Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:23

Кыргызстандык серепчилер парламенттик шайлоодогудай эле президенттик үчүн күрөштө Орусиянын таасири күчтүү боло тургандыгын четке кагышпайт.

Алар расмий Москва шайлоонун биринчи айлампасында бир нече талапкерге колдоо көрсөтүп, экинчи айлампага чыккан саясатчыны болгон күч менен сүрөп чыгышы мүмкүн деген божомолдорун айтышууда.

Саясий серепчилер расмий Москва Кыргызстандагы президенттик орунга талапкерлигин койо турган бир нече саясатчыга басым жасап, аларга алдыдагы шайлоодо колдоо болоору убада кылынганын жокко чыгарышпайт.

Муну менен Кремл башында бир гана талапкерди тандап алып, андан кийин анын дараметинен иренжигендей көрүнүштү алдын-алууну каалайт дешет байкоочулар. Буга 2004 жана 2006-жылдагы Украина менен Молдовадагы президенттик шайлоолордун сабактарын мисал келтиришет.

Саясат таануучу Кубан Абдымен бул жолу Кремль талапкердин дараметин аныктоодо жаңылбаганга аракет кылат деп эсептейт:

- Мына ошол себептен алар туруктуу бир гана талапкерди алып чыгып, мына ушул гана бизге жарайт деген жолго барышпайт. Алар талапкерлердин ичинен керек болсо үчөө же төртөө менен дагы сүйлөшө беришет. Бирок негизги бир талапкерди тапканга аракет кылып жатышат. Бирок ага негизги басымды ал мына ошол шайлоонун биринчи айлампасынан өткөндөн кийин гана токтолушуп, мына ошонун айланасына бардык күчтөрдү топтоштурушат.

Кремл көп талапкерди салмактап жатат

Парламенттик шайлоодо “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Куловду ачык колдоого алган Кремл төбөлдөрү бул жолу андан таасирдүү талапкерлерди караштырып жатышкандыгынан кеп салгандар арбын.

Буга чейин президенттикке талапкерлигин койот деп тизмектелгендердин ичинен Алмаз Атамбаев, Адахан Мадумаров, Марат Султанов жана Темир Сариев өздөрүнүн маектеринде Орусиянын кайсы бир жогорку даражалуу төбөлдөрү менен жакшы мамиледе экендиктерин жарыялап келишкен. Мындай билдирүүлөр коомчулуктун кайсы бир бөлүгүндө туура кабыл алынса, кайсы бир жерде кыжырданууну жараткандыгы маалым.

Саясат талдоочу Санжар Тажиматов талапкерлер арасында Орусиянын геосаясий кызыкчылыгы менен чайкоочулук кылгандар бар экендигин белгиледи:

- Орусиянын жардамы менен бийликке келем деген саясатчылар бир нерсени түшүнбөйт же түшүнгүсү да келбейт болуш керек. Анткени алардын колдоосу менен келгенден кийин кайра эле мына ошолордун “кол баласы” болуп көз карандылыктын алдында калаары турган иш. Мына ошондуктан биздин шайлоочулар да мына ушул жагдайга маани беришип, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын жогору койгон, көз каранды эмес талапкерди тандап алганга умтулушу керек.

Парламенттик шайлоодон кийин орусиялык “Независимая газета” басылмасы Кыргызстанды шайлоодон киреше менен чыккан өлкө катары сыпаттаган. Мында шайлоо өнөктүгүнө сырттан алынган каражаттын көлөмү боюнча жергиликтүү саясий күчтөр камчы салдырбагандыгы боюнча какшык кеп кеткен.

Мындай көз карашты бөлүшкөн дагы бир саясат таануучу Дмитрий Орловдун баамында, шайлоодо талапкерлер каражат алуу максатында гана кайсы бир мамлекеттин кызыкчылыгын алып жүрүүчү катары көрүнүшөт:

- Кыргызстанда чыны менен таза орусиячыл, батышчыл же болбосо дагы бир мамлекеттин багытындагы саясатчылар жокко эсе. Алар болгону кайсы бир күчтөрдөн каражат алыш үчүн гана барышат. Эгерде алар бербей коюшса, башка жагына жөнөшөт. Албетте тигил акча бере турган тарап да аны жөн эле бере бербейт. Кандайдыр бир тапшырмаларды аткарууга милдеттендирет. Бул эми бир эле мамлекеттин расмий бийлиги эмес, кээде Кыргызстанда ишкер кызыкчылыгы бар чет өлкөлүк каржы, өнөр жай топтору болушу да ыктымал.

Серепчилер кызыкдар тарап өздөрүнө ыңгайлуу президенттикке талапкерге каржылык жардам көрсөтүү, саясий жана маалыматтык колдоо сыяктуу ресурстарды багыттай тургандыгын эскертишет. Ошол эле учурда бийликке келе турган адамга жумшалган каражат андан кийин кандай өлчөмдө талап кылына тургандыгы өзүнчө изилдөөнү талап кылат дешет саясат талдоочулар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG