Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:36

"Альфа Телекомдогу" кыңыр иштер


“Мегаком” байланыш операторуна ээлик кылган "Альфа Телеком" ишканасынын айланасында чыр ырбады.

Апта башында УКМКнын алдындагы коррупцияга каршы кызмат "Альфа Телекомдун” мурдагы жетекчилеринин бири Алмазбек Абеков 6 миллион долларды оффшордук аймакка чыгарганын жарыя кылган.

УКМКнын маалыматына ылайык, 2011-жылы Алмазбек Абеков уюлдук операторго жаңы жабдыктарды сатып алуу үчүн кытайлык ZTE аттуу компания менен 31 миллион долларлык келишим түзөт. "Бирок келишимде жабдыктардын баасы бир кыйла кымбат көрсөтүлүп, бул үчүн Абеков 6 миллион долларды өзүнө алат. Аны Виргин аралдарында катталган оффшордук ишканасына чыгарып кеткен" деп айтылат маалыматта.

Мына ушул ири өлчөмдөгү каражатты чыгарып кетүүдө Абеков жалгыз эмес, бийликте аны калкалаган калдайган фигуралар болушу мүмкүн деген күмөн ойлор айтылууда. Оппозициядагы “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев парламенттин жыйынында ушул ойду айтты:

- Абековдун, Мурзалиевдин артында ким турат? Өкмөт башчы Бабанов турабы, же мурдагы президент Отунбаева турабы? Себеби азыр Бабановдун да, Отунбаеванын да ысымдарын атап жатышат. Муну тактап чыгуу керек. Президент Атамбаевдин абройундагы маселе болуп жатат. Анын абройун сактап калуу үчүн УКМК бул ишти аягына чыгарышы керек

Бирок өкмөттүн маалымат кызматы премьер Өмүрбек Бабановдун “Альфа Телекомдогу” кыңыр иштерге тиешеси жоктугун билдирүүдө. Өкмөт башчынын маалымат катчысы Султан Каназаров Камчыбек Ташиевден далил талап кылды:

- УКМК “Альфа Телекомдогу” чырга кимдер аралашканы тууралуу маалыматты айтып, коомчулукка тааныштырышы керек. Биз да ага муктажбыз. Себеби премьер-министр Өмүрбек Бабановдун, мурдагы президент Роза Отунбаеванын эң башкы максаттарынын бири - коррупцияга каршы күрөшүү жана мамлекеттик активдерди уурдоого каршы согуш болчу. Муну менен катар парламенттик оппозициянын лидери Камчыбек Ташиев парламенттин пленардык жыйынында айткан Отунбаева менен Бабановдун “Мегакомдун” айланасындагы чырга катышы бар деген маалыматына керектүү далилдерди бериш керек.

Дарегине айтылган дооматтар боюнча мурдагы президент Роза Отунбаева менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Ким башкарган? Ким турган?

Ал эми УКМК алдындагы Коррупцияга каршы кызматтан болсо Абековдун артындагы адамдар тууралуу иликтенип жатканын, бирок эч нерсе тактала электигин билдиришүүдө. Аталган кызматтын төрагасы Бектен Сыдыгалиев “Альфа Телекомдогу” кыңыр иштерге аралашкан жогорку кызматтагылардын ысымдары коомчулукка жарыяланат деп убада кылууда:

- Эгерде бизге бул адамдардын артында ким туруп, ким башкарганы дайын болсо, алардын аттарын атагандан коркпойбуз. Ага саясий эркибиз жетет. Мен кызматымдан ажырайм деп коркпойм. Менин өз принциптерим бар. Бирок тергөө учурунда такталбаган ысымдарды атоо туура эмес деп ойлойм. Себеби мындай факттар далилденбей калса, ал адамдын кадыр-баркына шек келтирген болобуз.

Анткен менен Алмазбек Абековдун жакындары ага козголгон жаңы иштерди негизсиз деп баалашат. Алмазбек Абековдун кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат Икрамидин Айткуловдун айтымында, бул иш “Альфа Телекомдун” мурдагы жетекчилерине байланышкан тергөөнү создуктуруп, аларды камакта кармап туруу үчүн УКМКнын аракети:

- Жаңыдан козголгон кылмыш ишти мурдатан эле даярдап, ыңгайын күтүп жатышкан. Себеби бул ишти создуктурууну каалап жатышат. Коюлуп жаткан айыптын баары негизсиз. Эч ким эч нерсени уурдап, сыртка чыгарган эмес. Тескерисинче, азыр түрмөгө камап салган жетекчилердин учурунда баары ийгиликтүү кетип, киреше бир нече ирет өскөн эле. Алар “Альфа Телекомду” 100 пайыз мамлекеттин менчигине өткөрүүнү көздөшкөн эле. Бирок айрым күчтөр муну каалашпай, аларга тоскоол болушту.

Ошол эле учурда ири өлчөмдөгү каражатты өөнөп алды делген “Альфа Телекомдун” мурдагы жетекчилери Азамат Мурзалиев менен Алмазбек Абековду бул кызматка алып келгендердин да жоопкерчилиги каралыш керек деген үндөр угулат. Алар премьер-министр Өмүрбек Бабановдун командасында деп айтылып келет.

Эксперт Азамат Акелеевдин пикиринде, жогорку кызматтагылар аралашпай 6 миллион долларлык каражаттын өлкө тышына чыгарылышы деле мамлекеттик органдарынын чабалдыгынан кабар берет:

- Бул жерде мамлекеттик көзөмөлдөй турган органдар жоопкерчиликти тартышы керек. Себеби алар аудит кылып, муну көзөмөлдөп туруш керек эле. Бул көзөмөлдүн начардыгынан мындай иштер болуп жатат. Менин оюмча, “Альфа Телеком” компаниясында эле эмес, көп жерлерде мындай иштер болуп жатса керек.

Ал ортодо өкмөт сатууну көздөп жаткан “Альфа Телекомдун” 49 пайыздык үлүшүн сатпоо демилгесин парламент депутаттары көтөрө баштады. Бул ачык аукциондо 22-майда өткөрүлмөк. Бирок бүгүнкү күнгө чейин алууну каалаган бир да кардар каттала элек жана парламенттин айрым комитеттеринин кароосунан өтө элек.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG