Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Сирия: план бар, каршылар көп


Сирияда 1-июлда кеминде 21, 30-июнда 30дай кишинин өмүрү кыйылган.
Сирияда 1-июлда кеминде 21, 30-июнда 30дай кишинин өмүрү кыйылган.

Сирияда 16 айдан бери уланып жаткан кан төгүүнү саясий жол менен жөнгө салууну көздөгөн план бул аптада Каирде сунуш кылынары күтүлүүдө.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү жана Сириянын коңшулары ал планды 30-июнда Женевадагы жыйында макулдашты. Ага ылайык, Сирияда өткөөл өкмөт куралыш керек. Бирок Орусиянын талабынан улам өткөөл бийликке президент Башар Асад да кириши үчүн эшик ачык калды.

Улуттар Уюму менен Араб лигасынын чабарманы Кофи Аннандын айтымында, дүйнө державалары макулдашкан планга ылайык, Сириянын өткөөл өкмөтүнө азыркы режимдин мүчөлөрү да, оппозиция да кире алат.

Бирок адегенде мына ушундай шартка тараптар көнүшү керектигин кошумчалаган Кофи Аннан сириялыктар өткөөл бийликке “колу канга булгангандарды” тандоого жол беришинен күмөн санады:

- Менимче өкмөт талкуулар, сүйлөшүүлөр жана тараптардын өз ара макулдугу аркылуу түзүлүшү керек. Мен көз карандысыздыгы үчүн ушунча катуу күрөшкөн сириялыктар аларды башкаргандар аларды алып чыгуу үчүн колу канга булгангандарды тандашына таасир көрсөтө албай турганынан күмөн санайм.

Женева жыйынынын катышуучулары. 30-июнь, 2012-жыл.
Женева жыйынынын катышуучулары. 30-июнь, 2012-жыл.
БУУнун планына ылайык, Сириянын өткөөл өкмөтү жаңы Конституцияны жазууга жана жаңы шайлоо өткөрүүгө көзөмөл салышы керек. Бирок Сирия оппозициясынын өкүлдөрү БУУнун планын сындап чыгышты. Алардын пикиринде, планда аныктык жок.

Оппозициячыл топтордун башын кошкон Сирия Улуттук кеңешинин өкүлү Бурхан Галион план боюнча сириялыктарга “өзүнүн жасоолдору” менен сүйлөшүүгө туура келерин “шылдыңдоо” деп мүнөздөдү.

Бирок ушул эле топтун дагы бир өкүлү Басма Хадмани планда “позитивдүү элементтер” бар болгонун белгиледи. Сириянын өкмөтчүл маалымат каражаттары болсо планда президент Башар Асадды бийликтен кетүүгө түз чакырык жоктугуна өзгөчө көңүл бурушту.

Асад кетет-кетпейт

Талаш алдыда кайра эле президент Асад БУУнун планында каралган өткөөл өкмөткө кириши керекпи же жокпу деген маселеге барып такалчудай.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон эл аралык план Асадга бийликтен кетүүнү айдан-ачык эле кулак кагыш кылып жатканын айтты:

- Тексттеги кичине өзгөрүүлөрдү кабыл алганда, биз жана биздин өнөктөштөр Орусия менен Кытайга эми Асадга дубалга жазып көрсөтүү алардын жоопкерчилигиндеги иш экендигин ачык билдирдик. Мен Асаддын режими арасынан биз бирдиктүү билдирүү менен чыгып, тынчсыздануубузду эле билдирбестен, Орусия менен Кытайды кошуп, алга жыларыбызды эч кимиси ойлогон эмес деп эсептейм. Асад анын күнү саналуу экендигин катуу жана ачык угушу абзел.

Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус да Сирия президентинин бийликтеги күнү саналуу деп эсептейт. Ал жекшембиде француздардын ТФ1 телеканалына курган маегинде белгилегендей, Сирия оппозициясы Асаддын талапкерлигине эч качан көнбөйт. Андыктан Женевадагы макулдашуу Асад кетиши зарылдыгын кыйыр түрдө каңкуулап жатат.

БУУ менен Араб лигасынын чабарманы Кофи Аннан сунуш кылган пландын баштапкы текстинде өткөөл өкмөттө тынчтыкка жолтоо кылчу адамдар болбошу керек деген ой айтылган эле.

Бирок Орусия менен Кытай бул Башар Асадды оюндан чыгарат деп санашкандыктан ага каршы болушту. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров мындай дейт:

- Бул Сириядагы саясий жараянда баарын камтуу принцибине, БУУнун уставынын суверендүү өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишпөө жөнүндөгү жобосуна, бүгүн кабыл алынган документтин логикасына шайкеш келбейт. Анда өз өлкөсүнүн тагдырын бардык жагынан сириялыктар өзү чечиши керек деп айтылган.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Женева жыйынында эгер Сирия кризиси дипломатиялык жол менен жөнгө салынбаса, уюмдун байкоочулары чыгарылып кетерин айткан. Байкоочулар ок атышууну токтотуу боюнча буга чейинки, бирок ишке ашпай калган тынчтык пландын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн киргизилген.

Бул аралыкта кан төгүү токтой элек. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун ырастоосунда, өлкө боюнча жекшембиде кеминде 21, ишембиде 30дай кишинин өмүрү кыйылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG