Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Жүрөгүң ким үчүн согот, спортчу?


Лондон олимпиадасын утурлай ондогон атлетчилер жарандыгын өзгөртүп, эми башка өлкөлөрдүн желеги алдында таймаштарга катышат. Негизи дүйнөлүк спортто “легионерлерди” пайдалануу тажрыйбасы кадыресе эле көрүнүш. Бирок бул жолу айрым өлкөлөрдүн курама командасында “башкалардын” өтө эле көп болушу түрдүү суроолорду жаратууда.

Быйылкы олимпиаданын ээси Британия бул жолу улуттук командасына көп сандагы башка мамлекеттин спортчуларын кошуп алганы менен коомчулуктун көңүлүн бурду. Мисалы, британ спортчуларынын курамын бул ирет 2004-жылкы олимпиадада Судан үчүн таймашкан, үч аттап секирүү боюнча атактуу кубалык Ямил Алдама, узундукка секирген анголалык Шара Проктор, немис велоспортчу Филипп Хиндес толуктады. Ошондой британ командасында үч америкалык атлет бар.

Жалданма спортчуларды өз командасына кошуу тажрыйбасы көп суроолорду жаратканы менен ошол эле учурда аны бир топ мамлекеттер кеңири пайдаланууда. Мисалы, постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Азербайжандан 50дөн ашуун спортчу Лондонго аттанса, алардын дээрлик жарымы мурда башка мамлекеттин жарандары эле.

Оюнга даярдык көрүлүп жаткан учурда Бакы менен Софиянын ортосунда эки болгар оор атлетчинин айынан талаш чыкты.

Азербайжан тарапка өткөн Боянка Костова менен Валентин Христов үчүн былтыр азери өкмөтү Болгарияга 500 миң доллардан ашык акча төлөп бермей болгон. Бирок эки спортчунун Лондон олимпиадасына катыша тургандыгы анык болгон соң, Болгария баштапкы келишимде бул жагдай эске алынбай калганын айтып, дагы кошумча төлөм сурай баштады. Көптөгөн талаш-тартыштардан кийин гана Болгария акыры мурдагы эки спортчусунун Лондон олимпиадасында Азербайжандын атынан чыгуусуна макулдугун берип тынды.

Жалданмаларды тартуу тажрыйбасы спортто кайсы бир өлкөнүн беделин көтөрүүгө салым кошкону менен ошол эле учурда дүйнөлүк спортту коммерциялаштырууда деп тынчсыздангандар да четтен чыгат.

Жак Рогге
Жак Рогге
Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Жак Рогге айрым спортчулар өз өлкөсүндө жетиштүү колдоо таап, талантын өркүндөтө албай, акчадан кыйналгандыктан башка өлкөнүн жарандыгын алып жаткандыгын белгилейт. Бирок спортчулардын арасында олимпиада оюндарын пайдаланып, акча жасап алуу максатын көздөгөндөр да жок эместигин кошумчалайт.

- Мен өз мамлекетинде колдоодон өксүбөсө да, жарандыгын алмаштырып кеткен спортчуларды билем. Бирок биз аларга каршы да чыга албайбыз. Анткени ал ар бир спортчунун жеке чечими. Бирок ачыгын айтсам – мындай нерсе мага жакпайт.

Азербайжан өңдүү эле Казакстан дагы жалданма спортчулардын жеңиш алып берерине ишеним арткан өлкөлөрдүн катарына кирет. 2008-жылы Орусиянын беш теннисчиси - Ярослава Шведова, Галина Воскобоева, Андрей Голубев, Юрий Щукин жана Михаил Кукушкин Казакстандын жарандыгын алышкан. 2011-2012-жылы орусиялык Ксения Первак жана Юлия Путинцева да казак жарандыгын алып, Алматыга көчүп келишкен.

Мындан тышкары Лондон олимпиадасында Казакстандын желеги астында уйгур, дунган тектүү Кытайдын мурдагы спортчулары Мая Манеза, Зульфия Чиншанло, Арли Чонтей, Фархад Харки аттуу оор атлетчилер мөрөй талашат.

Аталган спортчулар буга чейин эл аралык таймаштарда ири жеңиштерге жеткен, андыктан казактар Лондон олимпиадасында медалга бекем ишеним артып турган кези.

Казакстандын оор жана жеңил атлетика боюнча улуттук командасынын машыктыруучусу Мендихэн Тэпсирули чет элдик атлетчилер Борбор Азиядагы жаңы деп эсептелген спорттун түрлөрүнө кызыгууну арттырууга көмөк көрсөтөрүн белгилейт.

- Биз Казакстанда таймаштардын деңгээлин көтөрүү үчүн кытай атлетчилерин чакырдык. Алар биздин жаш спортчуларыбыз менен иштеп, тажрыйбалары менен бөлүшөт. Мая Манеза менен Зульфия Чиншанлонун жеңиштеринен кийин биздин казак жаштары да оор атлетикада өсө баштады. Азыр келе жаткан Арли Чонтей, Фархад Харки да абдан күчтүү спортчулар. Алар Лондон олимпиадасында медаль ала алышат.

Бирок казактардын баары эле машыктыруучунун оюна макул эмес. Казактын спорт журналисти Рауан Окастын айтымында, коомчулукта Казакстан четтен келген жаңы спортчуларга акча короткондун ордуна жаш казак спортчуларды өстүрүп, өлкөдөгү улуттук спортту өнүктүрсө болмок деген пикир күч.

- Чонтай менен Карки алтын медал алып келген күндө да спорт күйөрмандары алардын жеңишин тааныбайт. Анткени алар баары бир биз үчүн чет элдик жарандар.

Кыргызстан да Бээжин олимпиадасына чейин орусиялык жалданма спортчуларга таянып келген. Ал эми Лондон олимпиадасына аттанган 14 спортчунун арасында азыр бир дагы четтен келген спортчу жоктугун Улуттук олимпиада комитети билдирген.

Кыргызстандын эгемен тарыхында олимпиадалык биринчи байгени 2000-жылы Сиднейден казакстандык жалданма дзюдочу Айдын Смагулов алып келип, бирок кийинчерээк кайра өз ата журтуна кетип калган.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG