Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:07

Апта: “Мегаком-гейт”, эңкейген экономика...


"Мегаком" компаниясынын тоо үстүндөгү жабдыктары.

"Мегаком" компаниясынын тоо үстүндөгү жабдыктары.

Кыргызстандан ири суммада акчалар чыгарылганы парламентте айтылды. Кыргызстан менен Орусия энергетикалык долбоорлор боюнча сүйлөшүүнү улантат.

Кыргызстан дагы бир ири саясий жана коррупциялык жаңжалдын алдында тургандай. Ал жаңжал айтылуу “Мегакомго” байланыштуу болчудай.

Алты миллион доллардын артында ким турат?

УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын жетекчиси Бектен Сыдыгалиевдин 16-майда парламентте билдирүүсүнө караганда, 2011-жылы “Мегаком” жабдууларды сатып алуу үчүн кытайлык ZTE компаниясына 31 млн. доллар которгон. Бирок жабдуулардын баалары атайын кымбатталган. Кытайдын компаниясы акысына 6 млн. долларды оффшордук зоналардагы кыргыз чиновниктерине таандык эсептерге которгон.

Антикоррупциялык комитет бул ишти “Мегакомдун” ошол кездеги жетекчиси Алмазбек Абеков жасаган деп тастыктап жатат. Оппозициялык саясатчылар Абеков анча сумманы өз алдынча которо алмак эмес, анын артында үлкөн саясатчылар турат деп шекшинүүдө.

“Ата-Журттун” лидери Камчыбек Ташиев алардын ысмын да атап жиберди:

- Абековдун, Мурзалиевдин артында ким турат? Өкмөт башчы Бабанов турабы, же мурдагы президент Отунбаева турабы? Себеби азыр Бабановдун да, Отунбаеванын да ысымдарын атап жатышат. Муну тактап чыгуу керек. Президент Атамбаевдин абройундагы маселе болуп жатат. Анын абройун сактап калуу үчүн УКМК бул ишти аягына чыгарышы керек.

Мына ушундай эле маанидеги билдирүүсүн “Мегакомдогу” жаңжал боюнча айыпталып жаткан айтылуу Раушан Рыкунова 17-майда сот учурунда жасады. Болгону ал жогорудагы эки ысымга Эмилбек Каптагаев жана Амангелди Муралиевди кошкон.

Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Султан Каназаров Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүн “көчө сөзү” катары баалады.

Антикоррупциялык кызматтын жетекчиси Бектен Сыдыгалиев Абековдун артында кимдер турганын тергөөнүн соңунда гана ачыктаарын билдирди. Бирок УКМКнын аракеттерине каршы басым абдан күчтүү болуп жатканын анын жетекчиси Шамил Атаханов ага чейин билдирген эле:

- Эң башкысы - бул ишти улантууга саясий эрк болуш керек. Жарым жолдо эч качан токтоп калганга болбойт. Анткени басым абдан күчтүү. Кээ бир кылмыш иштери боюнча басым өтө күчтүү болуп жатат. Мисалы, “Мегакомду” алсак. Кармалган жетекчиликти коргоп митингдерди уюштуруп чыгышты. Алардын артында абдан бийиктеги адамдар турат. Мунун баарына туруштук бериш оңой эмес.

Саясий эрк биринчи кезекте президентте болуш керек. Анткени антикоррупциялык күрөштү жүргүзүп жаткан кызматтардын артында президент турат. Ал эмес коррупцияга каршы күрөштүн демилгечиси президент өзү болгон. Бирок ал күрөш президенттин айланасындагы азыркы жана мурунку өтө таасирлүү адамдарды камтып, эбегейсиз чоң каршылыкты жаратууга жөндөмдүү. Ал эмес алар мамлекетти аласалдырып жиберүүгө жарай турганын мурунку башкы прокурор Кубатбек Байболов бекеринен белгилебесе керек.

Ошентип президент Алмазбек Атамбаев өтө татаал чечимдердин алдында турат. Ал чечимдер Коргоо кеңешинин жакынкы жыйынында кабыл алынып, үлкөн ысымдар аталышы ыктымал.

Бул жыйындын алдында Башкы прокуратура да активдүүлүгүн көрсөтүп, банк уячаларынан алынган акча боюнча маалыматтарды кайрадан жарыялады. Ал маалыматка караганда, уячалардан алынган акча 18 уюм жана адамдарга таратылган.

Алардын арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бар. Маселен, Ички иштер министрлигине 1 млн. 300 миң доллар, УКМКга 900 миң доллар, Эмил Каптагаевге 53 миң доллар, Өмүрбек Текебаевге 20 миң доллар бөлүнгөн. Жалпысынан 3 млн. 327 миң доллар таратылып, анын ичинен 2 млн. 587 миң доллар иштетилип кеткен.

Акча Убактылуу өкмөт тарабынан кырдаалды турукташтыруу үчүн таратылганы айтылган. Башкы прокуратура болсо аны мыйзамсыздык катары баалап, ал каражаттар кылмышка далил катары сакталыш керек эле деп билдирүүдө. Ошентип банк уячаларынан алынган акча Убактылуу өкмөткө сүйкөлгөн көө болуп турат.

Коргоо кеңешинин жыйынынын алдында башка коррупциялык иштер да көтөрүлө баштады. Маселен, “Ата Түрк” сейил багынын жерин жогорку даражалуу чиновниктерге жана байманалуу адамдарга берилиши кайрадан козголду.
Бишкек мэриясы жер кимдерге жана кайсы мезгилдерде берилгенин жарыялап жиберди. Бул ишти кезинде Курманбек Бакиев да көтөрүп, бирок эч натыйжа чыкпаганы элдин эсинде.

Өнөктөштөр өз-өзү менен

15-майда Москвада Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун мааракелүү саммити болду. Мындан 20 жыл илгери Ташкенде ЖККУну түзүү боюнча келишимге кол коюлган эле. Мына ушул мааракелүү саммитке улаалаш КМШнын бейформал саммити да өттү. Ал саммит Владимир Путиндин президенттик кызматка киришүүсүн куттуктоого арналгандай болду.

Мына ушул саммиттердин алкагында президент Алмазбек Атамбаев орус президенти Владимир Путин, өкмөт башчысы Дмитрий Медведев жана Азербайжан президенти Илхам Алиев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Илхам Алиев менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков буларды билдирди:

- Эки президент сүйлөшүүлөр жакшы деңгээлде өттү деп баа берди. Белгилүү болгондой, Кыргызстанга мунайды кайра иштетүүчү завод куруу боюнча азербайжандык SOKAR аттуу компания катуу иштеп жатат. Логистиканы изилдеп дегендей. Биз Казакстан менен да бул маселе боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Эми заводду куруу боюнча үч тараптуу сүйлөшүү жүргүзөбүз.

Кыргызстан Азербайжанга ыраазылык иретинде Бишкекте Гейдар Алиев атындагы парк ачуууга камданууда. Кыргызстанда курулушу болжонгон завод жылына 2 млн. тонна мунайды иштетүүгө жарамдуу болот. Кыргызстандын керектөөсү 1 млн. тоннанын тегерегинде.

Кыргызстан учурда күйүүчү майдын 90% ашуунун Орусиядан алат. Москва азырынча Кыргызстанга кошумча бажы төлөмсүз мунай затын берип жатат. Бирок бул убактылуу көрүнүш. Ошол кыргыз жетекчилигин бейпайга салып турат. Бул маселени бир жактуу чечиш үчүн эки тараптуу энергетикалык келишим эки жылдан бери даярдалып келатат. Бирок ушул кезге чейин кол коюла элек. Анын себеби кыргыз-орус мамилесинде бир катар маселелер чечиле электигине байланыштуу окшойт.

Мына ошол маселелер Кыргызстан менен Орусиянын жетекчилигинин Москвадагы жолугушуусунда талкууланган. Алар гидроэнергетикалык долбоорлор, “Дастандын” акциясы. Белгилүү болгондой, булар боюнча стратегиялык өнөктөштөрдүн ортосунда олуттуу келишпестик бар. Орус тарап жаңы курула турган ГЭСтерден 75% үлүш алууну көздөп жатат. Эксперттик деңгээлде мына ушундай сунуш Бишкекке түшкөнүн Сапар Исаков тастыктады.

Кыргыз тарап 2009-жылкы келишимдин негизинде иш алып барууну жактоодо. Ал кездеги келишим боюнча Кыргызстан Орусияга “Дастандын” 48% акциясын берет. Анын ордуна орус тарап Кыргызстандын 193 млн. доллар карызын кечет. Бирок акыркы кезде орус тарап ал келишимден тайып, карызды кечүү үчүн “Дастандын” 75% акциясын талап кылууда.

Эки өлкөнүн жетекчилиги бул маселени кандай чечип жатканы тууралуу Сапар Исаков буларды билдирди:

- 2009-жылы келишимге кол коюлган. Ал келишим күчкө кирген. Кыргызстан ратификация кылып, биз өз милдеттерибизди аткарганбыз. Тийиштүү протокол менен акцияларды да, Соода өкүлчүлүгүнүн имаратын да Орусияга өткөрүп бергенбиз. Орус тарап бир протоколго кол койбой калган. Ошон үчүн биз минтип сүйлөштүк, ошол 2009-жылкы келишимдин беренелерин аткарабыз дедик. Ошон үчүн эки тарапка бир убакыт берилди. Мына ошол мөөнөттүн ичинде эки өкмөт баалоо иштерин жүргүзөт. Ал иштер 2009-жылкы келишимдин негизинде болуш керек. Сүйлөшүүнүн негизи мына ушундай болду.

Сапар Исаковдун айтымында, Камбар-Ата-1 боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Анын ичинде Казакстан менен. Долбоор Өзбекстан менен да сүйлөшүлүш керек.

Белгилүү болгондой, расмий Ташкен Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна кескин каршы чыккан. Ал эми кыргыз тарап ГЭСти курууну ички иши катары атаган. Кыязы, Ташкен менен тил табышуу сунушу Кремль тараптан түшкөндөй. Эгерде жагдай ушундай болсо, анда долбоорду аткаруу жаңы татаалчылыктарга туш болот.

Экономика эңкейиште

Өкмөт орто мөөнөттүк программасын парламентке сунуштады. Аны фракциялар карай баштады. Бирок бул программа көбүрөөк сынга кабылып, бир катар фракциялар артка кайтарды. Маселен, КСДП, “Ар намыс” фракциялары мына ушундай чечим кабыл алды.

Программасы жактырылбаган өкмөт эки анжы абалда калаары турган иш. Парламентарийлердин программаны артка кайтаруусуна экономикада өсүштүн жоктугу себеп болгондой.

Өкмөт өзү да быйылкы жылы 7.5% өсүш болот деген планынан баш тартып, болгону 2% жетпеген өсүш болот деп калды. Муну Экономика жана антимонополдук саясат министрлигинин макроэкономикалык саясат боюнча башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев тастыктады.

Экономикада абалдын начарлыгын экономист Мейманбек Абдылдаев өндүрүшкө көңүл бурулбай жатышы менен байланыштырат:

- Менин байкашымча, бул өндүрүшкө багытталган өкмөттүн системалык саясатынын жоктугуна байланыштуу. Алдын ала чаралар көрүлүш керек эле. Анын үстүнө инвестиция жок болуп, дүйнөдө кризис жаралып жаткан учурда. Андан сырткары бизде болуп өткөн саясий башаламандыктын таасири дагы эле тийип жатса керек.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев өкмөттө дурустап иштелген программа, мамлекетте болсо келечекти көздөгөн стратегия жок деп сынга алды. Анын айтымында, өкмөт тарабынан сунушталып жаткан программалар олуттуу эмес:

- Бизде бийликке беш партия келди. Алардын эмне деген программасы, платформасы бар экени белгисиз. Азыр өкмөттүн кайсы партиянын программасын негиз кылып алып, иштеп атканы белгисиз. Анан адис балдарды бир-эки айдын ичинде программа түзө кой дешет, булар тыякты карап, быякты карап, бир нерсени жазып беришет. Анан парламентке келсе, талаш-тартыш башталат.

Кайсы мамлекетте болбосун реалдуу өндүрүш тармагы экономиканын арка-бели болот. Муну дүйнөлүк кризистен ийгиликтүү чыккан өндүрүшү абдан күчтүү Кытай жана Германиянын тажрыйбасы тастыктап турат.

Кыргыз өкмөтү мына ушул реалдуу тармакты каржылай турган Мамлекеттик банкты түзүү чечимин кабыл алды. Аны түзүү боюнча мыйзам долбоору парламентке жолдонду. Бирок өкмөттүн бул аракетине дагы бир каскак чыгып турат.

Белгилүү болгондой, өкмөт бул банкты “Центерра голд инктеги” акцияларын сатып же күрөөгө коюп, түшкөн каражат менен камсыздоону көздөп жаткан. “Центеррадагы” Кыргызстандын үлүшү 1.5 млрд. доллар деп айтылган. Бирок акыркы кезде “Центерранын” акциялары кескин арзандап, Кыргызстандын акцияларынын баасы 800 млн. доллардын тегереги болуп калды. Кумтөр алтын кени болсо ишин басаңдатып жиберди.

Кыргызстан үчүн жагымсыз мындай тенденция атайын уюштурулушу ыктымал деген божомолдор министрликтерде айтыла баштады. Айрым эксперттер болсо кыргыз өкмөтү акцияларды сатууда ыңгайлуу учурду колдон чыгарганы үчүн жооп бериш керектигин айта баштады.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG