Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:23

"Мегакомдогу" миллиондордун чыры жана сыры


"Мегаком” уюлдук операторун талашып жаткан орусиялык инвесторлордон 50 млн доллар суралган соодалашууга биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабановдун катышын прокуратура органдары териштирсин деген сунуш боюнча депутаттык комиссия бир тыянакка келе албай жатат.

Депутаттык комиссия иликтөөсүн бүттү, бирок тыянак толук чыга элек. Комиссия төрагасы Акылбек Жапаровдун маалыматы боюнча “Мегаком” уюлдук операторуна ээлик кылган “Альфа Телеком” компаниясы апрель окуяларына чейин Максим Бакиевдин табакташ досу Елисеевдин колунда болгон. Ага чейин үч-төрт жолу сатылып, абдан чаташкан иш экени айтылды. Ошондуктан "Альфа Телекомду" 100 пайыз мамлекетке конфискация кылуу жөнүндө сунуш даярдалды.

- Биринчиден "Алфа Телеком" 2009-2010-жылкы документтердин негизинде толугу менен Кыргыз өкмөтүнө өтүш керек. Ал эми россиялык же башка инвесторлордун талашын кыргыз соту объективдүү түрдө карап чыгышы керек, - деди Акылбек Жапаров “Азаттыкка”.

“Альфа Телекомдун" 51 пайыз акциясын талашып жаткан "Евентс холдинг" компаниясынан биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов 50 млн доллар сураганбы же жокпу деген маселени тыянактоодо комиссия мүчөлөрү бир пикирге келе албай атышат. Акылбек Жапаров орус инвесторлорунан биринчи вице-премьер Бабанов өзү түздөн түз акча сураган эместигин, бирок алар менен үч жолу жолукканы аныкталганын айтты.

“Евентс холдинг” компаниясынын өкүлү Артур Акопян менен Бабановдун тапшырмасы боюнча улутташтырылган мүлк фондусунун директору Таир Кенекеев жолугуп, миллиондор жөнүндө сөз ошол жерде болгону аныкталган.

- Орусиялык инвесторлордун өкүлдөрүн биринчи вице-премьер улутташтырылган мүлк фондунун төрагасы Кенекеевге барып жолуккула, ошону менен бүт суроолорду чечкиле деп өзү жиберет. Кенекеев мырза "чыгып кеткен же өзүңөрдө катылган акча болсо, 50 млн доллардын тегерегиндеги акчаны бересиңер" дейт. Аягында бюджетке деп айттыбы же айткан жокпу, аны тартип коргоо органдары териштирет деп ойлойм. Эмне үчүн 50 млн доллар десе орусиялык инвесторлор "силер дагы кыйшалаңдай турган болсоңор 70 млн долларга чыгат" деп, ушундай сүйлөшүүлөр болгону аныкталды. Кенекеев өзү муну бюджетке сурагам деп билдирүүдө,-дейт Акылбек Жапаров.

Таир Кенекеев өз кезегинде орус инвесторлору менен жолукканын ырастап, бирок так кесе 50 млн доллар жөнүндө сөз болбогонун, компаниядан мыйзамсыз чыгып жаткан акчаларды мамлекеттик бюджетке кайра кайтарып бергиле деген сөз болгонун билдирди:

- Каржы полициясы ошондо текшерүү жүргүзүп жаткан. Ошонун артынан он доллар болобу, он миллион же элүү миллион доллар болобу, баары бюджетке келиши керек деп мен айткым келген, мамлекеттик бюджетке деп тактап айтам.

Жапаров чоң кызматтагы адамдардын бул иштеги тиешесин прокуратура органдары териштирсин деген сунуш менен чыкты. Бир катар комиссия мүчөлөрү, атап айтканда “Республика” фракциясындагы депутат Исхак Пирматов бул иште биринчи вице-премьер Бабановдун эч кандай тиешеси болгон эместигин жазып көрсөтүү керек деген экинчи сунушту киргизди. Комиссия мүчөлөрү ар башка позицияда болгондуктан, алар документтерди дагы бир жолу изилдеп окуп чыкмай болушту.

Ал ортодо комиссия мүчөсү Султан Медеров “Мегаком” ээлик кылып аткан мүлк “Бимоком” компаниясына таандык экенин тастыктаган сот чечими чыкканын, ал эми “Альфа Телеком” “Мегаком” аттуу брендке ээ болуп, кардарлар базасы жана уюлдук байланышка укуктуу лицензиянын ээси болуп жатканын билдирди.

Ошентип наркы 400 млн доллардан ашкан уюлдук компаниянын чаташкан окуясында чыныгы инвесторду аныктоо боюнча дагы далай соттук териштирүүлөр болчудай. Бир жыл мурда апрелде бийлик алмашкандан кийин “Альфа телеком” компаниясынын 49 пайызы улутташтырылып, 51 пайызы чыныгы ээси аныкталганга чейин мамлекеттин карамагына сактоого алынган.

“Мегаком” компаниясынын контрагенти “Сарамжал транска” жубайы кыймылсыз мүлк сатканы ачыкка чыккандан кийин Кубатбек Байболовду президент Роза Отунбаева баш прокурор кызматынан четтетип, ишти иликтөөнү коопсуздук комитетине өткөргөн.

Азыркы убакта “Мегаком” компаниясынын каржылык ишмердигин аудит текшерип жатат, бул ишканадан миллиондогон акчалар мыйзамсыз чыгып кеткенби же жокпу деген суроого ошол аудиттен кийин жооп болот.

XS
SM
MD
LG