Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:19

“Мегаком” чыры: Рашид Коптлеуов камакта калды


25-мартта Биринчи май райондук соту “Мегакомго” тиешелүү ири өлчөмдөгү акчаны опузалап алды деген шек менен камакка алынган Рашид Коптлеуовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карады.

Өткөн жылы апрель окуяларынан кийин “Мегакомдон” ири өлчөмдөгү акчаны алган деп шектелип, камакка алынган Рашид Коптлеуовдун камактагы мөөнөтү дагы бир айга узартылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук сотунун судьясы Болотбек Жаналиев жабык эшик артында өткөн териштирүүнүн натыйжасында кабыл алды. Судья өзүнүн чечимин кандай түшүндүргөнүн, Коптлеуовдун коомдук жактоочусу Өмүрбек Рыскелдиев мындайча ачыктады:

- Баш коргоо чарасы мурда эле кабыл алынган. Мен аны узартып жатам деди. Экинчиден, мындай чечим айыпталуучу шектелип жаткан иштердин оордугуна байланыштуу кабыл алыныптыр. Болуптур, статья болуп жатат, узартуу болуп жатат, бирок анын келинчеги кош бойлуу, атасы ооруканада. Ошон үчүн үйүнөн эле тергөөгө барып келип турса жакшы болмок деген ойдобуз.

Ири каражаттын изи кайда?

“Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкуловдун жардамчысы болуп келген 30 жаштагы Коптлеуов "өткөн жылдагы апрель окуяларынан кийин “Мегакомдон” опузалоо жолу менен акча алган" деп шектелип жатат. 16-мартта “Мегакомго” байланыштуу чырды иликтеген УКМКнын өтүнүчү менен Коптлеуовдун баш коргоо чарасы сотто каралып, аны 15 күнгө камакка алуу чечими чыккан эле. Бирок жактоочу тарап анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, тергөө бүткөнчө камактан бошотуу өтүнүчүн сотко билдиришкен.

Коптлеуовдун камакка алынышына , “Мегаком” байланыш операторунун ээси “Альфа Телекомдун” жетекчилигинин буга чейинки билдирүүлөрү себеп болгон. 11-мартта “Альфа Телекомдун” ошол учурдагы коопсуздук департаментинин жетекчиси Тилен-Аалы Кызалаков өткөн жылдын 8-апрель күнү Жекшенкуловдун атынан келген Рашид аттуу жардамчысына ири көлөмдөгү акча берилгенин айтып чыккан эле:

- Ал жерде Рашид аттуу жигит чогулгандарды эпке келтирүү үчүн өзүнүн ортомчулугун сунуштап, бул үчүн эки жүз миң сом керек экендигин айтты. Мен жетекчилик менен байланыштым. Ал жактан мага уруксат бергенден кийин акчаны Рашидге алып келип бердим. Анан эртеси мага жетекчиликтен "жүз миң доллар топтоп, Рашид кайсы жакка алып бар десе ошол жакка алып бар" деген буйрук болду. Мен Шопоков көчөсүндөгү "Фонекс" компаниясынын жанындагы үйгө акчаны алып келдим. Короодон Рашид мени тосуп алып, ичкеридеги А. Жекшенкуловдун иш бөлмөсүнө киргизди. Анан акчаны ага берип, чыгып кеттим. Бир нече күндөн кийин мага "дагы жүз миң долларды “Вассаби” деген кафеге алып бар" дешти. Ал жакта баягы Рашид жана Баха деген жигиттер күтүп турган экен.

Айыптоолор четке кагылууда

“Мегаком” жетекчилиги тарабынан айтылган мындай билдирүүлөрдү Рашид Коптлеуов четке кагууда. Ал апрель окуяларынан кийин эч кимден акча албаганын айтууда:

- Мунун баары туура эмес. Биз менин күнөөлүү эместигимди жана “Мегакомдун” өзүн-өзү тоногондугун тастыктаган далилдерди беребиз. Биз, тескерисинче, тонобостон коргогонбуз. Коргогонубуз үчүн минтип отурууга туура келүүдө.


Ал эми Аликбек Жекшенкулов жардамчысынын сот жообуна тартылып жатканында белгилүү бир адамдардын саясий кызыкчылыгы бар деп эсептейт:

- Бул - саясий көрсөтмө. Мунун бардыгын биз четке кагабыз. Көрөсүңөр, чындык биз тарапта.


Соттун чечимине ылайык, “Мегакомдогу” чырдуу окуяларга тиешеси бар делген Рашид Коптлеуов тергөө иштери бүткөнчө бир ай камакта отура турган болду. “Мегаком” чырын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет башында турган тармактар аралык комиссия иликтеп жатат.

XS
SM
MD
LG