Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

Беларуста экс-президент Бакиев расмий макамдагы адам эмес


"Сыябандын" коногу - Кыргызстандын Беларус, Литва, Латвиядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Эрик Асаналиев.

Учурда Кыргызстандын Беларус, Литва жана Латвия менен мамилеси кандай өнүгүүдө? Экс-президент К. Бакиевдин Минскиден башпаанек табуусу, анын Бишкек менен болгон алакасына таасир эттиби? Евробиримдикке мүчө Литва жана Латвия менен кызматташуунун өзгөчөлүктөрү кандай? Элчи мырза "Азаттык" радиосунун ушул жана башка суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Урматтуу элчи, учурда Кыргызстан-Беларус мамилелерин өнүктүрүүгө экс-президент Курманбек Бакиевдин Минск шаарында баш калкалап жүрүүсү таасир этпей койбосо керек. Кыргыз тараптын Бакиевди өткөрүп берүү сунушун расмий Минск аткарбай же укпагандай болуп жүрөт эмеспи.

Элчи Асаналиев: Менин пикиримде, бул боюнча мындай позиция болуш керек: биринчиден, эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге кандайдыр бир өзгөчө учурда келип чыккан проблемалар же маселелер бут тосуп, биз ошого байланып калбашыбыз керек. Курманбек Бакиевдин Беларуста болушу, ал жерде турушу кыргыз-беларус байланыштарына эч качан залакасын тийгизбеши абзел.

Экинчиден, бизде коомчулуктун бул маселеге абдан кызыкканы белгилүү. "Эмне болуп атат? Ал киши жөнүндө кабар барбы?" деген сыяктуу. Ошондуктан саясий деңгээлден алып карасак, бул эки тараптын тартип коргоо органдары аркылуу чечиле турган маселе. Себеби дүйнөлүк практикада бир өлкөдөн экинчи өлкөгө андай кишилерди кайра өткөрүп берүү маселеси укуктук нормалардын чегинде каралат.

Үчүнчүдөн, бул (К. Бакиев маселеси) биздин ортодогу мамилеге залакасын тийгизбеши керек дегеним, ал киши Кыргызстандан кеткенден кийин арыз жазып, “мен кеттим, бийликти өткөрүп бердим”, деген.

Ал эми анын Беларуста жүрүүсүнө келсек - расмий макамдагы адам эмес, экс-президент деп да атай албайбыз. Кадимки катардагы адам катары ал жерде жашап атат.

Быйылкы жылдын февралынан бери бул киши жөнүндө үй-жай сатып алды, өзүнчө туруп атат деген сөздөр жүрөт. Ал тууралуу Беларустун маалымат каражаттары да тактоо берип атышат. Бирок расмий түрдө биз (элчилик) сураган маселелер боюнча жооп алынган жок. Бирок биз да туура түшүнүүбүз керек: Беларуста гана эмес, башка өлкөлөрдө да бөлөк өлкөнүн жараны келсе, ал киши кандай макамда экени, эмне себептен келгени жар салып айтылбайт.

Беларустар өздөрүнүн ички мыйзамдарына таянып, “биз мындай маалымат бере албайбыз, ага БУУнун астында кабыл алган милдеттемелер жол бербейт” дешти. Курманбек Бакиев ал жерде катардагы адам катары болгондон кийин, аны саясатташтыруунун кереги жок, бул маселени укуктук органдар карашы керек.

Бул кишиге өткөн жылы Беларустун жарандыгы берилди деген да кабар тараган. Ал боюнча да биз эч кабар ала алган жокпуз. Эгер муну укуктук тарабынан алып карасак, ал киши катардагы адам, саясий жетекчи эмес. Эгерде ал киши Беларустун жарандыгын алса, Беларустун мыйзамдарына жараша укугу корголот. Ал эми ортодогу маселелер укук коргоо органдарынын деңгээлинде чечилиш керек.

"Азаттык": Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Бакиевдердин үй-бүлөсү Беларуста ишкердик жасап жүрүшкөндүгүн билдирди. Сизде бул тууралуу маалымат барбы?

Элчи Асаналиев: Беларус расмий кызматтары ким эмне иш кылып атат - ал боюнча маалымат бербейбиз, ага шартыбыз жок деген негизди билдирди. Биздеги маалымат боюнча ал жерде Кыргызстандан келип ишкердик менен шугулданган азаматтарыбыз деле аз, келип-кеткендер деле саналуу. Ал киши кайсы бир заводдун директору болуп ишке орношту деген дагы кабар чыгып кеткен. Менин түшүнгөнүмдө, ага байланыштуу дагы маалыматтар күчөп кетиши мүмкүн. Бирок Беларуста расмий түрдө ал кишилер иш кылып атат же ишкерлик менен алпурушуп жатат деп айтышка бизге негиз жок.

"Азаттык": Абактан амал менен качып кеткен Акмат Бакиев жөнүндө да ушундай жооп берет турбайсызбы?

Элчи Асаналиев: Ал деле ушундай нерсе. Тигилер, же булар келди деген эч кандай кабар жок.

Түз линк
("Сыябанды" толугу менен угуңуз)

"Азаттык": Сиз Кыргызстандын Литва жана Латвиядагы да элчисиз. Бул өлкөлөр Европа Биримдигинин мүчөлөрү. Ошондуктан алар менен кызматташуу экс-советтик Беларуска, же сиз мурда иштеп кеткен Тажикстанга караганда бир канча өзгөчөлөнүп турса керек?

Элчи Асаналиев: Айырмасы бар, аны өзүбүз көрүп атабыз. Себеби биздин атуулдардын Латвия, Литвадагы жүргүзүп аткан иштери, катнаштары, ал жердеги расмий өкүлдөрдүн берген баалары такыр бөлөкчө. Бир нерсе, биз Советтер Союзу учурунда бир өлкөдө жашап калгандыктан, ортодо бир менталитет бар, орус тилин билишет, Кыргызстанды өз өлкөсүндөй жакын сезишет.

Латвия, Литва мурда СССРдин курамында болгону менен, бүгүн алардын тартиби такыр бөлөк. Ошон үчүн бул эки мамлекете жүргөндө англис тилин билиш керек, алардын мыйзамдары да биздин мыйзамдарга окшош эмес экенин белгилей кетем.
XS
SM
MD
LG