Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:00

“Мегаком” деген ат менен белгилүү “Альфа-Телеком” уюлдук компаниясынын 49 пайыз мамлекеттик үлүшү сатыкка койулду.

Бирок айрым эл өкүлдөрү өкмөттүн бул демилгесин айыптап, кирешелүү компанияны мамлекеттин карамагына алып калуу зарылдыгын айтып чыгышты. Алардын айтымында, мамлекеттин кызыкчылыгы болгондо “Мегакомдон” түшкөн киреше бюджеттин кенемтесин бүтөгөнгө жарамак.

“Альфа-Телекомдун” 49 пайыз мамлекеттик үлүшүн сатуу боюнча ачык аукцион ушул жылдын 29-ноябрына белгиленди. Сатуу коомдук телеканалда түз эфирде жүргүзүлө тургандыгы айтылды.

Уюлдук компаниянын кызматынан пайдалануучулардын саны ушул жылдын октябрь айына карата эки жарым миллион адамды түзгөн. Уюлдук оператордун байланышуу мейкиндиги өлкөнүн токсон пайыздан ашуун аймагын ичине камтыйт.

Мамлекеттик мүлк министрлигинин улутташтырылган объектилерди башкаруу фондунун өкүлү Асылбек Халмурзаев сатуунун негизги шарттары туурасында буларды билдирди:

- Аукционго катышууну каалаган тарап талап кылынган документтерди алып келиши керек. Анын баштапкы баасы төрт миллиард тогуз жүз миллион сом болду. Аукционго катышуучулар мына ошол сумманын он пайызын кепилдик акы катары төлөп, каттоодон өтүүгө тийиш. Андан кийин аукциондун жүрүшүндө эң көп акча сунуштаган тарапка 49 пайыз акция сатылат. Сатуудан түшкөн каражат мамлекеттик казынага которулат.

Кирешелүү компания бюджетке таяныч болобу?

Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков “Мегакомдогу” мамлекеттин 49 пайыз үлүшүн сатыкка койууга каршы билдирүү менен чыкты. Депутат кирешелүү компаниянын калган элүү бир пайыз акциясын өткөрүп алып, мамлекеттик ишкана түзүүнү сунуштады.

Дастан Жумабековдун айтымында, аталган уюлдук компания мамлекетте калганда анын кирешеси бюджеттин кемтигин жамаганга жарамак:

- Беш жүз миңин эсепке албаганда, эки миллион абоненттин ар бири орточо эсеп менен күнүнө бир доллардан сүйлөшкөндө эле бир күндө эки миллион доллар түшүп жатпайбы. Анын бир миллиону чыгымдарына кеткенде да, күнүнө бир миллиондон топтолуп, айына отуз миллион долларды түзөт экен. Бир жылдык орточо таза кирешеси төрт жүз миллион доллардын айланасында болот. “Мегакомдун” бир жылдык кирешеси биздин бюджеттин үчтөн бир бөлүгүнө чейин жетип жатат. Республикалык бюджет азыр бир жарым миллиард долларды түзөт. Эми ошол каражат кайра эле башка бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшкөнү калды. Муну токтотуш керек.

Анткен менен азыркы бийликти колдогон саясий күчтөр “Мегакомдун” кырк тогуз пайыз акциясын жеке менчикке сатуунун азыркы абал үчүн артыкчылыктуу жактарын айтып чыгышты.

“Республика” партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев өкмөттүн аталган үлүштү сатыкка чыгарышы экономикалык жактан негиздүү деген ойдо:

- “Мегаком” сатыкка чыккан күндө мамлекет үчүн ыңгайлуу жана пайдалуу жаңы шарттарда болот. Өкмөттүн негиздемеси бардык жагынан ойлонулуп, анан иштелип чыгат. Демек бул жерде компаниянын мамлекеттик үлүшүн колдо кармап тургандан көрө аны ыңгайлуу баада сатуунун мамлекет үчүн пайдалуу жагы болушу мүмкүн. Бул жерде экономикалык ырааттуулукту караган бир топ жагдайлар бар.

Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы

Башка өлкөлөрдүн мисалында таза мамлекеттик же мамлекеттик үлүшү элүү пайыздан жогорку көрсөткүчтү түзгөн уюлдук компаниялар бар. Буларга Азербайжандагы "Azercell Телеком", Казакстандагы Activ жана Түркмөнстандын “Алтын асыр”, Өзбекстандын UzMACOM мобилдик компаниялары мисал боло алат. Бирок Кыргызстанда уюлдук операторлорго чет элдик компаниялар же мурдагы президенттердин үй-бүлө мүчөлөрү гана ээлик кылып келген.

Уюлдук компаниянын кызматынан пайдалануучулардын саны эки жарым миллион адамды түздү.

Уюлдук компаниянын кызматынан пайдалануучулардын саны эки жарым миллион адамды түздү.

Былтыр 7-апрелден кийин “Мегакомдун” кырк тогуз пайызы мамлекеттештирилгени менен, кийин анын ээлик кылуу укугун талашып, сотко бергендердин саны көбөйгөн. Дастан Жумабеков муну компанияны кайрадан колуна алгысы келгендердин амалкөйлүгү катары баалады:

- Мен Мамлекеттик мүлк министрлигинен “ушуну мамлекеттин колунда эле алып калбайсыңарбы” десем, мага алар "“Мегакомдун” акциялары биздики болчу деп талашкан фирмалардан сотто 47 доо арыз бар, ошондуктан муну сатып жиберүү зарыл” дешти. Менимче, ошонун бардыгы атайылап “жасалма” уюштурулгандар. Анткени мына ошолор элдин алдына чыгып, “чын эле ээлик кылууга укугум бар” деп келе алабы? Жок. Аларда талашып-тартышканга негиздеме да жок. Булар ушундай болуп жатат деп сатыкка чыгарып, "бирок кайра эле сатып ала тургандар аз болуп жатат" деп кийин баасын түшүрүп, алып койгусу бар. Ошондуктан биз калган 51 пайызды сот аркылуу алып, же сатып алып, бирдиктүү мамлекеттик ишкана түзүшүбүз керек.

Жогорку Кеңеш башка улутташтырылган объектилер менен бирге эле “Мегакомдун” 49 пайыз акциясын сатууга макулдугун берген. Бирок парламентте аталган токтомду кайрадан карап чыгуу боюнча демилге көтөрүлө баштады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG