Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:37

"Мегаком" иши созулчудай


“Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун мурдагы жетекчилерине карата сот жараяны 10-августта башталды.

Компаниянын мурдагы жетекчиси Азамат Мурзалиев, анын кеңешчиси Алмазбек Абеков жана курулуш компаниясынын башчысы Аман уулу Кенжебек “мыйзамсыз каражатты мыйзамдаштырган” деген жана башка бир топ беренелер боюнча айыпталууда. Тергелип бүткөн ишти Биринчи май райондук соту кайра тергөөгө жөнөттү.

Сот башталганга чейин эле Биринчи май райондук сотунун залына “Альфа Телеком” ишканасынын мурдагы жетекчиси Азамат Мурзалиевдин, анын кеңешчиси Алмазбек Абековдун жана ушул эле адамдар түздү деп айтылып жүргөн “Новострой сервис” компаниясынын башчысы Аман уулу Кенжебектин жакындары толду.

49% үлүшү мамлекетке караган ишканадан 6 миллион долларды оффшордук аймакка алып чыккан деп айыпталган Алмазбек Абеков жана калган экөө көз бойомочулук жана башка бир нече берене менен айыпталып жатышат.

Январдан тарта алардын иши тергелип отуруп, жакында сотко жиберилген. Бүгүн Абековдун жактоочусу Икрамидин Айткулов соттон ишти кайра тергөөгө жиберүүнү өтүндү.

- Мен коргоп жаткан тараптын укугун бузушту, тергөөнүн иши менен тааныштырган жок. Андан мурда эле Абеков ага коюлуп жаткан айып боюнча көрсөтмө берейин деген. Аны да сурашкан жок. Күнөөнү да биз - жактоочулары жокто угузушту.

Биринчи май райондук сотунун судьясы Адылбек Субанбеков бул өтүнүчтү канааттандырды. Он күндүн ичинде покуратура шаардык сотко кайрылбаса, Башкы прокуратура ишти кайра толук иликтөөгө жиберет же апелляцияга бергенге акылуу.

Бирок соттун мындай чечими ушул эле тергөөнүн ичинде каралган Мурзалиевдин ишине таасирин тийгизет экен. “Анын иши мыйзам чегинде каралган, сот иши эми жылат деп күттүк эле” дейт Мурзалиевдин апасы Төлөкан Мурзалиева:

- Башында баары эле жакшы болгон. Бүгүн соттон калыстык күткөнбүз. Артка тергөөгө жиберип жатпайбы. Биздики баары бүткөн. Эч нерсе каралмак эмес.

Сот жараянында Абековдун жактоочусунун өтүнүчүн Мурзалиевдин жактоочусу колдогондуктан эми баарынын иши кайра каралат. "Ар биринин иши өзүнчө каралбайт" дейт Мурзалиевдин жактоочусу Виктория Каргабаева:

- Биз иш эми сотто каралсын деп келгенбиз. Абековго каршы мыйзам бузулган үчүн жактоочусу ишти тергөөгө өткөрүүнү өтүндү, биз өзүбүз коргоп жаткан тарап үчүн андай өтүнүч менен кайрылган жокпуз. Тергөө жана бардык жараян үчөөнө бирдей болот да.

Тергөөдө кеткен кемчиликтердин бири катары Кытайдан алынган жабдыктардын документтери англис жана кытай тилинен которулбай сотко өткөрүлгөнү айтылды. Ал эми прокурорлор баары которулганын, терминдер гана калганын билдиришти.

“Альфа Телеком” ишканасы ээлик кылган "Мегаком" байланыш операторуна жабдык, унаа сатып келүүдө каражат өөнөгөн деп айыпталып жаткан Алмазбек Абековго калган экөөнө караганда көп айып тагылууда.

Иш тергелип жатканда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматынын төрагасы Бектен Сыдыгалиев булардын артында да бирөөлөр турганын айткан эле.

- Эгерде бизге бул адамдардын артында ким турганы белгилүү болсо, атын атагандан коркпойбуз. Саясий эркибиз жетет. Мен кызматымдан ажырайм деп да коркпойм. Менин өз принциптерим бар.

Айыпталып жаткандар учурда УКМКнын тергөө абагында. Аталган адамдар жыл башында башталган коррупцияга каршы күрөшүүнүн чегинде камалган. Бирок айрымдары камалгандарды кирешелүү компанияны талашуунун курмандыктары катары баалашкан.
XS
SM
MD
LG