Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:01

Роза Отунбаева Вашингтондо


Кыргыз Президенти Роза Отунбаева Вашингтондогу Ак Үйдө АКШ президенти Барак Обама менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулашты. 2011-жылдын 7-марты. Кыргыз президентинин расмий интернет барагы.
Кыргыз Президенти Роза Отунбаева Вашингтондогу Ак Үйдө АКШ президенти Барак Обама менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулашты. 2011-жылдын 7-марты. Кыргыз президентинин расмий интернет барагы.

АКШга иш сапары менен барган президент Роза Отунбаева Вашингтондо бир катар расмий жолугушууларды өткөрүүдө.

Роза Отунбаевага АКШда “Аялдардын эл аралык каармандыгы үчүн” сыйлыгы да берилет.

Европадан АКШга


Европа Биримдигине жасаган сапарынан соң президент Роза Отунбаева 6-мартта Вашингтонго барды. Кыргыз президентинин АКШдагы жолугушууларынын тизмеси кеңири. Ал 25тей расмий жолугушууларды өткөрөрү белгиленген.

Президенттин маалымат кызматынын 7-марттагы кабарлоосуна караганда, 6-мартта Роза Отунбаева АКШ президентинин атайын жардамчысы Майкл Макфоул менен жолугушту. Анда коопсуздук маселеси талкууланган. Майкл Макфоул Кыргызстандын тартип коргоо органдарын реформалоо, коопсуздукту камсыздоодо кеңеш жана андан башка жардамдарды берүү боюнча долбоорлорду АКШ жакын арада сунуш кылаарын билдирген.

Президент Отунбаева АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча атайын жардамчысы Майкл МакФоул менен жолугушту. 2011-жылдын 7-марты. Вашингтон.

Президент Отунбаеванын андан сырткары АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон, мамлекеттик катчынын жардамчысы, Кыргызстанга байма-бай каттап турган Роберт Блейк, АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Том Донилон, конгрессмендер Жон Маккейн, Жон Керри жана Илеан Рос-Лехтинен менен жолугушуулары бар.

Президент Роза Отунбаева Дүйнөлүк банктын жетекчиси Роберт Зеллик менен да жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Дүйнөлүк банктын жетекчиси менен жолугушууда Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк аткарып жаткан долбоорлор жана жаны насыялар жөнүндө сөз болушу мүмкүн.

Бул Кыргызстандын бюджетиндеги өтө опурталдуу тартыштыкка байланыштуу. Анын үстүнө Дүйнөлүк банк Кыргызстандын негизги донорлорунун бири.

Орусия олураябы?

Саясий багыттагы жолугушуулар албетте АКШнын "Манастагы" Транзиттик борбору, Кыргызстандагы парламенттик системаны бекемдөө жана күзгү президенттик шайлоолорго байланыштуу болушу мүмкүн.

Транзиттик борборго байланыштуу маселе Кыргызстан стратегиялык өнөктөш деп тандап алган Орусиянын кызыгуусун туудурушу мүмкүн. Анын үстүнө Роза Отунбаева сенатор Жон Маккейн менен да жолугушат.

Барак Обама менен президенттик таймашта ат салышкан Маккейн антипутинчил сөздөрү жана позициялары менен белгилүү. Бул дагы Кремль көңүлүнө түйө турган жагдай болушу мүмкүн.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов президенттин сапарына карата мындай пикирин билдирди:

- Жаңы Конституция боюнча президентте тышкы саясатты өзү жүргүзгүдөй укуктары жок. Сыртка чыгаардын алдында парламенттик коалиция менен макулдашып, алардан бир мандат алыш керек болчу. Кайсы маселелер боюнча кандай чечим кабыл алышыбыз керек деп. Менин билишимче, андай болгон жок. Ошон үчүн бүгүнкү күндө Конституция маселеси баягыдай эле оркоюп чыгып калууда. Негизинен биздин Конституция иштебей жатат.

Жекшенкулов Кыргызстан ЖККУ, ШКУнун мүчөсү экенин, коопсуздук, тышкы саясатка байланыштуу айрым маселелерди ал уюмдарга мүчө өлкөлөр менен кеңешип туруп жасоосу керектигин кошумчалады.

Саясат таануучу Марс Сариев Кыргызстандын өнөктөштөрү Бишкектин тышкы саясат, коопсуздукту камсыздоодогу аракеттерин түшүнүү менен кабыл алат деген пикирде:

- Менин оюмча, азыр Ооганстандагы кырдаалды байкап жатабыз. Африкада эмне болуп атканын көрүп турабыз. Ошон үчүн биздин стратегиялык өнөгүбүз дагы (Россия), Кытай дагы, башка жаныбыздагы мамлекеттер дагы түшүнөт го ушу НАТО менен бирге иштешип, терроризм жана башка коркунучтарды токтотушубуз керектигин. Ошон үчүн биздин чоң кошуна мамлекеттер да түшүнүп, көп деле зыян болбойт го.

Марс Сариевдин айтымында, Орусия өзү дагы Батыш, НАТО, АКШ менен өнөктөштүк мамиле түзүүгө аракеттенип келатат.

Москва эмес Вашингтон жакынбы?

Белгилей кете турган нерсе, президент Роза Отунбаева Москва жана Астанада толук кандуу сапар менен боло элек. Бул өлкөлөргө болгон сапарлары ЖККУнун саммити же башка бир иш чараларга байланыштуу гана жасалган.

Роза Отунбаевага АКШда “Аялдардын эл аралык каармандыгы үчүн” сыйлыгы берилет. Сыйлык жөнүндө айта турган болсок, ал салыштырмалуу жакынкы эле мезгилде уюштурулуп, өткөн жылы өзбекстандык укук коргоочу Мутабар Тажибаевага ыйгарылган экен.

Маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, Мутабар Тажибаева быйылкы жылы сыйлыктын Роза Отунбаева ыйгарылышына нааразы болуп, президент Отунбаева өткөн жылы коогалаңды токтотуп калган эмес деп айыптаган. Тажибаеванын пикиринде, сыйлык Төлөкан Исмаилова же Азиза Абдырасуловага ыйгарылса туура болмок.

Жанданган сапарлар

АКШ менен Кыргызстандын мамилесине келе турган болсок ал кайсы бир деңгээлде жандануу жолунда турат. Маселен, өткөн жылы сентябрдын соңунда АКШда президент Роза Отунбаева менен президент Барак Обаманын жолугушуусу болгон. Андан кийин декабрь айында АКШнын мамлекеттик катчысы Хилари Клинтон Бишкекте сапар менен болгон.

АКШ коопсуздукка байланыштуу бир катар долбоорлорду каржылаган. Ал Токмок, Кой-Таштагы аскердик курулуш, жабдууларга байланыштуу иштер. Эки өлкө Курманбек Бакиевдин учурунда Баткен тарапта антитеррордук машыгуу борборун курууну болжолдоп, бирок ал токтоп калган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG