Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Мурси: Жалпы египеттиктердин президенти болом


Мурси алгачкы телекайрылуусу учурунда, Каир, 24-июнь, 2012
Мурси алгачкы телекайрылуусу учурунда, Каир, 24-июнь, 2012

Египетте шайланган алгачкы исламчыл президент бүтүн элди биригүүгө чакырды.

Египеттеги байистүү исламчыл “Мусулман агайындар” кыймылынын талапкери, эми өлкө президенти болуп шайланган Мухаммад Мурси өкмөттү түзүү озуйпасына киришти.

“Мен Кудайдын жана сиздердин каалооңуздар менен бардык египеттиктердин президенти болуп шайланган күнү сиздерге кайрылып жатам. Мен баардык египеттиктерге бирдей урмат жана сый менен мамиле кылам”, - деди Мурси.

Ал мындан сырткары, ыңкылаптын бүт максаттары ишке ашмайын, аны бүттү деп эсептегенге болбой турганын айтты. “Египет өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерин аткарат”, - деп ишендирди жаңы президент.

“Биз баардык эл аралык мыйзамдарды жана келишимдерди, анын ичинде Египет өзүнө алган милдеттенмелерди урматтайбыз жана аткарабыз. Биз эркиндикке, адам укуктарын коргоого, аялдардын, үй-бүлө жана жаш балдардын укугун коргоого, дискриминациянын бүт түрлөрүн жоготууга негизделген египеттиктердин принциптери менен насил-наркын куруу үчүн иштейбиз”, - деди Мурси.

Мурсинин колдоочулары Каирдеги Тахрир аянтында анын жеңишин белгилешүүдө, 24-июнь, 2012
Мурсинин колдоочулары Каирдеги Тахрир аянтында анын жеңишин белгилешүүдө, 24-июнь, 2012
Жекшембиде жумурияттын Шайлоо комиссиясы Мухаммад Мурси добуштардын 51.7% алганын, анын атаандашы, бийликтен кулатылган Хосни Мубарактын акыркы өкмөтүн жетектеген Ахмед Шафикке 48.3% добуш тийгенин жарыялаган.

Жалпысынан шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 51.8% катышты.

Учурунда АКШдан инженерлик кесипке окуган профессор Мурси Египеттин тарыхында алгачкы жарандык президент болуп калды. Анткени 1952-жылдагы аскерий төңкөрүштөн бери мамлекетти башкарган төрт президенттин баары армиянын генералдары болушкан.

Азыр эми ал 16 ай мурда Египетте Мубарактын режими кулатылгандан кийин өлкөнү башкарып келген армия генералдары менен иштеп, жалпы журтту экиге бөлгөн шайлоодон кийин мамлекетти бириктирүүнүн жолун табышы лаазым.

Шайлоонун алдынан Жогорку сот парламентти таркатып, мыйзам чыгаруу бийлиги мамлекеттеги аскерий жетекчиликке өткөн болчу. Алар Мубарактын доору бүткөндөгү жаңы Конституцияны жазыш үчүн комиссиянын мүчөлөрүн аныктоо милдетин да өздөрүнө алышкан. Азырынча жаңы парламентке шайлоо качан өтөөрү айтыла элек.

Эми жаңы шайланган президентте кандай укуктары болоору да белгисиз болуп турат. Анткени Аскерий кеңеш президенттин көп укуктарын кыскарткан. Маселен, мамлекет башчы ушул кеңештин мүчөлөрүн алып же башка мүчөлөрдү ага дайындай албайт.

"Харизмасыз лидер"

60 жаштагы Мурси 2000-жылдан тарта беш жыл бою парламентте депутат болгон. Былтыр январда Мубарак бийликтен кулатылгандан кийин ал “Мусулман агайындар” түзгөн “Эркиндик жана акыйкаттык” партиясынын лидери болуп калды.

Ал көптөгөн жылдар бою “агайындардын” лидерлеринин бири болуп келгенине карабай, элге көп деле ачык көрүнбөй жүрчү. Айрымдар аны харизмасы анча жок саясатчы деп жүрүшкөнү да бар.

Ошентип, буга чейин мүчөлөрү түрмөгө камалып жүргөн “Мусулман агайындар” бүгүн эми өзүнүн катарынан бирөөнү президенттик кызматка отургузуп жатат.

Ал эми шайлоодо утулуп калган Шафик өзүнүн жеңилгенин моюнга алды да, Мурсини куттуктады.

Мухаммад Мурсинин жеңишин дүйнөлүк лидерлер да жылуу кабыл алып, азыр аны куттуктап жатышат.

Израил “Египеттеги демократиялык процесстерди урматтап, анын натыйжасын кандай болбосун кабыл алууга даяр экенин” билдирген. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху “эки жумурият ортосундагы тынчтык келишими өзгөрүүсүз сакталат го деп үмүттөнөөрүн” айтты.

Британиянын тышкы иштер министри Уилиям Хейг жеңүүчүнү куттуктап, “бул Египет үчүн тарыхый учур” деди. Хейг жаңы шайланган президентти Египет коомунда ар кайсыл тараптардын ортосунда көпүрө куруп, адам укуктарын коргоого да чакырды.

Ирандын тышкы иштер министри египеттиктерди исламчыл талапкер шайлоодо жеңгени менен куттуктап, муну “өлкөдө Исламдын ойгонушунун акыркы баскычы” деп сыпаттады.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG