапкерге токтоло албай, Акылбек Жапаров менен Анарбек Калмаматовдун талапкерлиги боюнча талаш чыгып, маселе токтоп калган эле.

Ошентип күн санап президент болгусу келгендердин саны өсүүдө. Саясий партиялардан азырынча бешөө талапкерлерин чыгарган. Алар “Ата Журттан” Камчыбек Ташиев, “Бүтүн Кыргызстандан” Адахан Мадумаров, Коммунисттерден Исхак Масалиев, Жашылдар партиясынан Эркин Бөлөкбаев, “Эл үчүндөн” Арстанбек Абдылдаев.

Президенттикке талапкерлер, Бишкек, 22-июль, 2009-жыл
Калган жыйырмасы өзүн-өзү көрсөткөндөр. Араларында депутаттар Курманбек Осмонов, Акылбек Жапаров, мурдагы министр Өмүрбек Суваналиев сыяктуу Акаевдин маалынан бери бийликте жүргөндөр, Нурлан Мотуев, Акбаралы Айтикеев өңдүү мурдатан президент болууну самаган талапкерлер, Жаныбек Сүйналиев, Тургунбек Нарикеев сыяктуу жумушсуздар бар.

Президенттикке аттанышат делген премьер-министр Алмазбек Атамбаев, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, ушул эле фракциядан Равшан Жээнбеков, “Ата Журтта” жүрүшкөн Марат Султанов сыяктуу салмактуу саясатчылар азырынча чечимдерин жарыялаша элек.

Дымак бар, деңгээличи?

Серепчи Аскарбек Мамбеталиевдин ырасташынча, президенттикке аттангандарды карап, аларды бир канча топко бөлүп кароого болот.

Биринчиси, президенттик такка отурууга мүмкүнчүлүгү барлар. Алардын бир бөлүгү Кремлге ыктап, президенттик күчтүү бийликти алып келүүнү каалагандар.

Экинчи бөлүгү парламенттик система менен эле барууну көздөгөндөр. Бирок, талдоочунун баамында, бул саясатчылардын арасында да чындап дүйнөлүк деңгээлде ой жүгүрткөн, таза, өлкөгө пайдасы көбүрөөк тийчүлөр көрүнбөйт. Негизги делип аткан саясатчылардын мурда чырлуу иштерге, шектүү оюндарга аралашып жүрүшкөндүгү ойлондурбай койбойт.

Экинчиси, саясий упай топтоп, өзүнүн аброюн жогорулатууну каалагандар. Бул топтогулар кийинки шайлоодон үмүт кылышат.

Үчүнчүсү, жөн гана саясий соодалашууну көздөп, шайлоону бизнес катары карагандар. Бул топтогулар шайлоо процесси кызыганда кайсы бир күчтүүрөөк талапкер менен соодалашып, президент болуп калса кайсы бир кызматты же чоң суммадагы акча суроолору мүмкүн.

Төртүнчү топко өз дараметин, деңгээлин билбей туруп эле президент болууну кыялдангандарды кошсо болот.

А.Мамбеталиевдин пикиринде, азыркы талапкерлер арасынан “көмүр королу” атыккан Нурлан Мотуев же башкасы президент болсо деле көп өзгөрүү болбойт. Анткени баары тең эле бири-биринен анча айырмаланбайт, чындап дүйнөлүк деңгээлде ой жүгүрткөн талапкерлер жок болуп жатат:

- Маселен, Нурлан Мотуевди ала турган болсок. Анын албетте мүмкүнчүлүгү аз. Бирок өзү аны сезбесе керек. Ошого карабай президент болгусу келет. Мындайлар көп болуп атпайбы.

Ал эми башка саясатчылар деле прагматикалык, алдыңкы идеяларды алып чыгышса болот эле, динди эмес.

Бирок эч кандай идея жок эле, жалаң гана элдин сезимин, көпчүлүк жөнөкөй адамдардын талуу жерин колдонуп, ар нерсе дей берген адамдар мага кызык эмес.

Жаңы кишилер жок болуп атат, көргөн жокмун. Мындай глобалдык түшүнүгү бар, парламенттик деген эмне, президенттик деген эмне дегенди жакшы билген, өз кызыкчылыгын курмандыкка чала турган кишилер талапкерлер арасында жок, аларды көрбөй атам. Ошондуктан булардын арасынан кайсынысы келсе деле өзгөрүү болбойт.


Президент болууну каалагандар 16-августка чейин БШКдан каттоодон өтүүлөрү керек. Үгүт иштери 25-сентябрда башталат. Шайлоо 30-октябрга белгиленген. Айрым серепчилер талапкерлердин саны элүүдөн ашарын болжошсо, башкалары 40 чамалуу болорун айтышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG